Сариев: Конституциялык жол менен кетиш үчүн шайлоо өз мөөнөтүндө өтүшү керек
Кыргызстанда конституциялык жол менен кетиш үчүн парламенттик жана президенттик шайлоо өз мөөнөтүндө өтүшү керек. Бул тууралуу мурдагы премьер-министр Темир Сариев «Азаттыкка» берген комментарийинде билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү шартта мыйзамга ылайык 20-декабрга чейин парламенттик, 15-январга чейин президенттик шайлоо өтүшү керек.
«Бирок «эки шайлоону бир күндө өткөрсөк болот» деп да айтып жатышат. Эгерде бул шайлоону өткөрбөсөк, конституциялык нуктан чыгып кетебиз. Бирок 2010-жылы өзгөчө шарт болуп калганда Убактылуу Өкмөт өзүнө бардык жоопкерчиликти алып, конституциялык реформа жүргүзүп, анын негизинде парламенттик шайлоо өткөргөн. Анда Конституциянын айрым пункттарын токтотуш керек. Бирок ал учурда өзгөчө шарт болгон үчүн эл аралык коомчулук, коңшу мамлекеттер аны кабыл алышкан. Бул жолу андай болбой калышы мүмкүн. Ошон үчүн саясатчылар акыркы абалды карап, конституциялык жол менен кетүүгө чакырышыбыз керек», - деди Сариев.
Темир Сариев президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кеткени жөнүндө видео кайрылуу кылып же арызын көрсөтсө ынанымдуу болмок деген пикирин кошумчалады.
Осмоналиев: Садыр Жапаров өзү да кырдаалдын барымтасында калгандай туюлуп жатат
Мындай пикирин Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты Каныбек Осмоналиев 15-октябрда «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» программасында билдирди. Ал кечээ президенттин жарлыгы менен өкмөт башчылыкка бекитилген Садыр Жапаровдун тарапкерлери бүгүн президентти кетирип, эми парламенттин кетишин талап кылып жатышканына түшүнбөгөнүн билдирди:
«Менде ушундай ой пайда болду: Садыр мырза өзү да кырдаалдын барымтасында калып жатат. Балким ал жерде түрдүү адамдар болуп жатканы да таасир этиши мүмкүн. «Кетсин» деп тургандардын көпчүлүгү жаштар, талаптары улам өзгөрүлүп жатат».
Каныбек Осмоналиев быйыл жазында Садыр Жапаровду абактан чыгарууну талап кылган митингден кийинки башаламандыкта кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган эле. Ага Жазык кодексинин 309-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү») боюнча айып коюлуп, сотко чейинки териштирүү башталган. Кийинчерээк саламаттыгына байланыштуу үй камагына чыгарылган.
Турсунбек Акун: Жээнбеков менен Жапаровдун сүйлөшүүсүндөгү сөздөр жашыруун болбошу керек
Мурдагы акыйкатчы жана укук коргоочу Турсунбек Акун президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетүү тууралуу чечими жөнүндө өз пикирин «Азаттыкка» билдирип, бул күтүлгөн нерсе болгонун айтты. Акун ошентсе да процесстин арты жашыруун болуп жатканына кабатырланды:
«Президент 5-октябрдан кийин эле жалпы журтка кайрылып, кызматтан кетерин билдирген. Ал эки айдан кийинби, же беш күндөн кийинби, кыскасы ушундай позициясын айткан. Ошондуктан анын кызматтан кетиши күтүлгөн нерсе эле. Бирок башка жагдай - «Өзгөчө абал жөнүндө» мыйзамга ылайык, өзгөчө абал учурунда президенттин ыйгарым укуктары башка адамга берилбейт. Ошондуктан мамлекет башчы 19-октябрдан кийин кетиш керек эле. Дагы бир маселе - мамлекет башчы кызматтан кетип жаткан себебин парламенттин, коомчулуктун алдында ачык айтышы керек. Премьер-министр Садыр Жапаров менен болгон сүйлөшүүдө кандай сөздөр болду? Ошолор айкын болушу зарыл. Президенттин кызматтан кетишине мен каршы эмесмин, бирок анын артындагы кептер жашыруун болбошу керек. Коркутуу болду деп айта албайм, бирок ачык болбосо адамдарды ар кайсы ойлорго түртөт».
4-октябрдагы парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып башталган митингдер башаламандыкка айланып, 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын УКМКнын имараттарын ээлеп алышкан. Натыйжада жаза мөөнөтүн өтөп жаткан бир топ саясатчыларды, анын ичинде Садыр Жапаровду жактоочулары камактан чыгарып алышкан.
Cалянова: Конституциялык реформа жөнүндө азыр сөз да болбошу керек
Кыргызстанда кырдаалды жөнгө салыш үчүн тез арада таза шайлоо өткөрүү зарыл. Эч кандай конституциялык реформа жөнүндө азыр сөз да болбошу керек. Бул тууралуу мурдагы башкы прокурор Аида Салянова «Азаттыкка» комментарий берип жатып билдирди. Анын айтымында, президент кеткен учурда 28-октябрдан кийин анын ыйгарым укуктары премьер-министрге өтүшү мүмкүн.
«Ошондо сот бийлигин эсепке албаганда өлкөдө бир эле бийлик калат. Президенттин да, премьер-министрдин да ыйгарым укуктары бир адамга өтөт. Парламент ишин токтотот. Демократиянын кепилдиги болгон бийлик бутактарынын тен салмактуулугу түп-тамыры менен жок болот. Баланстын жоктугу узурпацияга алып келиши толук мүмкүн. Эки бийликке ээ болуп калуу - бул олчойгон бийлик эле эмес, эбегейсиз жоопкерчилик! Жарандык коомдун катуу көзөмөлү гана эки баштуу бийликке колдоо боло алат».
Саясатчы мындай кырдаалда референдум жөнүндө сөз кылуу мүмкүн эмес деген пикирде.
«Референдумду парламент гана жарыялай алат. Бирок жарыялаш үчүн парламенттин колунда элдин элегинен өтүп келген долбоор болушу керек. Андай долбоор жок. Парламенттин колунан келе турган өзгөрүү - бул шайлоо босогосун үч пайызга түшүрүп, күрөөнү кескин азайтып, №2 форманы чектөө. Конституциялык реформадан да бүгүн ушул маанилүү», - деди Аида Салянова.