Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:16

Президенттик администрация: Калиев менен Авазовду бошотууну депутаттар өтүнгөн


Айбек Калиев жана Салайдин Айдаров.
Айбек Калиев жана Салайдин Айдаров.

Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупцияга байланыштуу абакка кесилген "Улуттук энергохолдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев менен "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазовду абактан чыгарууну Жогорку Кеңештин депутаттары президент Садыр Жапаровдон өтүнгөн.

Бул тууралуу президенттик администрация билдирди. Маалыматка ылайык, ага чейин Айбек Калиев менен Салайдин Авазов өздөрү да президенттен ырайым сурашкан.

"Ырайым берилерден мурда президенттик администрация кылмыш ишин терең иликтеп чыкты. Натыйжада булар кылмыш ишиндеги негизги фигуранттар эмес экени аныкталды. Жогорку Кеңеш депутаттарынын өтүнүчүн, аларга берилген мүнөздөмөлөрдү, Мунапыс комиссиясынын сунушун карап, президент Садыр Жапаров Айбек Калиев менен Салайдин Авазовго ырайым берүүнү чечти",- деп жазылган билдирүүдө.

Маалыматта президент Садыр Жапаров Айбек Калиев менен Салайдин Авазовго ырайым берүүдө өзүнүн мамлекет башчысы катары конституциялык укугунан пайдаланганы белгиленген.

Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупцияга байланыштуу абакка кесилген "Улуттук энергохолдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев менен "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов жаза мөөнөтү аяктаганына байланыштуу абактан чыгарылганын бүгүн, 17-сентябрда Жазык аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) "Азаттыкка" билдирген. Алардын качан жана кайсы жактан чыкканы тууралуу маалымат айтылган жок.

Айбек Калиев 14 жылга эркинен ажыратылган. Ал Чүй облусунун Петровка айылындагы №8 түзөтүү колониясында жазасын өтөп жаткан. "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл, үч айга абакка кесилген.

2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон. Мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев баш болгон бир катар чиновниктер камалган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG