Депутат Сулайманов: 5-октябрдагы митингдин талабы толук аткарыла элек
Парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгы жокко чыгарылышына жана өлкөдөгү соңку саясий өзгөрүүлөргө негиз болуп берген 5-октябрдагы митингдин талаптары толук аткарыла элек. Бул тууралуу 16-октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында сүйлөп жатып депутат, "Бир бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов билдирди.
Ал шайлоо мыйзамдары өзгөрсө бул жараянды калыс жана таза өткөрүүгө шарт түзүлөрүн белгилеп, парламент маселени кароого кирише электигин белгиледи:
“Жаштар «5-октябрда эмне үчүн чоң толкундоо болду? Бир гана шайлоо адилетсиз өткөнү үчүн баарыбыз аянтка чыктык. Шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды. Ошондон бери парламент үч жолу чогулуп премьер-министрди, эки жолу спикерди шайладыңар, шайлоого себеп болгон негизги кемчиликти ондоонун ордуна силер бири-бириңер менен урушуп-жакалашып, элдин жана жаштардын кызыкчылыгын четке кагып жатасыңар» деп айтып жатышат. Бул менин жеке кызыкчылыгым эмес, жаштардын кемчиликти оңдоо үчүн өзгөртүү киргизүү талабы. Мурда ушуну көтөргөнүбүздө болбой койгонсуздар. Жетиге (пайыздык босого - ред.) араң түшүргөнбүз. Форма-2 боюнча жакалашканга чейин барганбыз. Жыйынтыгы эмне болду? Ушуну менен эми жаңы шайлоого бармак белек? Оңдоп берели.»
Сулайманов буга чейин да шайлоо босогосун жети пайыздан үч пайызга, беш миллион сомдук күрөөнү бир миллионго түшүрүү, №2 форманы жок кылуу сунуштарын айткан.
Бул демилгесине байланыштуу 14-октябрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана парламенттин регламенти боюнча комитетинин төрагасы Канат Керезбеков менен чырдаша кеткен. Керезбеков журналисттерге №2 форма боюнча маселе мурда комитетте каралганын, бирок жалпы жыйында колдоо таппай койгонун билдирген.
Жапаров: Азырынча конституциялык реформа өткөрө албайбыз
Кыргызстанда конституциялык реформаны парламенттик кайра шайлоо өткөндөн кийин гана уюштурса болот. Бул тууралуу 16-октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында сүйлөп жатып президенттин милдетин аткара баштаган премьер-министр Садыр Жапаров айтты.
Жапаров ошондой эле президенттик шайлоону өткөрүү мөөнөтү, парламенттик шайлоо уюштуруу эрежелери боюнча да пикирин билдирди:
“Президенттик шайлоонун күнүн аркы жумада белгилейбиз. 10-январдан ары өтпөшү керек экен, анткени 90 күн ичинде болушу шарт. Парламенттик шайлоо боюнча: бир мандаттуу дегенди азырынча мен туура эмес көрдүм. Анткени мыйзам боюнча партиялык система менен өтүшү керек экен. Эгерде антип өткөрбөй, конституциялык реформага барабыз десек, анда мыйзам чегинен четтеп кетчүдөй экенбиз. Үч пайызга түшүрөлү деген сунуш болуп жатат, аны өзүңүздөр чечиңиздер, бирок үч пайыз өтө эле ылдый болуп калат, беш пайызга түшүрсө болот го. Беш миллиондук күрөөнү бир миллионго түшүрсөңүздөр. 120 деген санды 70 же 90го түшүрүп, ушул парламенттик шайлоо менен келип, андан кийин гана конституциялык реформага барсак туура болот экен”.
Азыркы мыйзамдар боюнча парламентке депутаттар партиялык тизме менен шайланат. Жогорку Кеңешке өтүү үчүн партия беш миллион сомдук күрөө коюп, жалпы добуштардын жети пайызынан көбүн алышы шарт.
4-октябрдагы парламенттик шайлоого 16 партия катышып, алардын төртөө өткөн. Кийин нааразылык акцияларынан соң бул шайлоонун баштапкы жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясы жокко чыгарган.
Жапаров: Шайлоо босогосун төмөндөтүп, депутаттардын санын азайтуу керек
Жогорку Кеңештин 16-октябрдагы кезексиз жыйынында Кыргызстанда парламенттик шайлоодогу пайыздык босого, күрөө тууралуу маселе бир нече жолу көтөрүлдү. Жыйынга катышып жаткан өкмөт башчы жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров азыркы жети пайыздык чекке каршы экенин айтты:
“Үч пайыз өтө эле ылдый болуп калат го, беш пайызга түшүрсөк болот. Беш миллиондук күрөөнү бир миллионго түшүрсөңөр деген сунушум бар. 120 деген санды 70-90го түшүрүп, андан кийин конституциялык реформага барсак туура болот”.
Депутат Өмүрбек Текебаев да шайлоо босогосу боюнча эрежени өзгөртүү керектигин айтты:
"Биринчи кезекте шайлоо босогосун жетиден үч процентке түшүрүп, шайлоо күрөөсүн азайтыш керек. Бул жаш, жаңы, карапайым саясий күчтөрдүн парламентке келишине жол ачат".
Депутат Төрөбай Зулпукаров да парламентке өтүү үчүн азыркы пайыздык босогону өзгөртүш керек деп эсептерин айтты:
“Мен 11 пайызга көтөрүш керек деп келген элем. Оюмдан кайттым. Себеби элдин талабы ушундай экен. Аны үч пайызга түшүргөн туура эле болот. Мыйзамга өзгөртүү киргизишибиз керек”.
Ошону менен катар Зулпукаров бир эле адам Жогорку Кеңешке эки жолудан ашык депутат боло албайт деген норманы киргизүү керек деген оюн билдирди.
Депутат Алтынбек Сулайманов да буга чейин айтылган сунушун талкуулоого чакырды. Ал 14-октябрда шайлоо босогосун жети пайыздан үч пайызга, беш миллион сомдук күрөөнү бир миллионго түшүрүү, №2 форманы жок кылуу керектигин айткан болчу.
Дагы бир депутат Махабат Мавлянова сөзүндө пайыздык босогону эки же үч кылууну эмес, партиялык система аркылуу шайлануу ыкмасын кайра карап чыгуу актуалдуу экенин белгиледи.
Азыркы мыйзам боюнча Кыргызстанда парламентке өтүү үчүн шайлоого катышкан партиялар жалпы добуштардын жети пайызынан көбүн алышы зарыл. 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодо мындай чектен 16 партиянын төртөө гана өтө алган. Эртеси күнү Бишкекте башталган нааразылык акциясы өлкөнү саясий кризиске алып келген.
Шайлдабекова: кайра шайлоо 20-декабрга белгилениши мүмкүн
Кыргызстанда Жогорку Кеңешке кайра шайлоо 20-декабрга белгилениши ыктымал. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 16-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президенттин отставкасы боюнча маселе каралган учурда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
"Парламенттик кайра шайлоону БШК дайындайт. Ал дайындалган күндөн тартып эки ай ичинде өтүшү керек", - деген Шайлдабекова Боршайкомдо кайра шайлоо 20-декабрга дайындоо тууралуу план бар экенин кошумчалады.
БШКнын төрайымы журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып конституциялык мыйзам боюнча учурда президенттин милдетин аткара баштаган премьер-министр Садыр Жапаров мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого катыша албай турганын айтты.
"Мөөнөтүнөн мурда боло турган президенттик шайлоону Жогорку Кеңеш дайындайт. Кеңешме жүргүзүлөт. Мыйзамдарда чектөө жок. Бирок ал кеңешме аркылуу чечилиши керек. Мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоо үч ай аралыгында өтүүгө тийиш. Эки субъект дайындайт, ошолор кеңешип чечет", - деди Шайлдабекова.
4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрда башталган нааразылык митинги башаламандыкка айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган.
Мыйзамга ылайык, кайра шайлоо өткөнгө чейин азыркы парламент легитимдүү бойдон кала берет.