Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү менен кыргыз-түрк соодасындагы өзгөрүүлөр да орун алышы мүмкүн.
3-июнда Анкарада кыргыз-түрк стратегиялык кызматташтык боюнча жогорку кеңештин үчүнчү жыйыны болот. Кыргыз тараптан анда төрагалыкты Алмазбек Атамбаев жүргүзсө, Түркия тараптан премьер-министр Режеп Тайип Эрдоган жүргүзөт. Стратегиялык кызматташтык боюнча кеңеш Кыргызстандагы апрель ыңкылабынан кийин түзүлгөн. Эки өлкөнүн кызматташуусунун негизги багыттарын аныктай турган кеңештин мурунку жыйындарында эки ортодогу сооданын көлөмүн 1 млрд. долларга жеткирүү, Кыргызстандын гидроэнергетика, туризм, транспорт жана коммуникация, жеңил өнөр жай тармактарына түрк инвестициясын салуу, гуманитардык багытта кызматташууну өнүктүрүү белгиленген. Бирок алдыга койгон максаттардын баары эле аткарылып жатат дегенге эрте. Анткени эки тараптын соодасы 1 млрд. доллар эмес жарым миллиардга жете элек. Маселен, өткөн жылы кыргыз-түрк соодасынын көлөмү 297 млн. долларга жеткен. Салыштырмалуу казак-түрк соодасы 2012-жылы 4 млрд. долларга, түрк-тажик соодасы 600 млн. долларга жеткен.
Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү менен эки ортодо соода басаңдап кетиши күтүлүүдө. Анткени Кыргызстандын бул уюмга кириши менен Кытай жана Түркиядан келген товардын агымы азаят дейт мурунку каржы министри Акылбек Жапаров:
- Бизде бажы төлөмдөрү аз болгондуктан Кытай, Түркиядан товарлар Кыргызстанга келип, анан бөлөк өлкөлөргө кетчү. Эми биздин төлөм менен орустардыкы тең болуп калат. Ошондуктан бизге алып келбей, алар түз эле деңиз порттору бар жерлерге алып барып, ошол жактан орустарга сатышат. Демек биз менен болуп жаткан соода-сатыктын көлөмү азаят.
Түркиянын Кыргызстандын гидроэнергетика тармагына инвестиция салуу ниети да ордунан жылганы байкалбайт. Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев түрк тарап сунуштарды иликтеп жатат деди:
- Түрктөр менен өтө көп багытта маселелерди талкуулап жатабыз. ТЭЦтер, гидроэлектростанцияларды... Баарын иликтеп жатышат. Анын ичинде чакан ГЭСтерди иликтешүүдө. Ошол жактан кызыкчылыктарды тапса, булар инвестиция салганга даяр.
Министр Артыкбаев энергетикалык багытта кызматташуунун жемиши катары Ак-Ордо жаңы конушунда курулган подстанцияны мисал келтирүүдө. Бирок ал Түркиянын 2012-жылы берген 100 млн. доллар насыясынын бир бөлүгүнө, 4.5 млн. долларга курулган. 100 млн. доллар насыя андан сырткары Бишкекте жол оңдоого, айыл чарба техникасын сатып алууга, ирригация, мектеп куруу жана башка багыттарга жумшалган.
Кыргызстандын Түркиядагы мурунку элчиси Мамбетжунус Абыловдун айтымында, кыргыз-түрк соодасы бирде көбөйүп, бирде азайып келатат. Эгерде Кыргызстандын Бажы кызматы коррупциясыз эсептесе, анда эки өлкөнүн соодасы азыркыдан эки эсе көп экени анык болот. Анткени Түркиядан келген товарлардын жарымы Кытайдыкындай эле аткезчилик жол менен өтөт дейт Абылов.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө Түркиянын мурункудай Кыргызстанга көңүл буруусуна шарт жок:
- Түркияда бүгүн саясий кырдаал аябай оор. Аларда ички саясий туруктуулук ойдогудай болбой, бир топ кыйналып турган учур. Ал жерде бизди карай тургандай абал эмес.
Кыргызстан менен Түркия кызматташуусу маданият, билим берүү багыттарында дурус өнүгүп жатканын Абылов белгилейт.
Саясий жетекчиликтин байланышы 2010-жылдан кийин күч алды. Андай байланыштар акыркы кезде да тыгыз болуп турат. Маселен, май айында Түркияда премьер-министр Жоомарт Оторбаев, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев болуп келсе, июнь башында президент Алмазбек Атамбаев барды. Ал эми апрелде Түркиянын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы генерал Неждет Озел Кыргызстанга келген. Эки өлкө парламенттеринин ортосунда да байланыш түзүлүп, тараптар сапар алмашып турат.