Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:00

ОшТУ: Ректорлук кызмат үчүн ат салышуу


Академик М.Адышев атындагы Ош технологиялык университети. 2012-жылдын 14-февралы.
Академик М.Адышев атындагы Ош технологиялык университети. 2012-жылдын 14-февралы.

18-декабрь күнү Ош шаарындагы Ош технологиялык университетинин 16-ректору шайланмакчы. Бул окуя жалпы эле ректорлорду шайлоо мыйзамынын оош-кыйыш жактарын айгинеледи.

Ош технологиялык университетинде 18-декабрь күнү жаңы ректорду шайлоо өтөөрү күтүлүүдө. Ректорлукка жети талапкер ат салышып жатат, анын ичинде буга чейин катарынан эки ирет ректор болгон профессор Абдыкадыр Абидов да бар.

Ага атаандаш чыккан башка талапкерлер менен айрым факультет декандары учурдагы ректордун кайра шайлоого барышына каршы пикирин айтып чыгышты.

Ректорлук кызмат ордун сактап калуу аракети

ОшТУнун ректору Абдыкадыр Абидовдун кайра шайлоого барышына каршы болгон тарап эки ирет ректор болгон киши, Жогорку окуу жайларынын жетекчисин шайлоо тууралуу мыйзамдагы атайын жобого ылайык, үчүнчү ирет шайлоого катыша албайт деп жатышат.

Ушул эле окуу жайдын энергетика кафедрасынын башчысы Нуркул Мурзакулов ректор Абидовдун буга чейинки иштерине да ичи чыкпаган факультет декандары укук коргоо органдарына кайрылышканын айтты.

"Университеттин керегесин декандар түзөт. Башкача айтканда, окуу жайдын сөөктөрү - бул декандар десек болот. Алар баары биригип ректордун ишине ичи чыкпай, УКМК жетекчиси Ташиевге, Жапыкеевге жана министрликке арыз жазып жатканы, демек, ректор жакшы иштебей жатканынан кабар берет".

Ал эми ОшТУнун учурдагы ректору Абдыкадыр Абидов айтылган дооматтарга макул эмес. Ал өзү жетектеп турган окуу жайда соңку жылдары бир топ жетишкендиктер бар экенин баса айтып келет.

Абдыкадыр Абидовдун билдиришинче, эки ирет ректорлук кызмат мөөнөтүнүн биринчисинде ал президенттин жарлыгы менен дайындалып, экинчисинде гана шайлоо менен келген.

"Ректор тууралуу жободо эки жолу шайланып дайындалат деп турат. Мен биринчисинде президенттин жарлыгы менен дайындалганмын. Экинчисинде шайланганмын, ал эми жобо кийин чыккан. Демек, мыйзам артка иштебейт деген принцип ушул жерде иштейт да".

Ош технологиялык университети Ош облусундагы эң ири окуу жайлардын бири болуп саналат. Анда 15 миңге жакын студент билим алып, 7 факультет, 1 коллеж жана 2 институт бар. Окуу жайдын эмгек жамаатында 800 чамалуу кызматкер иштейт.

Тасма. "ОшТУ - менин окуу жайым, менин сыймыгым!" 2016.

Юрист Нургазы Абдувалиев жогорку окуу жайдын жетекчилиги тууралуу жободо шайлоо же дайындоо тууралуу сөз жок экенин айтып, анда эки ирет катары менен жогорку окуу жайдын жетекчиси болгон киши кайра шайлоого катыша албайт деген гана пункт бар экенине токтолду.

"Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын жетекчилерин шайлоо тууралуу жобо бар. Ал жобонун 4-пунктунда көрсөтүлүп турат. Жогорку окуу жайдын жетекчилигин эки ирет катары менен жетектеген киши талапкер боло албайт деп. Ал эми ректор Абидов Абдыкадыр Омарович 3-жолу шайлоого катышып жатат. Ал эми бул мыйзам аткарылбай жатат да".

Ректорду шайлоо системасы өзүн өзү актадыбы?

Педагогдор ректор шайлоо системасы да көп учурда өлкөдө окуу жайдын ичиндеги саясий соодалашууга айланып кетип жатканын айтышат. Жогорку окуу жайда 30 жылдан ашуун эмгектенип келе жаткан Абдыжапар Аккулов ректор шайлоо системасын жакшы иштетип кетүү ошол окуу жайдын эмгек жамаатына байланыштуу дейт:

"Мектеп же жогорку окуу жайдын кызматкерлери жердешчиликке, тууганчылыкка же башка топторго жол бербей, окуу жайдын келечеги, стратегиясы үчүн туура тандоону өздөрүнүн абийри менен үйрөнүшү керек да".

Жогорку окуу жайларынын ректорлорун шайлоо тартиби Борбор Азияда биринчи жолу Кыргызстанда гана киргизилген. Бул саамалык эл аралык деңгээлде коңшулаш өлкөлөргө өрнөк болуп, Кыргызстандын жогорку окуу жайларын демократиялаштыруунун жана академиялык эркиндиктин белгиси катары мүнөздөлүп келүүдө.

Бирок ортодо жогорку окуу жайларынын ректорлорун шайлоодон баш тартып, кайрадан аларды дайындоо демилгесин көтөргөндөр да бар. Буга ректорлорду шайлоо учурунда эмгек жамааты жер-жерге бөлүнүп, же болбосо добуштарды сатып алууга чейин жеткен терс көрүнүштөрдүн жайылышы себеп болгон.

Ректорлукка шайлоо өткөн соң, атаандаш талапкерлердин алдыңкыларын иргөө системасындагы мүчүлүштүктөн улам 2014--15-жылдары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети бир нече айга ректору жок иштеп турган. Бирок мындай түрдөгү шайлоонун мүчүлүштүгү -- алдыдагы үч талапкердин ичинен каалаганын өкмөт башчы дайындашына байланыштуу. Бул, иш жүзүндө, эмгек жамаатындагы шайлоонун өзүнүн натыйжасын жокко чыгарууга барабар.

Жалпысынан, дүйнөдөгү демократиялык өлкөлөрдө академиялык-университеттик чөйрөлөр мамлекетиндеги саясий жетекчиликтен эркин болуусу үчүн өз мекемелеринин жетекчилерин өз алдынча шайлап келишет.

Адистер шайлоонун өзү ар кандай ректорду жамаатка жакын кармоонун демократиялык аргасы болуп саналаарын, атаандаш талапкерлердин болушу зарыл экендигин, бирок шайланган ректор өз атаандаштарын куугунтуктабашы керектигин белгилешет.

Марат Акимбек уулу,

Ош шаары.

XS
SM
MD
LG