Депутат Каныбек Иманалиев: - Президенттик башкаруу, 55 депутатты калтыруу - бул оюңуздан кайтыңыз. Конституциялык реформага баруу азырынча эрте, депутаттар менен кеңешиңиз.
Садыр Жапаров: - Шайлоо боюнча коом, баардык тараптар менен кеңешип чечели. Бүгүнкү мыйзамдар менен кайра шайлоо өткөрөлү деп жатышат, 4-октябрдагы шайлоону жокко чыгарбай, талаш жараткан үч партияны четтеткиле деп жатышат. Азырынча так пикир айта албайм, кеңешели, ар бир нерсе чечим мыйзам чегинде болушу керек. Кепилдик берем, таза шайлоо өткөрөм. Добушун саткан да, сатылгандар да жазаланышы керек.
Садыр Жапаров: - Чек ара боюнча күн сайын кабар алып атам. Бирок бул маселени президент чечет, мен эмес. Колубуздан келишинче аракет кылабыз.
Садыр Жапаров: - Ар бир министрликке жаш, иштеп кете турган адамдарды издегиле дедим, ошолорду дайындадык. Азырынча саясий абал оор болуп турат, бирок 1-2 айдын ичинде министрлерден баштап баарын карап чыгабыз. Таза, жаш, мамлекет үчүн иштейм деген жаштарды тартабыз.