Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:40

Ош мэри атаандашсыз шайланмак болду


Оштун мэриясы.
Оштун мэриясы.

Кыргызстандын түштүк борборунун башчылыгына өкмөттүн облустагы өкүлү Таалайбек Сарыбашев жалгыз талапкер болуп катталды.

“Кыргызстан” партиясы өз талапкерин көрсөтүү ниетин жарыялаган менен иш жүзүндө шаардык кеңештеги өз депутаттарынан колдоо тапкан жок. Шаардык кеңештеги башка партиялар да өз ичинен же сырттан башка талапкер чыгарууга батынбады. Шаар башчысын шайлоого бийликчил коалициядан башка партиялар талапкер көрсөтпөгөнүн жарандык коом өкүлдөрү "партиялык кошоматчылык" деп сынга алышты.

Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Расулбек Кадыров Ош шаарынын башчылыгын шайлоого жалгыз талапкер болуп өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев катталганын жарыялады. Кадыровдун маалыматы боюнча Сарыбашевдин талапкерлигин Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция көрсөткөн. Ал эми шаардык кеңештеги коалицияга кирбеген үч партиянын биринен да талапкер көрсөтүлгөн эмес. Талапкер көрсөтүүгө укуктуу болгон өкмөт башчы да шаар башчылыкка эч кимди сунуш кылган жок.

- Шаар башчылыкка талапкерлерди каттоо 10-июлда 18:00гө чейин жүрдү. Бирок ага Ош шаардык кеңештеги көпчүлүк коалициядан башкасы талапкер көрсөткөн жок. 11-июлда саат 16:00дө жалгыз талапкер болуп катталган Таалайбек Сарыбашев кыргыз тилинен сынакка кирди. Шайлоо 18-июлда саат 8:00дөн 12:00гө чейин өтөт. Эгерде шаардык кеңештеги 45 депутаттын үчтөн экиси добуш берген болсо, шайлоо өттү деп эсептелет. Добуш берүү жашыруун түрдө өтөт, - деди Кадыров.

Буга чейин шаардык кеңеште тогуз мандаты бар “Кыргызстан” партиясы шаар башчылыкка талапкер чыгаруу ниетин жарыялаган эле. Бирок талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаар алдында партия кворумдун жоктугунан шаар башчынын кызматына өз талапкерин чыгара албай калганын кабарлады. “Кыргызстан” партиясынын атынан мэрликке аттанмакчы болгон 31 жаштагы Мирлан Аматбековду өз партиялаштары колдобой койгонун ал өзү да ырастады.

Мирлан Аматбеков.
Мирлан Аматбеков.

- Алгачкы сүйлөшүүлөрдө биздин партиянын депутаттары "мэрликке талапкерлигиңди кой, колдоп берели, жок дегенде программаңды айтып, өзүңдүн позицияңды көрсөтөсүң" деп жатышкан. Кийин жыйынга чогулганда тогуз депутаттын үчөө гана топтолдук. Калгандары ар кайсы шылтоону айтып, телефондорун өчүрүп, жыйынга келбей коюшту. Мен ар бирине үч сыйра чалып, колдоо сурадым. Алар акырында "биз бийликти колдошубуз керек, биз бийликке каршы чыга албайбыз, биз эртеңки күнүбүздү ойлошубуз керек" деген сөздөрдү айтып, тилекке каршы, келбей коюшту. Бирок, бийликтин талапкерине атаандаш болуу - бийликке каршы чыгуу эмес эле да?

Буга чейин эле Ош шаардык кеңешиндеги КСДП, "Бир Бол" жана "Мекеним Кыргызстан" партияларынан түзүлгөн 27 мандаттуу коалиция өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашевди мэрликке сунуш кылганы коомчулукка белгилүү болгон. Таалайбек Сарыбашев болсо шайлоого жалгыз талапкер болорун күтпөгөнүн, шайлоого атаандаш менен чыгууну каалаганын билдирди:

Таалайбек Сарыбашев.
Таалайбек Сарыбашев.

- Мэрликке кимди көрсөтүү - ар бир партиянын өзүнүн иши. Мен "шайлоого өзүм барам" деп өзүмчүл болуудан алысмын. Тескерисинче, мен ар кандай шайлоого атаандаш менен барууну колдойм. Буга чейинки райондук кеңештин депутаттыгына, төрагалыгына жана акимдигине шайлоо жолу менен баргам. Атаандаш сөзсүз болушу керек. Мына азыр, өкмөт башчы өзү талапкер чыгарбай жергиликтүү фракцияларга мүмкүнчүлүк берди. Ошондуктан шаардык кеңештеги алты партия өздөрү карап, татыктуу деген талапкерин сунуш кыла бериши керек эле. Менин оюмда деле атаандаш болгону жакшы.

Ош шаардык кеңешинде бийликтин коалициясына кошулбай калган “Кыргызстан”, “Өнүгүү” жана “Республика - Ата Журт” партиялары бар. Бирок алардын бири да шаар башчылыгына талапкер чыгарганга батынган жок. Жарандык коомдун өкүлү Гүлгакы Мамасалиева бул шайлоо шаардык кеңештин депутаттарында өз алдынчалык жоктугун далилдегенин айтты:

Гүлгаакы Мамасалиева.
Гүлгаакы Мамасалиева.

- Бул алдын ала сүйлөшүлгөн иш-чара болду. Балким азыркы талапкер өзү деле атаандаш талапкерлерге бут тосулуп жатканынан кабары жоктур? Менин оюмча бийлик сунуш кылган талапкерди шайлоого жалгыз аттантуу - болочок мэрге кошомат кылуунун эле айласы.

Ош шаардык кеңешинде 45 депутат бар. Көпчүлүк коалицияга 16 мандаттуу КСДП, 5 мандаты бар "Бир Бол" жана 6 мандаттуу "Мекеним Кыргызстан" фракциялары кирген. Таалайбек Сарыбашевдин талапкерлигин дал ушул үч партия сунуш кылды. Ал эми коалицияга кирбеген 9 мандаттуу “Кыргызстан” партиясы кворумдун жоктугунан талапкер сунуш кыла албай калганы жогоруда айтылды. 5 депутаты бар "Республика - Ата Журт" жана 4 депутаты бар "Өнүгүү-Прогресс" партиялары талапкер көрсөтүүгө аракет да кылышкан жок.

Ош шаарынын мэрин шайлоо 18-июлга белгиленген.

3-июлда өкмөттүн буйругу менен Ош шаарынын мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаев Ош шаарынын башчылыгынан кеткен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG