Канат Исаев: Садыр Жапаров боюнча мен пикиримди айткам. Аны шайлаганда кворум болгон жок дегем. Ал оюм өзгөргөн жок.
- Садыр Жапаров президенттик башкарууга өтөбүз деп жатат? Буга кандай карайсыз?
- Жеке оюм, парламенттик башкаруудан баш тартпашыбыз керек. Бүгүн президент кетип калса, анын милдетин ким аткарат. Төрага аткарабы же легитимдүүлүгү талаш жаратып жаткан ошол өкмөт башчы аткарабы?
Жогорку Кеңештин жаңы шайланган төрагасы Канатбек Исаев президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетишин колдобойт. Бул тууралуу Исаев парламенттин кезексиз жыйынында билдирди. Анын айтымында, учурда өкмөт башчынын шайланышы боюнча мыйзамдык маселелер жаралууда.
“Ушундай учурда президент кетсе Жогорку Кеңештин төрагасы анын милдетин кантип аткарат? Биздин мөөнөтүбүз бүтүп бара жатат. Ошол себептен биз консенсуска барып президенттен суранышыбыз керек. Туруктуулук, мыйзамдуу нукка кайтуу өкмөттү түзүү гана эмес, бул - шайлоону өткөрүү, мыйзамдарды толук кандуу иштетүү, укук коргоо органдарын калыбына келтирүү. Ошондуктан, стабилдүүлүк орногон соң балким президент бул маселеге кайтып келээр”, - деди Исаев.
Айнура Осмонова: Башаламандыкка жол бергендер жазалансын.