Депутат Садык Шер-Нияз Канат Исаевге "жеке амбиция эмес, мамлекеттин кызыкчылыгын жогору коеруңузга ишенем" деп айтты.
Депутат Иманалиев: Азыркы кырдаалда криминал гана утушка ээ болууда
Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодогу мыйзамсыздыктан криминалдык күчтүн лидерлери гана утту деп эсептейт. Мындай пикирин ал 13-октябрда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Депутаттын пикиринде, 500 миңдей шайлоочу №2 форма менен добуш бергени партиялар алардын добушун сатып алган дегенди түшүндүрөт.
«Чоң чырдын башы №2 форма болду. Шайлоо мыйзамына чукул өзгөртүү киргизишибиз керек. Бүгүнкү катастрофа кайталанбашы зарыл. Бүт дүйнөгө уят болдук. Эч ким уткан жок, мында. Президент да, оппозиция да, парламент да, өкмөт да, партия да. Уткан ким болду? Криминалдык күчтүн лидерлери утту. Ошолор ар кайсы жерде таасир көрсөтүп, мыйзамсыз иштерге барып...»
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жарым миллионго чукул шайлоочу №2 форма менен добуш бергенин расмий жарыялаган.
Кезектеги парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстан саясий кризисте турат. Шайлоодо бийликчил партиялар добуштардын көпчүлүгүнө ээ болгону коомчулук жана башка партиялар арасында күмөн жараткандыктан, 5-октябрда нааразылык митинги башталып, ал бийликтин легитимдүүлүгүнө күмөн жараткан жагдайды түзгөн окуялар менен уланды.
Кийин БШК бул шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.
Түз эфир
Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттү бекитүү жөнүндө токтомду парламентке кайтарды
Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттү түзүмү менен курамын аныктоо, программасын бекитүү жөнүндө Жогорку Кеңештин токтомун артка кайтарды.
Президенттик аппараттын маалыматына караганда, Жогорку Кеңештин токтомунун көчүрмөсү аппаратка 12-октябрда келип түшкөн.
Конституциянын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, президент Жогорку Кеңештин токтомун үч күндүн ичинде карап, премьер-министрди жана өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө жарлык чыгарат. Эгерде мамлекет башчы бул мөөнөттө премьер-министрди жана өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө жарлык чыгарбаса, токтом күчүнө кирип, алар дайындалган болуп эсептелет.
Бул жобо «Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 25-беренесинин 5-бөлүгүндө да каралган.
Президенттик аппараттын маалыматында:
«Жогорку Кеңештин 12-октбярда келип түшкөн токтому коомчулукта кеңири талкууланып, кабыл алынган чечимдердин легитимдүүлүгү шек жаратууда. Конституциянын 77-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Жогорку Кеңештин жыйыны ага Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү катышкан шартта мыйзамдуу болот.
«Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө» мыйзамдын 82-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын отурумдары кворум болсо, анда жыйын мыйзамдуу деп табылып, ал эми кабыл алынган чечимдер мыйзамдуу күчкө ээ болот. Ушундан улам, кворумдун болушу 61 депутаттын физикалык түрдө катышуусун билдирет. Ишеним каттардын болушу добуш берүү укугун берет, бирок кворумду түзбөйт. Берилген маалыматтарга ылайык, Жогорку Кеңештин 10-октябрындагы кезексиз жыйынында 51 депутаттын катышканы жана андан тышкары башка депутаттардан 10 ишеним кат бар экендиги расмий жарыяланган.
Ушундан улам кворум камсыз кылынган жок, кворумсуз кабыл алынган чечимдер мыйзамсыз жана юридикалык күчкө ээ эмес деп эсептелет», деп жазылган.
Президенттик аппарат дал ушул себептен улам мамлекет башчысы Жогорку Кеңештин 10-октябрдагы жыйынында кабыл алынган чечимдердин негизинде бекитилген токтомду артка кайтарганын белгилөөдө.