Марат Иманкулов: Тажикстанда болуп жаткан окуяларга мен массалык маалымат каражаттарынан байкоо салып жатам. Коргоо министрлиги, Ички иштер министрлигинин кызматкерлери курал көтөрүп, согушуп жатышса, кырдаалды башкача бир өңүттөн иликтөө керек. Бул жерде кандайдыр бир террорчулук маанайды байкай албай жатам. Азыр жалпыга маалымдоо каражаттарынан кетип жаткан кабарлар жетишсиз деп ойлойм. Себеби, күч структурасын жетектеген адамдардын куралчан чыгуусунун артында дагы башка жагдайлар болушу мүмкүн. Эми алар түздөн-түз эле Кыргызстанга келет деген маалымат да жок, коркунуч да жок. Ошентсе да биз чек арабызды бекемдеп, кокус террордук уюмдардын арты менен келе турган коркунучтарга даяр турушубуз керек.
Анча-мынча уюшкан топтор кирсе, өзүбүз деле туруштук бере алабыз. Бирок массалык түрдө качкындар же согушчандар кире турган болсо кыйын болуп калат.
“Азаттык”: Кыргызстан коопсуздугун камсыздоо үчүн кандай чараларды көрүшү керек деп ойлойсуз? Кокус качкындар же террорчулар Тажикстан тараптан агылып калса, Кыргызстандын күч түзүмдөрү аларды тосууга даярбы?
Марат Иманкулов: Анча-мынча уюшкан топтор кирсе, өзүбүз деле туруштук бере алабыз. Бирок массалык түрдө качкындар же согушчандар кире турган болсо кыйын болуп калат. Себеби мен мындай кырдаалды өз башыман өткөргөм. Мисалы, 2005-жылы Анжиян окуясы чыкканда Өзбекстандан качкандарды тосууга катышкам. 530дан ашуун качкын кирип келбеди беле. Ошолорду жайгаштырып, алар менен иш алып барганда кырдаал абдан курчуп кеткен. Ал жерде бир да куралдуу адам кирген эмес. Куралдарынын баарын өзбек жергесине таштаган.
“Азаттык”: Марат мырза, кечээ эле Жамааттык коопсуздук жана кызматташтык уюму Тажикстандагы окуяларды өлкөнүн ички иши деп атады. Кырдаал азыркыдан да курчуса, эл аралык уюмдар өлкөгө кириши мүмкүнбү?
Чоң кызматта иштеп жаткан адамдардын курал көтөрүп чыгуусун азыркы режимге каршы күрөшүп жатат деп эле түшүндүрсө болот.
Марат Иманкулов: ЖККУ “ички иш” деп атабай эле абалды көзөмөлдөп, карап турабыз десе болмок. Эгерде сырттан күчтөр кирип, кол салуулар болсо анда ЖККУ түздөн-түз кирише алат. Бирок бул уюмдун да өз уставы бар. Өлкөнүн ички ишине кийлигише албайт. Бирок азыркы Дүйшөмбүнүн ичинде эле болуп жаткан окуяларды жөн гана байкап карап тура алат.
“Азаттык”: Болуп жаткан окуяларды Эмомали Рахмондун бийлигине каршы көтөрүлүш катары кабылдагандар да болууда?
Марат Иманкулов: Толук мүмкүн. Анткени чоң кызматта иштеп жаткан адамдардын курал көтөрүп чыгуусун азыркы режимге каршы күрөшүп жатат деп эле түшүндүрсө болот. Анан теракт деп айтышууда. Теракт кылганда кимге кылмак эле? Жөнөкөй жашаган адамдарга каршы кылып жатабы? Мен ошон үчүн кооптонуп жатам да, көп суроолор туулуп жатат. Эми коргоо министринин орун басары террорчуларды көтөрүлүшкө чыгармак беле?
“Азаттык”: Демек, кыргыз тарап эмнеси болсо дагы коопсуздук чараларын күчөтүүгө умтулуусу керекпи?
Марат Иманкулов: Сөзсүз. Биздин чек ара кызматы, куралдуу күчтөрүбүз азыр өз кызматын күчөтүлгөн тартипке өткөрүп, тажикстандык кесиптештери менен маалыматтык байланышты чыңдоосу зарыл. Чек арада кокус кыйынчылык жаралса, тажик тарап менен чогуу чечим чыгарууга даяр турушу керек.