Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:34

"Айыккыс илдетке чалдыккандар абакта кармалууда". Мунапыс менен ким бошотулган?


Баласы менен абакта отурган аял. Сүрөт 2018-жылы тартылган жана макалага тиешеси жок. Иллюстрация үчүн колдонулду.
Баласы менен абакта отурган аял. Сүрөт 2018-жылы тартылган жана макалага тиешеси жок. Иллюстрация үчүн колдонулду.

Абакта жазасын өтөп жаткандарды шарттуу түрдө бошотуу иши тандалма жүрүп жатканы Жогорку Кеңеште кайра көтөрүлдү. Бул боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы, депутат Жусупбек Коргонбай уулу жабык жайларда өтө оор эмес кылмыш жасаган майыптыгы бар, жашы улуу адамдар калып эле оор кылмыш жасагандарга жеңилдик берилип жатканын айтып чыкты.

Кыргызстанда соттор быйыл алты айда абакта жазасын өтөп жаткан 180 адамды шарттуу түрдө бошотуу чечимин чыгарган. Аларга жалпы 501 адамды бошотуу сунушу киргизилген. Бул Жогорку Кеңеште абакта шарттуу бошотулгандар боюнча депутаттык комиссиянын өткөн аптадагы жыйынында белгилүү болду. Алар өлкө аймагындагы жабык жайларды текшерүү учурунда оор кылмыштарды жасап, шарттуу түрдө эркиндикке чыккан учурлар көп экенин аныктаган.

Жусупбек Коргонбай уулу
Жусупбек Коргонбай уулу

“Оор кылмыштар менен өмүр бою абакка кесилгендерге кыска убакыт аралыгында мунапыс колдонулуп, жаза мөөнөтү кыскартылып, абактан чыккан. Ошол эле учурда анча оор эмес кылмыштар менен камалган адамдардын ырайым суроо өтүнүчү канааттандырылбай турат. Бошотулбай турган төртүнчү стадиядагы рак оорусу менен ооруган аялды, майыптыгы барларды көрдүк. Жакында Жалал-Абадда УКМК тарабынан 2017-жылы абакка кесилип, 2022-жылы мунапыс берүү менен бошотулган адам уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары кармалды. Мындай фактылар толтура”, - деди комиссиянын төрагасы, депутат Жусупбек Коргонбай уулу.

Абактан мөөнөтүнөн мурда бошотуунун шарттары

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда абактан бошотуу же жазасын жеңилдетүү үчүн шарттуу бошотуу, мунапыс берүү жана ырайым берүү ыкмалары каралган.

Шарттуу бошотуу - кылмыштын түрүнө жараша жаза мөөнөтүнүн кайсы бир бөлүгүн өтөсө, келтирилген зыяндын жарымынан кем эмес суммасын толтурса жана абактагы жүрүм турумуна байланыштуу соттун чечими менен кабыл алынат. Соттолуучуну шарттуу бошотуу үчүн бардык тарап чакырылып, атайын сот отуруму өтөт. Мыйзамга ылайык, педофилия, конституциялык түзүлүшкө каршы жана экстремизм, терроризм сыяктуу оор кылмыштарга байланыштуу соттолгондор жаза мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулбайт.

Мунапыс берүү - мыйзам кабыл алуу менен ишке ашат. Бул жеңилдик аркылуу соттолгондор толугу менен же жарым-жартылай жазадан бошотулат. Мында да педофилия, терроризм, экстремизм жана тыңчылык сыяктуу оор кылмыштарга мунапыс берилбейт.
Ырайым берүүнү президент гана кабыл алат. Бул боюнча соттолгондор мамлекет башчынын дарегине кат менен кайрылып, аны президенттин администрациясындагы ырайым берүү боюнча комиссия карап чыгат.

Депутат Коргонбай уулунун маалыматында жогорудагы тартиптер боюнча иштер тандалма жүрүп келгени айтылган. Президенттин администрациясынын ырайым берүү боюнча комиссиясынын катчысы Анарбек Калматов иштин жүрүшү тууралуу маалымат берди.

“Комиссия ачык-айкын иштейт. Мен комиссияга баарын уюштуруп берем, чечимди ошолор кабыл алат. Ырайым берүү үчүн соттолгондор президенттин атына арыз жазып, колониялардан керектүү документтерди жөнөтүшөт. Ошол документтерди даярдап, комиссиянын кароосуна коёбуз. Алар карап чыгып, чечим кабыл алышат. Ал жерде көз карандысыз, тажрыйбалуу адамдар иштейт”, - деди Калматов.

Ырайым демекчи, Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып турган 2020-жылы эки жүздөн ашык кишиге ырайым берген. Жапаров ошол кезде абакта күнөөсүз отурган кишилер көп экенин белгилеп, мындай көрүнүшкө милициянын “планды толтуруу” сыяктуу көрүнүштөрү себеп болуп жатканын айткан. Ошол кезде бул ырайым берүүнүн процедурасына нааразы болгондор чыгып, алар бошотулгандардын тизмесин ачык жарыялоону талап кылган. Президенттин маалымат кызматы мындан ары ырайым ала тургандардын иши дыкат текшерилерин айткан жайы бар.

Бөгөт чараны тандоо бийликтин куралыбы?

Кыргызстанда кармалгандардын бөгөт чарасын аныктоодо судьялардын чечимдерине да сын айтылып келет. Акыркы эки-үч жылда кармалып, мамлекеттик бюджетке акча төккөн соң бошотулган учурлар каттала баштады. Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова бөгөт чарасын аныктоо саясий курал катары да колдонулуп жатат деп эсептейт.

Клара Сооронкулова
Клара Сооронкулова

“Соттор көп учурда тергөө кандай бөгөт чарасын аныктоону суранса, ошону аткарып коюп жатат. Биздин деле иш (ред: “Кемпир-Абад иши”) ошондой болуп жатпайбы. Бир жарым жылдан ашык убакыттан бери эч кандай далили жок эле абакта отурушат. Бул жерде укуктук эмес, саясий максатта, популизм, коркутуу, кустуруу үчүн камакка алуу чарасы колдонулуп жатат. Күнөөсү далилденбеген, иши тергелбеген адам жөн эле абакта отуруп калып жатпайбы”, - дейт Сооронкулова.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер былтыр октябрда камалган. Ушу тапта кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Калгандары буга чейин түрдүү жагдайда үй камагына чыккан. Коомчулукта бул процесс “Кемпир-Абад иши” деп аталып жүрөт.

Жогорку Соттун жообу

Сотторго болгон коомчулуктагы нааразылык көп айтылат. 30-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев сот системасындагы коррупцияны айыптап, судьяларга пара берүүдө адвокаттар ортомчулук кылып жатат деп сындаган. Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков “Азаттык” радиосундагы маегинде “атайын кызмат соттордун ишинин сапатына баа бере албай” турганын белгилеп, сот системасында коррупциялык көрүнүштөр мурунтап болуп келгенин, учурда мындай “жагымсыз көрүнүш” менен күрөш жүрүп жатканын айткан.

“Бүгүн сотторду толук кандуу көз карандылыкка ээ болду деп айтканга болбойт. Сот реформасынын негизги максаты – коррупция жана башка терс көрүнүштөр менен күрөшүп, соттордун көз карандысыздыгына жетишүү. Президент Садыр Жапаров дагы сотторду көз карандысыз болууга бир нече жолу чакырды. Отуз жылдан бери соттордун аң сезимине кирип калган психологияны өзгөртүү оңойго турбай жатат, кыйын процесстен өтүп жатабыз”.

Президент Садыр Жапаров Бишкекте өткөн Элдик курултайда сотторго бардык шарттар түзүлүп, пара албагыдай колдоо болуп жатканын белгилеп, коррупцияга аралашканы аныкталса, аёо болбой турганын айткан.

Баш мыйзамдын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндөгү мыйзам долбоорун жогорку Кеңеш 23-ноябрда кабыл алган. Мыйзамда айтылгандай, мунапыс жашы 55тен өткөн аялдар, 60тан жогорку эркекетерге, майыптыгы барларга, үй-бүлөсүнүн жалгыз багуучусу, эки же андан ашык жашы жете элек же майыптыгы бар балалууларга, биринчи ирет соттолгондорго, жалгыз бой энелерге, көп балалуу аялдарга жана бир жылдан аз жаза мөөнөтү калган аялдарга, жашы жете элек өспүрүмдөргө берилет. Бул мыйзам 1986 адамды камтыйт.

Жаза аткаруу кызматынын бүгүнкү маалыматына караганда, Кыргызстанда соттолгондордун жалпы саны 7402 адам, алардын 6495и абакта отурат.

XS
SM
MD
LG