Аты өзгөрүп, заты калган база
"Манас" аба майданында америкалыктар кала турган болду. Кыргыз өкмөтү менен АКШ өкмөтү 16-17-июнда база боюнча сүйлөшүүлөр өткөрүп, "Манас" аба майданында Транзиттик борбор түзүү тууралуу келишимге 22-июнда жетишти. Келишим 25-июнда парламентте ратификацияланды. Эми анын күчүнө кириши үчүн президенттер кол коюп, тийиштүү ноталар алмашылыш гана керек. Ошентип, Антитеррордук коалициянын "Манас" аскерий базасы деген өзгөрүп, эми мындан ары Транзиттик-логисттикалык борбор деп атала турган болду.
Кыргызстан мындан эмнеге жетишти?
Биринчиден, финансылык ири салымдар пайда болду. Экинчиден, Москваны да өтө капа кылбай, ошол эле мезгилде АКШнын көңүлүн тапты. Эң негизгиси Ооганстандагы, ошону менен бирге Борбор Азиядагы, Кыргызстандагы коопсуздукту чыңдоого салымын кошууну уланта турган болду.
Белгилүү болгондой базаны чыгаруу чечими 3-февралда Москвада жарыяланган. Президент Курманбек Бакиев база үчүн акы көбөйтүлүш керектигин мурдатан айтып келген. Ооганстан боюнча АКШ менен сүйлөшүүлөр үчүн эшик ачык экенин март айынын башында Би-Би-Сиге берген интервьюсунда президент белгелеген эле:
- Ооганстандагы кырдаалды жөнгөрүү боюнча АКШ өкмөтү сунуштай турган бардык варианттарды карап көрүүгө даярбыз. Бул эми кандай форматта, кандай түрдө болоорун аныктоо үчүн сүйлөшүүлөр жүргүзүү керек.
Бирок базанын ижара акысы боюнча сүйлөшүүлөр натыйжалуу болбогондуктан кыргыз тарап аскерий базаны жабуу чечимин кабыл алды. Бул кадамдар Москванын улуу державалык көксөөлөрүнө да жагып, Кыргызстан менен Россиянын ортосунда масштабдуу келишимдерге жетишүүгө жакшы шарт түзүп берди.
Бирок андан кийин Пакистандын Сват өрөөнүндөгү окуялар, АКШ президентинин Ооганстандагы кырдаалды жөнгөрүүгө артыкчылык берүүсү жана Ооганстанда кырдаалдын начарлашы жаңы жагдайларды пайда кылды. 27-мартта Москвада Ооганстан боюнча конференция чакырылды. Анда антитеррордук коалицияга жардам берүү сунушталды. Бул өз кезегинде Россия баш болгон Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген өлкөлөрдүн өз аймагынан Ооганстанга жүк ташууга уруксат беришине кошумча түрткү болду.
Ал мезгилде Кыргызстан "Манастан" базаны чыгаруу чечими менен эл аралык коомчулуктун аракетинен четте калып жаткандай шарт түзүлдү.
Бирок Түркия президенти Абдуллах Гүлдүн май айынын соңундагы Кыргызстанга сапары "Манастагы" база боюнча сүйлөшүүлөрдү тездетти. Андан кийин ооган мамлекет башчысы Хамид Карзайдын, АКШ президенти Барак Обаманын президент Курманбек Бакиевге каты келди. Бул аракеттер "Манас" аба майданында Транзиттик-логисттикалык борбор түзүү менен жыйынтыкталды. Бул чечимди Москва кызуу кубаттабаса да, түшүнүү менен кабыл алды. Ал эми Кремлдин чыныгы мамилеси кандай болоорун Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча Кыргызстан менен Россия 3-февралда Москвада жетишкен келишимди турмушка ашыруудан айкын болот. Кыргызстан Москваны капа кылбаш үчүн базадан аскерий деген статусту алдырды. Бирок анын ички мазмунунда өзгөрүү аз экени да айкын болуп жатат.
Транзиттик борбордун иши жана ага төлөнчү акча тууралуу тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев 25-июнда парламентте буларды маалымдады:
- Келишимде экономикалык мүнөздөгү бөлүк да бар. Ага ылайык жыл сайын Кыргызстан бюджетине 60 миллион доллар төлөнөт. Буга чейин 17 миллион 400 миң доллар төлөп келишкен. Андан сырткары 36 миллион 600 миң доллар учактардын турагы үчүн аянттарды жана жүктөр үчүн кампаларды курууга берилет. 30 миллион доллар "Манас" аба майданын жаңы аэронавигациялык жабдуу менен камсыздоо үчүн берилет.
Мындан сырткары америкалыктар 21,5 миллион доллар баңгизаттарын ташууга каршы күрөшкө, дагы 10 миллион долларды терроризмге каршы күрөшкө бөлөт. Кыргызстандын экономикалык өнүктүрүү фондуна да АКШ өкмөтү 20 миллион доллар бөлө турган болду. Жалпысынан "Манастын" ижара акысы үчүн америкалыктар 178 миллион доллар төлөй турган болууда.
Жалал-Абадда куралдуу топ жок кылынды
Кыргызстанда Транзиттик борбор түзүү келишими кызуу талкууланып жаткан учурда, тагыраак айтканда, 23-июнда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда беш кишиден турган куралдуу топ жок кылынды. Ал операцияны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жоокерлери жүргүздү. Кагылышууда бир жоокер набыт болуп, дагы бирөөсү жарадар болду. УКМК жок кылынган топ Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөлөрү экенин жарыялады. Бирок алар кайсы өлкөнүн жараны экенин айта элек.
Жогорку Кеңештин депутаты Рашид Тагаев жок кылынган адамдар Өзбекстан жарандары экендиги тууралуу маалымат бар экенин билдирди. Ал ошондой бул топтун май айында Өзбекстандын Ханабад шаарына кол салууга тиешеси болуш мүмкүндүгүн да четке кагуу мүмкүн эместигин белгиледи.
Жалал-Абадда жок кылынган топтун курамындагы Хасан Сулаймановдун эгизи Хусан Сулайманов 2006-жылы Тажикстандан келип, Кыргызстандын Кадамжай районунда жок кылынганы белгилүү. Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов Хасан Сулайманов 2007-жылы Бишкекте кармалып, бирок соттор анын 40 миң долларын алып бошотуп жибергенин билдирди:
- Ошол Хусандын эгизин Хасан-Фара дегенди Улуттук коопсуздук комитетинин балдары андан кийин кармашып, Бишкекте камашкан. Бишкекте камап, ошол биздин УККнын балдары кармаган баланы биздин азамат соттор акчасын алып шарттуу кое берген. Хасан, “Фара” деген кличкасы. Ошол Хасан деген кечээ Жалал-Абадда каза тапты. Ошол 5 беш кишини баштаган Хасан деген болгон экен. Ошол Хасанды биздин азамат соттор 40 миң долларын алып туруп шарттууга кое беришкен.
Депутаттын мындай билдирүүсүнө Жогорку Соттун төрайымы Жаңыл Aлиева мындай жооп берди:
- Бул ишти Свердлов райондук сотунун Төлөев аттуу судьясы караган 2007-жылдын июнь айында. Эки жыл болду. Ал карап туруп, 350-жана 229-берене менен карап 2 жылга колония-поселение берген. Соттук заседаниеде мен ишти суратып, протоколун изилдеп келдим. Соттук заседаниеде прокурор айыпты колдобой баш тартыптыр .
Азыркы мезгилде Хасан Сулаймановдун бошотулуп кетишине байланыштуу ишти Башкы прокуратура иликтеп жатат.
Жалал-Абаддагы окуя Өзбекстан ислам кыймылы дагы эле аракетте экенин көрсөттү. Ошондуктан жалпы Ооганстандагы кырдаалды турукташтыруунун мааниси, ал иштерге Кыргызстандын активдүү катышуусу мезгил талабы экени ачыкталды окшойт.
Талапкерлер таймашта
Бул арада өтүп бараткан жумада президенттик шайлоо алындагы үгүт өнөктүгү күч алды. Негизги талапкерлер деп эсептелген Курманбек Бакиев, Алмазбек Атамбаев жана Темир Сариев региондорду кыдырууга чыкты. Темир Сариев Баткен, Ош облустарын кыдырып келип, азыркы мезгилде Көл кылаасында, Нарын облусунда үгүт ишин жүргүзүүдө. Ал эми Курманбек Бакиев Чүй облусунун чыгыш жана батыш тарабында шайлоочулар менен жолугушту.
Бириккен элдик кыймылдын талапкери Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарын кыдырды.
Үгүт өнөктүгүн жүргүзүүдө Курманбек Бакиев опсуз артыкчылыктарга ээ болууда.
Президенттик шайлоо өнөктүгүнө байкоо жүргүзүп жаткан “Менин тандоомдун мезгили” уюмунун лидерлеринин бири Динара Ошурахунова үгүт өнөктүгүндөгү теңдик тууралуу мындай пикирин ортого салды:
- Азыр биз көрүп жатабыз, Бишкек шаарында бардык жерде Курманбек Бакиевдин сүрөттөрү илинип жатат. Башка талапкерлердики көрүнбөйт. Массалык маалымат каражаттарына келе турган болсок, биздин телеканалдарда көбүнчө биздин президент жөнүндө айтып, анын 7 миң, 6 миң шайлоочулар жолугушту деп жатат. Башка талапкерлер жөнүндө дээрлик сөз жок. Аларга бирдей убакыт берилген жок. Андан сырткары жер-жерлерде административдик ресурс пайдаланылып жатат. Курманбек Бакиев талапкер эле эмес, ал президент дагы. Ошондуктан жергиликтүү бийлик элдерди уюштуруп, жолугушууларга көп калк чогултууга катуу аракет кылып жатат. Ошол эле кезде башка талапкерлер келген учурда эл чогулбай калып жатат. Эл чогулуудан коркот экен. Чынында эле азыркы үгүт учурунда талапкерлердин шарты тең болбой жатат.
Оппозициялык талапкерлердин эл менен жолугушуусуна тоскоолдуктар жасалууда. Мисалы үчүн Бириккен элдик кыймылдын талапкери Алмазбек Атамбаевдин Исфана айылындагы жолугушуусунда мына ошондой окуя катталды. Ушундай талылуу учурда оппозиция ичтен ыдыроону улантууда. “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев БЭКтин талапкери Атамбаев менен келишпей турган жактары арбын экенин жарыялады.
Ал эми Жогорку Кеңештеги социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Жусупжан Жээнбеков партиялык билетин да, партия берген депутаттык мандатты да таштап кеткенин дүйшөмбү күнү жарыя кылды. Ушундай кадамга социал-демократтардын дагы бир мүчөсү Осмон Артыкбаев ага чейин барган эле. Партия жетекчилигинде мындай кадамдар дагы болушу ыктымал деген чочулоолор да жок эмес.