Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясынын жетекчиси, полковник Улан Аалиевдин камалышын анын жакындары "саясий буюртма" деп атап жатышат.
Аалиев менен кошо Асыл Талипова аттуу ишкер аялды кыйноого алды, "коркутту" деген шек менен дагы жети киши эки айга камалган.
Ал арада Талипованын өзүнө алданганын, ири суммада акча алдырганын айткандар 29-октябрда да Бишкекте нааразылык акциясын улантышты.
Алар президенттин кеңсеси жайгашкан имараттын алдында пикет уюштуруп, мамлекет башчысы Садыр Жапаровго үч пункттан турган кайрылуу жөнөтүштү.
Асыл Талипова деген ким жана милициянын кандай тиешеси бар?
Ири суммада акчасын алдырганын жана арызданганы үчүн жакындары мыйзамсыз камоого кабылганын айткандар тобу 29-октябрда Бишкекте нааразылык акциясына чыгышты.
Алар президенттин кеңсеси жайгашкан имараттын алдында пикет уюштуруп, мамлекет башчысы Садыр Жапаровго үч пункттан турган кайрылуу жөнөтүштү.
Өлкө башчысына талап койгондордун арасында 22-октябрда камакка алынган Октябрь райондук милициясынын башчысы, полковник Улан Аалиевдин жакындары дагы бар.
"Ал алты балалуу ишкер Асыл Талиповага кыйноо колдонгон, өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылган жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деп шек саналып жатканын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирген.
Аалиев менен кошо аталган бөлүмдүн Тергөө кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Талгат Куватбеков жана тергөөчү Айсулуу Рамазан кызы колго түшкөн. Биринчи май райондук соту кармалгандардын бөгөт чарасын карап, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына камоо тууралуу чечимин чыгарган.
Мунун алдында милиция Асыл Талипованы алдамчылыкка айыптап, камакка алган болчу.
Улан Аалиевдин бир тууганы Гүлзат Аалиева инисинин камалышын саясий буюртма деп атап жатат. Ошондой эле, бул камоону өзүнүн ишмердүүлүгү менен байланыштырууда. Ал президентке жолдогон кайрылуудагы талаптар тууралуу айтып берди:
“Биринчи пункт – полковник Аалиевди жана аны менен кошо камалган жабыркоочуларды үй камагына чыгарып берүү. Экинчиси – Аалиевге каршы көрсөтмө бердиртип жаткан тергөөчүлөрдүн ишин "жеке көзөмөлүңүзгө алыңыз" деген талап. Үчүнчүсү – Талипованын өзүн каматуу. Жакында эле блогер Гүлзат Мамытбек кармалды. Ал деле жалгыз бой эне, кичине балдарын өзү багат. Аны 110 миң доллар үчүн камашты, бул жерде 2 миллион доллар алган аялды эркиндикке чыгарып, мамлекеттик коргоого алып коюшту... Ошондой эле, полковниктин камалышы бир тууганы Гүлзат Аалиеванын ишине байланыштуу деп үй-бүлөсү боолгоп жатат. Анткени Аалиева радикал исламчыларга каршы чечкиндүү күрөшүп келген. Азыр радикал исламчылар парламентке аттанышты”.
Буга чейин Гүлзат Аалиева башында турган "Кыргыз баалуулуктарын коргоо кыймылы" айрым партиялардын тизмесиндеги диний көз караштагы талапкерлерди шайлоодон четтетүүнү талап кылып Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылган болчу.
Милиция кызматкерлеринен сырткары "Аалиев менен бирге Талиповадан акча өндүрүүгө аракет кылган" деген шек менен дагы беш киши кармалганы белгилүү болду. Сот аларды Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 тергөө изоляторуна камакка алуу чечимин 28-октябрда чыгарды.
Камалгандардын бири Темирлан Мурзалиевдин жакыны Мунара Идрисбек кызы агасы Асыл Талиповага 160 миң долларын алдырып жибергенин айтып жатат. Ушул каражатты талап кылган учурда Талипова алардын үстүнөн арыз жазганын айтууда.
"Нурбек Бектенов 240 миң, менен байкем 160 миң долларды ошол аялга берип, ал аял кайра "мени коркутуп жатат" деп булардын үстүнөн арыз жазып каматып койду. Машине берем, курулуш фирмам бар, тамдарын алып батир берем, кирпич завод берем деп алдап бүт акчасын алып койгон".
Бишкектеги нааразылык акциясына чыккандардын айтымында, Талипова батир, машина убада кылып 30га чукул кишиден жалпы суммасы 2 млн. доллардай алган.
Асыл Талипованы камоо жана камалгандардын бөгөт чарасын өзгөртүүнү талап кылгандар ушул эле күнү Акыйкатчы институтуна дагы барышты. Аларды Акыйкатчынын орун басары Альберт Колопов кабыл алды. Жакындарынын таламын талашып чыккандар туугандары абакта кыйноого кабылып жатышканын да айтышкан.
"Бизге тиешелүү болгон маселени биз сөзсүз карайбыз. Арасында сотко, тергөөгө тийиштүү болгон маселелер бар экен. Бирок биз бардыгын угуп чыктык", - деди Колопов.
Жогоруда сөз болуп жаткан Асыл Талипованы милиция буга чейин "алдамчылыкка" шектүү катары кармап, сот аны эки айга Бишкектеги №1 тергөө абагына камоо чечимин чыгарган. Талиповадан жабыркадык дегендер анын үстүнөн 30 арыз жазылганын, 28и Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын айтышууда.
Өзү "Квартал Строй" жоопкерчилиги чектелген ишкананын негиздөөчүсү катары көрсөтүлгөн. Бул тууралуу Юстиция министрлигиндеги документтер да бар. Анда аталган компания 2020-жылдын январь айында кайра каттоодон өткөнү белгиленген.
Адвокат Канат Хасанов жогоруда аты аталып, кармалгандар Талипованы коркутуп, акча талап кылганын айтып жатат. Жактоочу кармалгандар милиция менен биргеликте иш алып барган деп эсептейт.
"Тергөө амалдары жүрүп, ошол Аалиевдин кылган аракеттеринде кылмыш ишинин белгилери табылды. Ошондуктан мен анын камалышына тиешем жок. Талипованын иш-аракетинде элди алдаган деген мурдагы коюлган беренелер бар. Ал бүт баары менен жолуккан, сүйлөшкөн. Ошол жерде Талиповадан кордук көрдүк, батирден алдап кетти деп митингге чыккандардын бирөө эле келген. Камалгандардын экөө 18 арызды өздөрү жазган. 12син бир киши үч саатта Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттатат. Арыз жазган адам бир, айыпталуучу бир, бирок эпизоду көп. Бирок бирөөсүндө дагы тилкат жок. Анан бул алдамчы деп коркутат. Мен иштин жагдайларын толук айта албайм. Сот тергөө абагына камоо чечимин чыгарса дагы, милиция убактылуу камоо жайына (ИВС) кармап туруп алышкан".
Талипованын өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Хасановдун айтымында, коркутуулардан кийин ал психологдун жардамын алууда.
Учурда милицияларга байланыштуу ишти Аскер прокуратурасы тергеп жатат. Алар иштин чоо-жайын айткан жок. Талипованын иши кызыкчылыктар кагылышы болбосун үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүлүп берилген. Учурда ишти мекеменин Чүй облустук башкармалыгы карап жатат. Адвокат бул иштерде сот, прокурор жана милиция дагы мыйзам бузууга барган деп эсептейт. Ички иштер министрлиги комментарий берүүдөн баш тартты.