Москва шаардык соту 20-февралда оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды жалпы абакка жөнөтүү тууралуу райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды. Ал эми ага каршы башка бир жарандык иш боюнча сот отуруму өз өкүмүн ишембиде кечирээк жарыялашы күтүлүүдө.
Москва шаардык соту 20-февралдагы чечими менен шаардын Симоновский райондук сотунун оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды 2014-жылдагы кылмыш иши боюнча берилген шарттуу жазасын өзгөртүп, чыныгы абактык жазага кесүү тууралуу өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу “Азаттыктын” Орус кызматы билдирди.
Ошол эле учурда, Москва шаардык соту жазаны өтөө мөөнөтүндө Навальныйдын 2014-жылдын 30-декабрынан 2015-жылдын 17-февралына чейин үй камагында отурган убактысын, ошондой эле Москва шаарындагы “Матросская тишина” аттуу убактылуу тергөө абагында бир ай отурганын эсепке кошкон.
Мунун натыйжасында, оппозициячыл саясатчы эми абактык тургун жайда (колонияда) Симоновский райсотунун чечиминен келип чыккан 2 жыл 8 ай эмес, болжол менен 2 жыл 5 ай кармалууга тийиш. Бул кыскартылган мөөнөт тууралуу маалыматты Навальныйдын адвокаты Вадим Кобзев тастыктаганын кабар агенттиктери маалымдашты.
Алексей Навальный 2014-жылы алдамчылыкка айыпталып, шарттуу түрдө 3,5 жылга беш жылдык сыноо мөөнөтү менен абакка кесилген, (андан кийин мөөнөтү дагы бир жылга узартылган). 2021-жылдын февраль айында сот бул жазаны Федералдык Жаза аткаруу кызматынын сунушу боюнча чыныгы абактык жазага алмаштырды. Федералдык мекеме саясатчыны жазалоо шарттарын бузуп, жашырынып жүргөн деп эсептээрин шардана кылган.
Навальныйдын жактоочулары оппозициячыл саясатчы эч кандай жашырынган эмес, тек гана былтыркы августтагы ууландырылышынан кийин Германияда саламаттыгын чыңдап жаткан деп ырастоодо.
Ал эми Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрүндө Симоновский райсоту саясатчыга документтерди жөнөткөн дарек болгон. Прокурор адвокаттын сөзүнө жооп кылып, саясатчы каттоодон өтүү үчүн өзүнө ыңгайлуу учурда эмес, ага каттоого кел деген буйрук айтылганда келиши зарыл болчу, иш жүзүндө Навальный "мыйзамдан жогору болуу укугун" жарыялаганга далаалат кылды деп айтты.
Навальный соттолгон "Ив Роше" кылмыш ишинин өзүн ал жана анын тарапкерлери саясий куугунтук деп эсептешет. 2017-жылы Адам укуктары боюнча Европа соту 2014-жылдагы сот ишинин каралышы Навальныйдын адилеттүү сот ишине камсыз болуу укугун одоно бузду деп чечим чыгарган.
Сот отурумундагы акыркы сөзүндө саясатчы Орусияга кайтып келгенине эч өкүнбөгөнүн, күч - чындыкта экендигин, ал эми Орусия “эркин гана эмес, бактылуу боло тургандыгын” айтты. Ал Европа сотунун талабын да эскерип өттү жана акыйкат чечим чыгарып, өзүн дароо сот залынан бошотууну суранды.
Москва шаардык сотунун көчмө отуруму борбор шаардагы Бабушкинский райондук сотунун имаратында өттү.
Ишембиде түштөн кийин ушул эле имаратта Навальныйга каршы экинчи сот иши – жарандык иш боюнча сот жүрүмү улантылды.
Оппозициячы саясатчы Навальный Экинчи Дүйнөлүк согуштун 94 жаштагы ардагери Игнат Артеменконун ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирчү жалган маалыматты атайылап тараткан деп айыпталууда. Айыптоого бийликчил «Russia Today» каналы обого чыгарган былтыркы Орусиянын Конституциясына киргизилген түзөтүүлөрдүн үгүт тасмасына карата Навальныйдын ачуу сөздөр камтылган сын пикири негиз болгон.
Бул жарандык иш боюнча соттун үчүнчү отурумунда прокурор Навальныйга 950 миң рубль айып пул түрүндө жаза сураган.
Навальный жана анын жактоочулары бул соттук доону «ойдон токулган саясий буюртма» катары четке кагып келишет.
Жарыш сөз бүтүп, Навальный акыркы сөзүн айткан соң, бул жарандык ишти караган сот да ишембиде кечирээк өкүм чыгара тургандыгы күтүлүүдө.
Мурдагы отурумда Москва шаарынын Бабушкинский райондук сотунун жарандык судьясы прокурорлордун талабы боюнча дароо чечим чыгаруудан баш тарткан жана бул экинчи сот жүрүмүн улантууну 20-февралга жылдырган болчу.
Эл аралык коомчулук Орусиянын бийликтеринен А.Навальныйды дароо бошотууну талап кылып келет. Орусияда ушул эле талап менен ондогон шаарларда ири нааразылык жыйындары жана флешмоб чарасы өткөрүлгөн.