Ишембиде Казакстандын ири шаары Алматыга конууга аракет кылып жатканда аскердик учак кыйроого учурады. Ал жерге конууга далаалат жасап жаткан чакта, анда өрт чыкты.
Бул кырсыктын айынан учактагы төрт киши каза болуп, дагы экөө оор жаракат алышты.
Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети учак өз мекемесинин Чек ара кызматына таандык экендигин билдирди.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 13-мартта аскердик учак кыйраганда курман болгондордун жакындарына көңүл айтты.
Токаев өзүнүн “Твиттердеги” барагында: "Алматы аба майданында апаатка учураган учакта каза болгон аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтам. Жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм. Менин тапшырмам боюнча, учак кырсыгынын себептерин тактоо иштери башталды. Мындай кокустук окуялар башка кайталанбашы керек", – деп жазды.
Мурдагы президент Нурсултан Назарбаев да кайгылуу окуяга байланыштуу маркумдардын жакындарына көңүл айткандыгы кабардалды.
Окуя болгон жерге Алматы шаарынын акими Бакытжан Сагинтаев да келди. Ал тиешелүү кызматтарга окуянын кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүүнү тапшырганы кабардалды.
Өлкөнүн Чукул кырдаалдар министрлиги тирүү калган эки киши ооруканага жаткырылгандыгын, алардын абалы "өтө оор" экендигин маалымдады.
Бул министрликтин билдиришинче, АН-26 учагында алты киши болгон. Учак Казакстандын борбору Нур-Султан шаарынан 13-мартта учуп чыгып, Алматыга жете берээринде жергиликтүү саат 17:20 чамасында радарлардан көрүнбөй калган.
Министрликтин маалымдашынча, учак Алматы аба майданына кулап түшкөндөн кийин өрттөнүп кетти. Алматы аба майданынын билдирүүсүнө караганда, "учак учуп-конуу тилкесинин чет жакасында кулаган".
Чукул кырдаалдар министрлигинин басма сөз өкүлү Талгат Вали (Талғат Уәли) мырзанын айтымында, өрт өчүргүчтөр кыйрап түшкөн учактагы өрттү өчүрүштү жана тез жардам унаасы аман калган эки кишини №4 шаардык клиникалык ооруканага жеткирди.
Учак кырсыгында набыт болгондор майор Габит Барлыкбаев (Ғабит Барлықбаев; 1987-жылы туулган), улук лейтенант Досжан Баймуратов (Досжан Баймұратов; 1987-жылы туулган), Мухтар Сагынбаев (Мұхтар Сағынбаев; 1995-жылы туулган) жана сержант Евгений Васильков (1986-жылы туулган) экендиги маалымдалды.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдиргенине караганда, учактын ичиндеги жаракат алган эки киши – 1987-жылы туулган Артем Аширов жана 1996-жылы туулган Бакыт Исламов (Бақыт Исламов) Алматы шаарындагы №4 клиникалык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатышат.
Ооруканадан билдиришкендей, "жандандыруу (реанимация) бөлүмүндө жаткан эки бейтаптын тең абалы оор, аларды сактап калуу үчүн дарыгерлер колдон келген бар аракетин көрүп жатышат".
Кырсыктан кийин Алматы аба майданы убактылуу жабылып, ага конууга тийиш болгон учактар башка аба майдандарына багытталды.
Кырсыкка кабылган аскердик учак Алматы шаарына жакын жайгашкан Кызылту айылына жакыныраак кыртышка кулап түшкөнү кабардалды. Ал – аба майданындагы учуп-конуучу эки башка тилкенин ортосунда жайгашкан.
Кырсык болгон жерде катар-катар өрт өчүрүүчүлөрдүн, полициянын жана тез жардам кызматынын унаалары жыйылгандыгын көрсөткөн видео тасмалар интернеттин коомдук тармактарында жарыяланды.
Азырынча бийликтер кырсыктын себеби боюнча түшүндүрмө бере элек.
Ачык булактарга карасак, “Ан-26” – бул “Антонов” учак долбоорлоо бюросу тарабынан 1960-жылдардын соңунда иштелип чыккан советтик аскердик унаа учагы болуп саналат. Бул учак – “Ан-24” учагынын өркүндөтүлгөн түрү.
Мурдагы жылдары да Казакстанда учактардын кыйроого кириптер болгон айрым окуялар катталган.
Маселен, 2019-жылы 27-декабрда Bek Air аба жолдору компаниясынын Алматыдан Нур-Султан шаарына учкан Fokker-100 учагы аба майданынын жанында кулап түшкөн. Учакта 93 жүргүнчү жана экипаждын беш мүчөсү болгон. Кырсыктан 12 киши набыт кеткен.
Ошол эле 2019-жылы 27-мартта Кызылордо облусунда Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн Актау шаарынан Чымкентке учкан “Ми-8” тик учагы кыйроого учураган. Өлкөнүн Коргоо министрлиги тик учактын ичиндеги 13 кишинин бардыгы курман болгонун билдирген.