Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:02

Апта: Текебаев менен Чотонов абакка которулат, Лас-Вегастагы кыргындын сыры белгисиз


"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун сүрөттөрү. Биринчи Май райондук сотунун алдында. 15-август, 2017-жыл.
"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун сүрөттөрү. Биринчи Май райондук сотунун алдында. 15-август, 2017-жыл.

Узап бараткан аптанын урунттуу окуялары.

2-октябрда Бишкек шаардык соту "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевди жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновду сегиз жылдан эркинен ажыраткан Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды.

Шаардык соттун өкүмү окулганда айыпталуучулар жана алардын адвокаттары залда болушкан жок. Сот өкүмдү окуй баштаганда отургандар нааразылык иретинде чыгып кетишти.

"Ата Мекен" партиясынын мүчөсү, экс-депутат Асия Сасыкбаева ​"сот эмес, бул орусча айтканда "судилище" болду деп нааразылык билдирди. "Текебаев менен Чотоновду түрмөгө отургузуу аракети болду. Фактыларды териштирсек убактысы, жолуккан адамдар боюнча жолукту деген күнү туура келген жок" - деди экс-депутат партиялаштарына чыккан өкүм боюнча.

Мыйзам боюнча шаардык соттун өкүмү дароо күчүнө кирет. Эми соттолуучуларды жалпы абакка которуу жана Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратуу маселелери каралат. Ал эми эки саясатчынын үй-мүлкүн конфискациялоо маселеси адвокаттардын арызы менен кайра каралышы мүмкүн.

5-сентябрда Бишкек шаардык сотунда башталган процестте жалпысынан 20га чукул адам көрсөтмө берди. Алардын арасында чуулгандуу тасмага байланыштуу кайра суралган саясатчы Азимбек Бекназаров да бар.

Шаардык сотко прокурорлор райондук соттун чечимине каршы апелляциялык арыз жазышкан. Алар Текебаев менен Чотоновго жеңил жаза чектелгенин жана мунапыс негизсиз колдонулганын жүйө келтиришкен.

Текебаев фракция лидерлигин тапшырды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:56 0:00

16-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөн Чотоновду сегиз жылга эркинен ажыратуу, үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү жана жаза мөөнөтү аяктагандан кийин үч жыл мамлекеттик кызматта иштебөө тууралуу өкүм чыгарган. Эки саясатчыга орусиялык ишкер Леонид Маевскийден бир миллион доллар пара алган деген негизде кылмыш иши козголгон.

Депутат Канат Исаев камалды

2-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаевди тергөө бүткүчө камакта калтыруу чечимин чыгарды.

Депутат уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрүн колдонуу менен президенттик шайлоодон кийин башаламандык уюштурууну пландаган деп шектелип жатат.

Исаев колдоо көрсөткөн президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов чукул маалымат жыйын өткөрүп, депутат Канатбек Исаевдин камалышы боюнча билдирүү жасады.

- Канатбек Кедейканович шайлоодо мени колдоп чыгып жатканы үчүн аны камап салышты. Мен ал кишинин принципиалдуулугун билем, ал эч качан өлкөдө башаламандык уюштурууну каалабайт жана көздөгөн эмес. Анын мамлекеттик төңкөрүш тууралуу бир да сөзүн уккан эмесмин. Азыр аны каралап таратылып жаткан видеолорду мен толук көрүп чыктым, алардын биринде да мамлекеттик төңкөрүш тууралуу бир да нерсе айтылбаптыр. Экинчиден, адамдын күнөөлүү же күнөөсүз экенин сот гана аныктай алат. Элибиз абдан жакшы билет, мен эч качан Ак үйдү, бийликти басып алган эмесмин жана басып ала турган оюм да жок. Мен дайыма мыйзамдуу жолдо жүргөн адаммын.

Бабанов көз карандысыз сурамжылоолордо өзүнүн рейтинги 65% түзүп жатканын белгилеп, «жеңишке жете турган талапкер акыл-эси болсо мындай жолго барбастыгын» айтты.

Депутаттын кызы Бермет Исаева атасынын камалышын шайлоого байланыштырып, "айрым күчтөргө тоскоол болгонун түшүнүп жатабыз, атамдын эл менен бирге болушуна бут тосуп жатышат. Атамдын түндүк аймактардагы кадыр-баркы жогору" деди.

30-сентябрда Улуттук коопсуздук комитети парламенттеги "Кыргызстан" фракциясынан депутат Исаев жана кылмыштуу топко мүчө деген айрым адамдар массалык башаламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү фактысы боюнча кармалганын кабарлаган.

Депутатка Кылмыш кодексинин 27 (кылмышка даярдануу), 233 (массалык башаламандык) жана 295 (бийликти күч менен басып алуу же кармап туруу) беренелери боюнча иш козголгон.

Буга удаа эле интернеттеги Youtube каналында "Канат Исаев даярдык үчүн миллион берип жатат", "Криминалдын бийликти басып алуу боюнча сүйлөшүүлөрү (Бабанов-президент, Исаев-спикер, Төрөбаев-премьер-министр)", "Канат Исаев бийликти басып алуу үчүн криминал даярдады" деген үч видео тасма тараган. Анын биринде Исаевге окшош адам белгисиз жаранга 5 миң сомдуктардын топтомун берип жатканы көрүнөт.

Коомдук ишмерлер камактагы депутатты коргоо комитетин түзүп, укук коргоо органдарына бир нече талаптарды коюшту. Ал арада атайын кызмат Исаев менен бирге бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн бир катар адамдар депутаттын күнөөсү бар деген көрсөтмөлөрдү берип жатканын билдирди.

УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов "Исаевге коюлуп жаткан күнөөлөр тергөө учурунда алынып жаткан далилдер менен дал келип жатканын" билдирди.

- Материалдардын арасында соттор аркылуу санкцияланган видео жана аудио материалдар Исаев жана анын тарапкерлери президенттик шайлоодо "добуш берүүнүн жыйынтыгы бурмаланды" деген шылтоо менен өлкөдөгү кырдаалды дестабилдештирип, бийликке мыйзамсыз жол менен келүү максатын көздөгөн. Бул планды ишке ашыруу максатында Канатбек Исаев жана анын шериктештери ири өлчөмдөгү акча каражаты менен балдарды үгүттөп, чогултуп жаткан.

Быйыл май айында УКМК Исаевге Токмок шаарынын мэри болуп турган кезде мыйзам бузууларга барган деген негизде Кылмыш кодексинин 303-беренеси (коррупция) боюнча эки айып тагып, учурда соту уланууда. Депутат айыптарды четке кагып, кылмыш ишин козгоого эч кандай негиз жоктугун билдирген. 30-июнда Канатбек Исаевдин иши боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия ага карата кылмыш иши мыйзамсыз козголгон деген бүтүмүн жарыялаган.

Кыргыз - өзбек жолугушуусунун экинчи баскычы

5-6-октябрда президент Алмазбек Атамбаев баштаган делегация Ташкентте расмий сапарда болду. Кыргызстан менен Өзбекстандын өз ара ишенимин бекемдөөгө багытталган Ташкент декларациясы кабыл алынып, бир катар тармактар боюнча кызматташтыкты чыңдоону караган 18ге чукул документке кол коюлду.

Алардын ичинен эң эле негизги документтердин бири Ала-Букадагы Орто-Токой суу сактагычын биргеликте пайдалануу боюнча макулдашуу болду. Буга чейин Өзбекстан иштетип келген суу сактагычты башкаруу жана кайтаруу Кыргызстанга берилет.

Кыргызстандын айыл чарба чарба министри Нурбек Мурашев жаңы макулдашуунун шарттары боюнча Өзбекстан суу сактагычтагы сууну пайдаланууга кеткен чыгымдарды толук төлөй турган болгонун айтты. "Кызматкерлердин айлык акысы, ремонт иштери жана жабдууларды алмаштыруу сыяктуу ага кете турган акчаны эми мындан ары өзүнүн эсебинен төлөп турат" - деди министр.

Ошондой эле Кыргызстан өзүнүн аймагы аркылуу Өзбекстандан Кытайга түз жүк ташууга шарт түзгөн Ташкент-Анжиян-Ош-Кашкар жол каттамы боюнча меморандум кабыл алынды. Кыргызстандын транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов бул долбоор ишке ашса, Кыргызстан тразиттик коридор болорун белгиледи.

"Кыргызстандык жүк ташуучулар буга чейин Кытайдан жүк ташып алып чыгып, Ошко же Бишкекке чейин эле келсе, эми мындан ары Анжиян аркылуу Ташкентке чейин чыгууга мүмкүнчүлүк ачылып отурат" - деген министр жакында ошол жол каттам боюнча автожүрүш болорун кошумчалады.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев ​Кыргызстан менен Өзбекстан эки тараптын тең кызыкчылыгын эске алуу менен суу-энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу боюнча кызматташууну бекемдешкенин баса белгиледи.

Мындан сырткары аскердик кызматташуу, мамлекеттик чек ара райондорундагы өз ара ишенимди бекемдөө чаралары, аба кыймылдарын тейлөө боюнча жоопкерчиликти алуу жана электр энергиясынын алды-саттысы боюнча кошумча макулдашууларга кол коюлду. Ошондой эле Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун ишке ашырууда тараптардын өз ара түшүнүшүү боюнча меморандуму кабыл алынды.

Кыргыз-өзбек президенттери экинчи ирет жолукту
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:55 0:00

Коңшу эки өлкөнүн президенттери буга чейин Бээжинде, Астанада жана өткөн айда Бишкекте жолугушкан.

Лас-Вегас шаарындагы кыргын

1-октябрдын кечинде АКШнын Лас-Вегас шаарында музыка фестивалы АКШнын тарыхындагы ок атуу менен коштолгон эң чоң кыргын болуп калды. Каргашалуу кечте 59 адам каза таап, 500дөн ашык киши жаракат алды.

Кыргынды уюштурган адамдын тек-жайы аныкталганы менен ал эмне үчүн бул кадамга барганы белгисиз бойдон калууда.

Эл концерт көрүп отурган жайдан 400 метрдей аралыктагы Mandalay Bay мейманканасынын 32-кабатынан ок жаадырган адам полиция жетип баргыча өзүн атып өлтүргөн. Анын бөлмөсүнөн дагы түрдүү 17 курал табылган. Полиция шектүү адамды 64 жаштагы Стивен Паддок деп атап, анын Мескит шаарчасындагы үйүнөн кошумча 18 курал, жардыруучу заттарды да тапты.

Паддоктун маркум атасы кезинде банк каракчысы катары ФБРдин издөөсүндөгү башкы он адамдын бири болгону аныкталды.

АКШ бийлиги шектүү террордук топтор менен байланышта болбогонун билдирүүдө.

Шаршембиде АКШ президенти Дональд Трамп Лас-Вегас шаарына барды. Президент үч күн мурдагы кыргында жабыркагандар жаткырылган ооруканага жана укук коргоо кызматтарынын аракеттери координацияланган полиция башкармалыгына барды.

"Америка учурда аза күтүп жаткан мамлекет. Силердин кайгыңар чексиз экенин билебиз. Кайгыңарды бөлүшөбүз" - деди президент Трамп курман болгондордун жакындарына кайрылып.

Дональд Трамп Лас-Вегаска барган учурда.
Дональд Трамп Лас-Вегаска барган учурда.

Кандуу чабуулдан кийин АКШдагы курал-жарак соодасын чектөө демилгеси кайра көтөрүлдү. Бирок Ак үй бул маселени талкуулоо азырынча эрте деп билдирди.

Лас-Вегастагы кыргындын курмандыктарынын саны 2016-жылдын июнь айында Орландо шаарындагы кол салуудан мерт болгондордун санынан ашып кетти. "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу жоопкерчилик алган ал окуяда куралчан адам түнкү клубдагы 49 кишини атып өлтүргөн эле.

Лас-Вегастагы сырдуу кыргын, тынчыбаган Каталония
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:36 0:00
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG