Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:36

Ош: Бычакталган келиндин жакындары сотко нааразы


"Кайра кол салабы деп кооптоном"
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:51 0:00

Ошто алты ай мурун мурдагы күйөөсү бычактап, оор абалда ооруканага түшкөн 37 жаштагы келиндин жакындары сот чечимине нааразылык билдирип чыгышты.

Кара-Суу райондук соту айыпталган жаранды "аффект абалында кылмышка барган" деп, эки жыл үч айга эркинен ажыраткан. Бычакталган келин чет өлкөгө чыгып кеткен.

Денесинин он жеринен бычакталган Гулбахар Имарованын ошол маалдагы сүрөттөрүн, аны апасы Рахат Исакова көргөзүп, окуя жөнүндө айтып берди. Ал кезде миграцияда жүргөн эне кызын кошуналары өз учурунда көрүп калып, аман калганын эскерди:

"Кызымдын көкүрөк тушуна эки жерине бычак сайылган. Бирөөсү терең сайылганы үчүн өпкөсүнө да залака тийген. Дагы бир каттуу сокку арка жагына урулган. Ошол учурда төрт жашар кызына алаксып турганда артынан келип сайыптыр. Негизи кызым андан токмок жеп жүрүп коркок болуп калган. Күйөөсүн көргөндө эле өзүн жоготкон. Кызым "бычак сайылганын сезбей деле калдым" деп айтты".

Үрөй учурган окуя алты ай мурун 3-майда Оштун четинде, Кара-Суу районундагы Коргон айылында болгон.

Коргон айылы. Окуя болгон көчө
Коргон айылы. Окуя болгон көчө

Рахат Исакованын айтымында, кызы мурдагы күйөөсү менен эки жолго түшкөнүнө быйыл үч жыл болгон. Экөөнүн ортосунда үч бала бар.

Ошол күнү келиндин бычакталганына күбө болгон кошуналарынын бири Роза Дубанаева буларды айтты.

"Ошол окуя болгон күнү мен бул жактан жүгүрүп келдим. Эшикти бир-эки каккылап туруп жерге жыгылган. Мен келсем денесинен кан атырылып агып жатыптыр. Ошол эсимде калды. Өзүн жоготуп, "балдарым" деп кыйкырып жатты. Ушул жерден тез жардам келип алып кетти", - деди ал.

Зомбулуктан аз жерден өлүмдөн калган Гүлбахар азыркы учурда чет өлкөдө жүрөт. Кара-Суу райондук сотунун чечимине нааразы болгон апасы кызынын келечегинен чочулап отурат:

"Бир жылдан кийин кайрадан эле чыгып келип, өлтүргөнгө аракет кылат. Себеби, муну бардык тараптар колдоп, ага аффект абалында кылмыш жасаган деп чечим чыгарып койду. Кайра дагы кол салат бул", - деди ал.

Келиндин мурдагы күйөөсү 35 жашта, Кадамжай районунун тургуну. Келиндин жакындарынын айтымында, экөө миграцияда жүрүп таанышкан экен. Сот аны эки жылга кескен.

"Соттун чечими туура эле чыкты. Бул үч күн эле ооруканада жатты, биз баарын күзөтүп турдук. Бул жеңил жараатка кирет. Бир аз бычак менен коркутту, бир-эки жерине тийди, он жерине эмес да. Арызданган тарап мунун баарын көбүртүп айтып жатат. Бул жабырлануучу тараптын эле чыгармачылыгы", - деди анын адвокаты Нүргүл Жолдошбаева.

Ал эми зомбулукка кабылган Гүлбахардын жактоочусу Жылдыз Кадырбек кызы адилетсиз чечимдерден улам кайгылуу окуялар менен аяктаган зомбулуктар тыйылбай жатканын белгиледи:

Жылдыз Кадырбек кызы
Жылдыз Кадырбек кызы

"Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков буга чейин билдирүү жасап жасаган. Ал аялдарга, өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулук көрсөтүлгөн кылмыш иштери "жеке көзөмөлүмдө болот" деген. Биз ишенгенбиз, сот адилетүүлүгү болот деп. Бирок тескерисинче кылмышкерлерге жеңилдетүүчү жагдайды тандап алып жатышат", - деген ою менен бөлүштү адковат Кадырбек кызы.

Буга чейин Чүйдүн Селекция айылында аялына мыкаачылык менен зомбулук көрсөткөн мурдагы күйөөсүн камакка албай, пробациялык негизде бошоткон судьяны иштен алуу маселеси көтөрүлгөн.

Соттордун дарегине айтылган сын ошол окуядан кийин өзгөчө күчөдү. Кылмышка шектүүнү пробациялык көзөмөлгө алуу менен эркиндикке чыгарган райондук соттун судьясын кызматтан алуу боюнча Судьялар кеңеши президентке сунуш берген. Башкы прокуратура Чүй облустук сотунун үч судьясын "апелляциялык арызды кароону кечиктиргени үчүн үрөй учурган окуя болду" деген жүйө менен кылмыш жоопкерчилигине тартууну сунуштаган.

Ушу тапта үй-бүлө зомбулугуна көз жумду мамиле болуп келгенине нааразылык күч. Бир топ кыз-келиндер социалдык тармактар аркылуу өздөрү көргөн кордукту тынбай жазып жатышат.

XS
SM
MD
LG