Билимге дилгир улан комсомолдук иштерге аралашып, кийин партиялык кызматтарга өтөт. 1938-жылы «эл душманы» катары атылып, кийин акталган.
Моюнга илинген турмуш арабасы
Омор Жумаев Көлдүн башындагы Аксуу районуна караштуу Үч-Кайнар айылында 1905-жылы төрөлгөн. Атасы колунда жок кедей болгондуктан аксуулук Иван Малиш деген помещиктин ишин кылып, үй-бүлөсүн бакканын Омор Жумаев кийин өмүр баянында эскерген. Ал 11ге чыкканда 1916-жылдын апааты башталып, үрккөн эл менен кошо Жума да балдарын алып Кытайга барган. Ал жерде бир жылдан кийин кыргыз жеринде бийлик алмашып, келгендердин көбү кайта башташканда булар да жерине жөнөшөт. Жолдо ачкалыктан Жума каза болуп, чөжүрөгөн беш баласы менен калган аялы туулган жерине келген.
Жетишпеген турмуш өз жерине келгенден кийин деле Жуманын үй-бүлөсүн тооруп, балдарынын ишке жараганы апасына жардамдашып, кайра эле малайлык жумуш башталат. «Он жашымдан баштап бирөөлөрдүн жумушун кыла баштагам», - деп жазган Омор Жумаев ошол кыйын кезеңди эскерип. Үч жыл орус помещиктеринин колунда иштеп, азыноолак мүмкүнчүлүк пайда болгон чакта Омор Жумаев билим алуунун камына киришкен.
1921-жылы Караколдо интернат ачылып, Омор Жумаев ал жерде үч жыл билим алган. Совет бийлиги жаңыдан орун-очок алып аткан кезде билимге өзгөчө көңүл буруп, ага ышкыбоз уландарга өкмөт колунан келишинче шарт түзүп берчү. Андан да сабакты мыкты өздөштүргөндөр бир жыл бою бир класста отурбай, жөндөм-шыгына жараша класстан-класска көчүрүлө берчү. Омор Жумаев билимге шыктуу, анан да айланасында болуп жаткан саясий-маданий иштерге жандуу аралашкан зирек улан болчу. Кечирээк окуй башташынын эсесин чыгарып ошол мектептен эле комсомолдук иштерге катышып, ал жердеги уюмдун катчылыгына жетишкен. Комсомол мүчөсү, активисти катары Караколдон Ташкенге окууга жиберилген.
Анын өмүр жолундагы бурулуш этап ушинтип башталган. Ташкендеги жумушчу факультети деле жаңы бийликке кызматкерлерди даярдачу. Бирок да Көл жээгинен келген улан Ташкендин ысыгына көнө албай, окуу жайынын биринчи курсун аяктагандан кийин оорунун айынан айылына кетүүгө аргасыз болгон. Өз айылына келгенден аз өтпөй кайра эле комсомолдук ишке тартылып, Кыргызстан обком комсомолу Омор Жумаевди Калинин райондук комсомол комитетине биринчи катчы кылып жөнөткөн. Жооптуу иште ал болгону бир жыл гана иштеген. Кийинки жылы, тактап айтканда, 1929-жылдын 20-декабрынан 1930-жылдын 1-октябрына чейин Ош округдук комсомол комитетинин инструктору болуп дайындалган.
Андан соң партиялык кызматка өтүп, ВКП(б) райондук комитетинин маданий-үгүт иштерин жетектеген. Ошто иштеп жүргөн чагында ВКП(б)нын катарына өтүп, 1934-жылдан тартып партиянын Чүй райондук комитетинин биринчи катчысы болуп шайланган. Кийинки жылы партиянын Кемин райондук комитетинин биринчи катчысы, 1936-жылдын аягынан тартып партиянын Нарын райондук комитетинин биринчи катчысы болуп иштеген.
«Сталиндик атууга кеткендердин» тизмесинде Омор Жумаев 1938-жылдын 12-сентябрында атылганы белгиленген.
Сталиндин эмне кылганын көрүшсүн
1937-жылдан тартып аябай күчөгөн «кызыл кыргын» кийинки жылы азыноолак басаңдап, Экинчи дүйнөлүк согуш маалында кадыресе жайбаракат тартып, канабайрам аяктаганда кайрадан күчөп, репрессиянын жаңы толкуну башталган. «Кызыл кыргын» улуу өкүмдар Иосиф Сталин өлгөндөн кийин токтолуп, Никита Хрущевдун тушунда жеке адамга сыйынуунун кесепеттери айыпталган. Оголе көп курмандыктардан, репрессиянын бийликти жаманатты кылган кесепеттеринен чочулаган ал кездеги партиялык төбөлдөр актоо иштерин башташкан. Бирок да бул иш аягына чыкпай, Хрущев кызматтан алынгандан кийин өзүнөн-өзү басылып калган.
1991-жылы совет бийлигинин кыргыз жериндеги эң оор кылмыштарынын бири ачылып, Чоң-Таштан табылган репрессия курмандыктарынын сөөгүн кайра жерге берүү зыйнаты өткөн. Ошол жерде, 1991-жылдын 30-августунда Бишкектеги азалуу жыйында доорубуздун улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматов тарыхтын кайсы бир учурларында болуп калчу калыстыгына бир эсе ыраазы болуп, экинчи жагынан эчен жыл жүрөгүн өйүгөн өкүтүн алдыга жайып минтип сүйлөгөн экен:
«Бүгүнкү күндө кээ бирөөлөр биз менен кошо мурда көрбөгөн ошол кайгыга ортоктош болуп жатса, айрымдары болуп жаткан окуянын маанисин эч кандай түшүнө албай, абдаарыган абалда турган чыгар. Анткени бүгүнкү мезгилде арабызда Сталинге ачыктан-ачык сыйынгандар, өз ээсин сагынган кулдай аны аябай сагынгандар да бар. Эгер ушундай болсо, анда өздөрү сүйгөн жол башчысынын жүзү каралыгын, сталинизмдин кылмыштарынын дагы бир фактысын өз көздөрү менен көрүшсүн. Алар эч кандай күнөөсү жок бейкүнөө атылган адамдардын сөөктөрү жөнөтүлгөн мынабу тизилген машинелерди карап турушсун!»
Омор Жумаевдин сөөгү мына ушул 138 маркумдун катарында кайрадан жерге берилди. 33 жашында атылып кеткен кайрандын аты дагы бир ирет эскерилип, эмгеги белгиленди.
Өкүнүчкө, Омор Жумаев тууралуу архивдик документтерден тышкары маалыматты табыш кыйын. Большевиктик канды булоонго туш келип жашында атылып кеткен азаматтын артында калган жакындары, алардын тагдырлары, алар кандай күнгө туш келишкени, эмне деген азаптарды баштан кечиришкени белгисиз калууда. Репрессияга кабылган үй-бүлөнүн тарткан азабы адатта баам сыртында калып кетет. Маселен, кыргыздын туңгуч жазуучуларынын бири, белгилүү агартуучу Сатыбалды Нааматов камакка алынган күздүн жамгырлуу түнүндө чиедей кызы менен аялын шаарда турган үйүнөн кууп чыгышып, анын эшигин кулпулап, эне-кыз суукта кайда барарын билбей көчөдө калышканы ошол кездеги көнүмүш иштердин бири гана болчу.
Эстей жүрүш - кийинки муундун милдети
Советтик Кыргызстандын тарыхындагы ошол өзгөчө оор заманда ак жеринен күнөөлөнүп атылып кеткен кайрандарды эскерип туруш - кийинки муундун милдети. Репрессия курмандыктарын кыйла жылдардан бери иликтеп келаткан белгилүү тарыхчы окумуштуу Жумагул Байдилдеевдин айтымында, бул иш такай, үзгүлтүксүз жүрүп турушу керек.
«Бүгүнбү, мына өтүп кеткенден кийин, жыл жаңыргандан кийинби, келерки жылыбы – биз ар качан бул адамдардын басып өткөн жолуна кайрылышыбыз керек, - дейт ал. - Кийинки муундагы адамдардын кулагына кумдай куюшубуз керек. Анткени репрессия темасы жабык тема болуп келатат. Бул теманы иликтеш үчүн дагы канчалаган белгисиз ысымдар бар. Адамдардын жасаган эмгектери ушу убакка чейин ачылбай келатат. Ушулардын баарын бир жылдын урматына эле жасап, анан унутуп калбастан, илимпоздордун алдына милдеттерди коюп, ар дайым иштешибиз керек. Мына биз Абдырахманов, Тыныстанов, Арабаев сыяктуу он чакты, жыйырма чакты репрессия курмандыктарын билебиз. Ал эми алар менен үзөнгүлөш жүргөндөрдүн канчаларынын бейнелери ачылбай, аттары айтылбай келатат? Ушулардын ар бирин илимпозго диссертациялык тема кылып бекитип беришибиз керек. Архивдерди караганда бул өзү чиеленишкен маселе болуп калат. Биздин каныбызга сиңген бир адат менен жүр-нарыга салып эле токтотуп коюудабыз. Даярдап койсок каражат жок – катардан чыгып калат. Ошонун айынан көптөгөн иштер жасалбай жатпайбы. Биздин долбоорлорубузду мамлекет колдоого алышы керек. Биздин мамлекетибизди түптөгөн, кыргыздын тили, тарыхы, билим берүүсү үчүн өзгөчө эмгек сиңирген адамдарга мамлекет акчаны аябастан бериши керек. Биз алардын басып өткөн жолун, руханий мурасын кийинки муунга жеткиргенде гана биз дүйнөдөгү бай өлкөлөрдүн катарына, дүйнөдөгү чоң өлкөлөрдүн катарына кире алабыз. Репрессия темасын изилдегенде эл аралык байланышты күчөтүшүбүз керек экен. Алардан сонун тажрыйба үйрөнүп келет экенбиз».
Убакыт билинбей өтүп, бир кылым илгерки тарыхый окуялар деле унутта калып баратат.
Партиялык тазалоодон башталган репрессия
Ушу тапта кыргыз илимпоздору өткөн кылымдын башындагы карама-каршылыктуу процессти, «Алаш» партиясынын иш-аракетин, Орусия империясынын курамындагы түрк тилдүү аймактардын келечек жолун аныктоо аракети, жаңы бийлик тушунда улуттук өз алдынчалык аракеттери кандай жүргөнү кайрадан иликтенүүдө. Мына ушул иштин чоо-жайын айтып берүүнү өтүнүп тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курмановду кепке тарттык.
«Репрессия башталганда партия ичинде тазалоо күчөгөн, - дейт ал. - Ошол кезде бийлик партиясына киргиси келген адамдар көп болгон. Аткаминерлер, жемкорлор, шумпайлар кире баштайт. Большевиктер партиясынын бир эрежеси бар эле. Жыл сайын тазалоо жүргүзүлчү. Тазалоо боюнча комиссиялар түзүлчү. «Бул ким, кайсы уруудан, кимдин баласы» деп ошолор текшерчү. Текшерип атканда баары ачыкка чыгып калчу. Кайда иштегени, ата-теги билинип, «бай-манаптын баласы экен, партияга татыктуу эмес» деп чыгарып салышчу. Социалдык абалынан улам А. Сыдыковду төрт жолу чыгарышкан. «Колониалдык бийликте иштеген, «Алаш» партиясынын мүчөсү, Убактылуу өкмөттүн акимчилигинде иштеген, туугандары булар» дешкен. Чукиндер манаптар болушкан. «Байтиктин урпагы, атасы Өзбек манап» дешип... Комиссия текшерип туруп «бул партияга татыктуу эмес» дешчү. Анан аларга «1921-жылы Кыргыз тоолуу облусун түзүүгө аракет кылган» деп айып коюшкан. Кыргыздын каймактарын ошентип жок кылышкан да. Лениндин планында кыргыз облусу жок. Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан бар. Кыргыз, тажик, кара калпактар бул планга кирбей калган. Анан биздин саясий элита «улуттардын өз тагдырын өзү чечүү укугун пайдаланалы» деп Кремлге улам-улам кат жазып, саясий бюродогулар менен сүйлөшүп, бийликте тургандарды көндүрүп үлкөн иштерди жасап атышпайбы».
Совет бийлигинин тушунда репрессияга кабылгандардын текши баарына «буржуазиячыл улутчул», «Алаш» же Социал-туран партиясынын мүчөсү деген айыптар коюлган. Өз элинин жаркын келечеги үчүн каруусун казык кылып, социалисттик өлкө болушуна жан үрөгөндөрдү сталиндик система ушинтип жок жерден айыпка жыгып, массалык кыргындарды уюштурган. Омор Жумаевдин саясий кызмат тепкичи жаңыдан башталып жаткан чакта жок кылынышынын түпкү себеби мына ушул кыйды саясатка барып такалат.
Иш-аракетинин баарын куугун-сүргүн, зордук-зомбулукка такаган большевиктер бийлигинин келечеги бүдөмүк экени репрессия күчөп аткан жылдары эле аныкталып калган. Саясий система атайлаппы же аңдоосузданбы, иши кылып өзү олтурган бутакты өзү кыйып, өкүмзор-буйрукчул башкарууга таянып, адам укуктарын, эркиндигин катаал мамлекеттик машина алдында былчыратып тепсетип салган.