Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:39
Жогорку Кеңештин депутаттары
Жогорку Кеңештин депутаттары

Депутаттар референдумдун жол-жобосун талашты

Жогорку Кеңеш Конституциянын долбоорун жана Референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбоорун жалпы отурумда карап жатат.

Баш мыйзамдын жаңы долбоорун Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети 2-мартта талкуулап, жактырган.

Жогорку Кеңештин сайтына 9-февралда жарыяланган долбоорду бийлик быйыл апрелде референдумга койгону жатат. Бир топ саясатчылар, юристтер долбоорду процедураларды бузуу менен кабыл алуу аракети жүрүп жатканын, анда демократияга каршы жоболор бар экенин жана президенттин укуктары эбегейсиз күчөтүлгөнүн айтып, сынга алышууда.

Президент Садыр Жапаров долбоордо парламенттин негизги функциялары сакталарын, өкмөт Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындаларын, Жогорку соттун, Конституциялык соттун судьяларын шайлоо, бошотуу жана башка милдет-укуктар парламентке тиешелүү болорун билдирген.

11:39 3.3.2021

Жанарбек Акаев: "Сындаганыңар туура эмес" деп айттыңыз. Мен билем, бул жерде ашып кетсе 10 депутат каршы чыгат. Башкалары колдоп берет, референдумду да колдоп беришет.

Талантбек Мамытов: Элибиз өз пикирин референдумда билгизет деп ойлойм.

11:34 3.3.2021

Жанарбек Акаев: 2016-жылы Атамбаевдин Баш мыйзамын колдоп бергенбиз. Анда да "эл колдоп атат" дегенбиз. Азыркы президент шайлоого барса 2032-жылга чейин президент болобу же кандай?

Бактыбек Турусбеков: Беш, беш жылдан болот.

Жанарбек Акаев: Азыркы Баш мыйзам менен алты жыл болот. Эртең хандык башкаруу десе аны колдоп берсек, шахтык башкаруу десе аны колдоп берсек... Кичине намыска келип мөөнөт бүтөрдө мындан баш тарталы туугандар.

11:31 3.3.2021

Бактыбек Турусбеков: Элдин талабы менен отурабыз. Өзүңөр басып барып сунуш бербей коркута бересиңерби?

11:29 3.3.2021

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Конституциянын жаңы долбоорун жазган авторлордун аты-жөнүн ачыкка чыгарууну суранды. Ал 3-мартта парламенттин жалпы жыйынында спикерге ушундай өтүнүч менен кайрылды.

"Мыйзам долбоорун колубузга беришти. Ал жерде сексенден ашуун депутат "автор" деп жазылып турат, бирок алардын ким экени белгисиз. Компьютердеги версиясында да жок. Долбоорду талкуулаганга чейин авторлор тууралуу маалыматты бериңиздер. Алар ким экенин эл билиши керек", - деди Акаев.

Депутаттын сунушуна спикер "рахмат" деп жооп берди. Авторлор тууралуу маалымат берилеби-жокпу, айтылбай эле талкуу башталды. Долбоордун демилгечилеринин бири катары Бактыбек Турусбеков баяндама жасоодо.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG