Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:43

Пайдакеч талапкердин чайына барбаңыз


Айдар Касымбековдун сөз эркиндигине арналган карикатурасы. 2012-жыл.
Айдар Касымбековдун сөз эркиндигине арналган карикатурасы. 2012-жыл.

Партиянын сабына кошулуп же жеке аттанып чыккан талапкерлердин азыр эң көп оозанган сөзү – “бата”.

“Элиме кызмат кылам!”, “Жегичтерди жок кылуу үчүн күрөшөм!”, “Кыргызстанды гүлдөтөбүз!” ж.б.у.с. убадалар айтылган жолугушуулардын аягында алдын ала “сүйлөшүлгөн” же чындап эле талапкердин таза, иш билги экенине ишенген карыялар бата берет. Куттуу сөздү соодалаган дүжүрлөрдүн кесепети өз башына тийсин дейли. Бирок чын ыкластан айтылуучу батанын реалдуу таасирин кичине болсо да арттыра алабызбы?..

Ишенип-ишене албай турган чакта...

Кылмышкер (мисалы, паракорлук – эӊ чоӊ кылмыштардын бири) же “эл жегенге жардамчы” экендиги анык кишилерди шайлагандар ошолордун бузукулугуна жол ачып, кылмышына шериктеш болуп каларын ойлошу керек. Эгер талапкердин дээринен өзүмчүл, пайдакеч экенин билсеӊиз, анын чайына барбаңыз. Түз эле баш тартуудан кысынсаңыз, “кол бошобойт” же “кечирип кой, башка бирөөгө убада бердим эле” десеңиз болот.

Эгерде талапкердин жакшы же жаман экенин билбесеңиз, анда жылуу сөзүңүздү аябай, “элге ак кызмат кылууга ниетиң түз, даярдыгың жетиштүү болсо, Кудай жолуңду ачсын” деген оң (асты сызылган сөздөргө басым жасап). Бул жерде бир гана ниеттин түздүгү эмес, аны ишке ашыруу үчүн билим, эрк, кайрат, өжөр мүнөз, жалгыздап эмес, команда болуп иштөө, күрөшүү үчүн жакшы пейил болушу зарыл. Анткени буга чейин “эки айда”, “алты айда”, “бир жылда” ж.б. мөөнөттө баардык маселелерди чечип салам деген “баатырлар” да чоң-чоң убадаларын аткара алам деп ойлогон болушу мүмкүн.

Бирок кооз кыял, баёо ишеним башка да, жетик ойлонулган идея, ар кадамы ырааттуу эсептелген, уюштуруу, усул ж.б. жагынан камсыздалуучу стратегия башка. Ошол идеяларды жүзөгө ашырууга жеткидей талапкердин кесиптик камылгасы, даремети барбы? Мамлекеттик масштабдагы реформаларга чейин жергиликтүү деңгээлде, кайсы бир тармактын чегинде конкреттүү маселелерди чечип, лидерлик, жаратмандык талантын көрсөткөнбү? Бул иштердеги анын тажрыйбасы жетиштүү же аз, бар же жок экенин билүү зарыл.

Талапкердин буга чейинки баскан жолуна көз чаптыруу үчүн бай менен бийден тартынбай дайыма чындыкты айтып келген мыкты журналисттердин иликтөөлөрү бизге абдан пайдалуу болот.

Бир тонна көмүрдү албай коюу мүмкүнбү?

Сиз жумуштан келгенче эшигиңиздин алдына бир тонна көмүр төгүп же балдарыңызга миӊ сомдук азык салынган баштыкты берип кетишкен болсочу? Жеген ооз уялат... Алгыңыз келбеген нерсени кайтарып берүү мүмкүн болбой калсачы?

Мунун жарасы жеңил. Ошол миӊ сомду же бир тонна көмүрдүн наркын дароо эле же айлык/пенсия алаар замат жалпы соопчулукка (өзүңүздүн эмес, элдин атынан) жумшап ийиңиз. Ал сиздин акча эмес! Тиги “азаматтын” деле маңдай тер менен иштеп тапканы эмес болушу ыктымал. Паракордун же башка митенин берген акчасы элден тонолгон.

Түз кишини шайласаӊыз – анын келечектеги жакшы иштерине кичине болсо да салым кошконуӊуз, жол ачканыӊыз. Тескерисинче, бузукту тандасаӊыз – ошол кылмышкердин кылмышына, уурунун каракчылыгына, чыккынчынын наалаты кадамына шерик болгонуӊуз!

Коррупциячы менен кол алыша көрүшүп, бергенин алсаӊыз, бүлдүргүч “ишин” уланта беришине, мамлекеттик деӊгээлде талоончулук кылышына, бюджетти уурдашына, төгүп-чачышына макул экениӊизди билдирген болосуз.

Эгер шайлоо алдында элди эстей калган “элдин уулу” сиз жашаган көчөгө шагыл төктүрүп, чырак орноттуруп, суу жеткирип берген болсо, рахмат деп коё бериӊиз. Балким, ал чын эле ишкердиктен топтогон каражатынын бир бөлүгүн жумшагандыр? Бирок баары бир депутаттын милдети – бир жолку “соопчулук” эмес экенин эске алыӊыз да, добушуӊузду ушундайча деле сатпаӊыз!

Депутаттын түздөн-түз милдети – ошол эле социалдык, экономикалык, укуктук ж.б. маселелерди убагында чечүүгө милдеттүү болгон мамлекеттик, муниципалдык жана жергиликтүү бийликтин таза иштешине өбөлгө түзүү. Эгер эл өкүлдөрү мыйзамдардын так аткарылышына көзөмөл жүргүзүп, сот бийлигинин адилет, калыс иштешине, аткаруу бийлигинин жоопкерчилигин бекемдөөгө реалдуу салым кошсо, анда берки маселелердин баары өз нугу менен, өз убагында, ордунда чечиле берет. Бир ууч мителер кутурбай, монополисттер тыйылып, таза атаандаштыкка жол ачылат, жумуш орундар көбөйөт, калктын кирешеси көбөйөт. Мугалимдер менен догдурлардын айлыгы азыркыдай жарым-жартылай эмес, толук төлөнөт, пенсиянын өлчөмү бир нече эсе өсөт.

Эгер ар бир жаран өзүнүн укуктары менен милдеттерин жакшы түшүнсө, өзүнө да, бийликтегилерге да бирдей бекем талап коё билсе, коом тазарат. Бажыдан миллиондорду жалмаган, мамлекетке чыккынчылык кылган, өлкөнүн кызыкчылыгына өзүнүн наадандыгы, жоопкерсиздиги менен чоӊ зыян келтирген “баатырлар”, “биздин кулундар” ж.б. болбойт. Аларды ар-намысы жок, мүлжүнгөн сөөк үчүн үрүп берчү иттерге окшош люмпендер гана жактап калат.

Кош миздүү сөз

Ар кандай жол менен (элдин ишенимине ээ болуп же байлыгына/бийлигине таянып) шайланып калуу мүмкүнчүлүгү чоӊураак талапкерлер менен жолугушууга карыяларды ой-боюна койбой алып барган “уюштуруучулар” болот. “Кой, айланайын, үйүмдө эле ичкен чайыма топук кылайын. Кооз сөздөр, куру чакырык, дүӊкүлдөк музыка, каӊкылдак микрофон ж.б. менен башымды оорутпа!” – дешке ар ким эле батынбайт. Барбай койгондо деле эшик алдына келип калса, эки ооз сөз айтууга туура келет. Сөз куну оӊой эместигин унутпай, устаранын мизине салгандай кылдат сүйлөө керек.

“Элге кызмат кылам, ишенимди актайм деген ниетиң анык болсо, ак жолуӊ ачылсын, балам (иним)! Кыргыздын эӊ кыска, бирок эӊ маанилүү накыл кеби дал ушул тагдыр чечер учурга туура келет, ошону көӊүлүӊө түйүп ал, кызым (карындашым)! Кимге, кайсы жагдайда айтылганына жараша макал, бата же каргыш маанисине ээ болор кеп ушул: “ПЕЙИЛИҢДЕН КӨР!”

Бул эң кыска, бирок эң нуска сөздү чечмелеп, том-том китеп жазууга болот. Эр менен элдин мүдөөсүн ажырагыс бириктирген эзелки кыргыздын деңиздей тереӊ акылы, тоодой бийик намысы, дайрадай таза пейили ушул эки сөзгө сыйдырылган. Эртеӊибиз кең болсун десек, пейилибизди бузбайлы! Утурумдук уу-дууга азгырылбайлы!

Жолдош Турдубаев

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

XS
SM
MD
LG