Материалда Ташкенттин четинде 20 миң орундуу карантиндик борбор жана 10 миң орундуу атайын оорукананы түзүүгө байланыштуу келишимдер иликтенген.
Журналисттердин колуна тийген документтерге ылайык, алгач долбоорлордун жалпы наркы 100 миллион доллардын тегерегинде болору пландалган.
Иликтөөдө Өзбекстанда тамыр жайып бараткан коррупция, тендерсиз эле утулуп алынган келишимдер, баалардын жасалма кымбатташы, ачык-айкындуулук мыйзамдарынын бузулушу жана инсайдерлик соода тууралуу сөз болот.
Жергиликтүү жана чет өлкөлүк байкоочулар, Ташкентте жана анын тегерегиндеги аймактарда кыймылсыз мүлккө суроо-талап өсүп жатканын, ага байланыштуу жемкорлуктун жаңы түрлөрү күч алганын байкаган.
Мирзиёев былтыр мамлекеттик бюджеттен коронавируска каршы күрөшүү үчүн 1 миллиард доллар бөлүнгөнүн айткан. Бирок ушул айдын башында сүйлөгөн сөзүндө, күрөшкө жалпы жонунан 8 миллиард доллар сарпталганын, анын дээрлик көпчүлүгү мамлекеттин эсебинен каржыланганын айтты.
"Бул элге бөлүнгөн акча, ар бир сумга талап катуу болот. Бардык кыйынчылыктарга карабастан, биз акчаны таап жатабыз. Эгерде пандемия болбосо, мүмкүнчүлүгүбүз дагы чоң болмок. Коронавируска каршы күрөшүүгө 80 триллион сум каражат сарптадык. Бирок мен каражатты аяган жокмун, мүмкүн болушунча элибизди сактап калдык", - деген Мирзиёев.
Ал эми иликтөөдө айтылган медциналык мекемелердин экөө тең учурда иштеп жатат. Бирок келишимде көрсөтүлгөн 10 миң керебетке ылайыкташтырылган борбордо азыр 4128 гана орун бар.
"Озодлик" радиосу тапкан расмий документтерге ылайык, жоопкерчилиги чектелген үч компания 2020-жылдын март айында чыккан токтомго ылайык объектилерди көзөмөлдөө жана куруу боюнча келишим түзгөн.
Бул келишимдин негизги "олжолуу" аткаминери Ташкендин мэри Жахонгир Артыхожаев болгон. Анткени анын жеке кеңсеси тарабынан көзөмөлдөнгөн ишкана, өзбек өкмөтүнүн медициналык мекемелердин курулушу боюнча буйругу чыккандын эртеси 10 миң орундуу оорукананын курулушуна эки бирдей келишим түзгөн.
Бул эки компания Мирзиёевдин чөйрөсүнө жакын белгилүү ишкерлер Ачылбай Раматов жана Бахтиёр Фазыловго тийиштүү.
Ошонодй эле бул эки ишкердин компаниялары быйыл Зангиата шаарындагы 130 гектар жерде жайгашкан завод курат.
Раматов менен Фазыловдун компанияларынын өкүлдөрү "Озодликке" комментарий берүүдөн баш тартышкан.
Муну менен катар эки бизнесменди өзбек бийлигинин дагы бир жашыруун долбоору, Мирзиёев үчүн курулган Шоввозсой эс алуу жайынын курулушу менен байланыштырышат.
Ошол эле учурда, Юкарычирчик шаарындагы 20 миң орундуу оорукананы Ташкендин мэри Жахонгир Артыхожаевдин кол астындагы ишкана курууда.
"Озодликтин" иликтөөсүндөгү документтерде көрүнүп тургандай, пандемияда курулган объекттердин дээрлик бардыгын Артыхожаевге тийиштүү делген компаниялар жүргүзгөн.
Бирок Ташкент шаарынын мэриясы бул иликтөө боюнча комментарий берген эмес.
Ал ортодо Өзбестандын Курулуш министрлиги бир дагы долбоорго катышпасын жана алар жөнүндө эч нерсе билбей тургандыгын билдирген.
Өлкөнүн Башкы прокуратурасы COVID-19га каршы күрөштө мамлекеттик каражаттардын максатсыз пайдаланылышын териштирип жатканын ачык жарыялады. Бүгүнкү күнгө чейин прокуратура тарабынан текшерилген кыңыр иштер айрым аймактардагы төмөнкү звенодогу аткаминерлерге гана багытталган.
Ал эми Джон Хопкинс университетине берилген расмий маалыматтарга ылайык, Өзбекстанда коронавирустан 731 киши каза болгон, 110 миңге жакын киши вирус жугузуп алган.
"Озодликке" жарыяланган иликтөөнү толук бул жерден окуй аласыз.