Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:27

Он бир журналисттин иши: сот отуруму жылды, эл аралык уюм кыргыз бийлигине кайрылды

16-январдын таңында “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун мурдагы жана азыркы журналисттеринин үйүндө тинтүү болуп, милиция аларды суракка алып кеткен.

10:25 16.1.2024
Милиция журналисттердин үйүн тинтип, өздөрүн суракка алып кетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:46 0:00

10:50 16.1.2024
Темиров: Соңку кармоолор журналисттик ишибиз менен байланыштуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:57 0:00

10:51 16.1.2024

Жанар Акаев: Журналисттерди суракка алуу – сөз эркиндигине чабуул

Жогорку Кеңештеги “Альянс” фракциясынын лидери Жанар Акаев “көз карандысыз журналисттердин үйүн тинтип, күч менен суракка алынып кетишин – сөз эркиндигине чабуул” деп баалады. Бул тууралуу депутат “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып айтты.

“Журналисттердин үйүн тинтип, аларды суракка күч менен алып баруу – бул сөз эркиндигине түздөн-түз чабуул. Ушундай окуялар журналисттерди өзүн-өзү чектегенге, саясий, коррупциялык чоң темаларды иликтөөгө жолтоо болот. Кыргызстан ансыз деле сөз эркиндиги, журналисттерге болгон куугунтук жагынан эл аралык рейтингдерди бир топ артка кеттик. Журналисттерди таңга маал барып тинтүү Ички иштер министрлигинин сөз эркиндиги, демократияга болгон жаман мамилеси. Биз бул маселени жөн койгойбуз жана аны парламентте, комитеттерде көтөрөбүз. Журналисттерге мындай мамиле болбошу керек”, - деди Жанар Акаев.

11:36 16.1.2024

ИИМ журналисттердин иши, тинтүү тууралуу маалымат берди

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 16-январда көз карандысыз медиалардын журналисттеринин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, өздөрүн суракка алып кетүү тууралуу маалымат берди.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, социалдык тармактардагы “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кылмыш иши козголгон.

Ал материалдарды ИИМдин Тергөө кызматы кылмыштардын бирдиктүү реестрине каттап, соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган. 12-январда эскспертизанын корутундусу чыгып, “Айт Айт Десе”, “Temirov Live” баракчаларындагы материалдарда массалык башаламандыктарга чакырыктардын белгилери бар деп аныкталган.

Экспертизанын жыйынтыгы менен ИИМдин Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен кылмыш ишин козгогон.

ИИМдин тиешелүү кызматтары бир канча даректер боюнча бир катар ыкчам тергөө иликтөө иш чараларын улантып жатканы айтылды.

Министрлик “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларына чыккан кайсы маалымат боюнча кылмыш иши козголгонун, канча киши суракка жеткирилгенин тактаган жок.

16-январдын таңында “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медиа” медиасынын жана “ПолитКлиника” басылмасынын журналисттеринин үйүндө тинтүү болуп, укук коргоо кызматкерлери аларды суракка алып кетти.

“Темиров LIVE” долбоорунун негиздөөчүсү, 2022-жылы Кыргызстандан күч менен чыгарылган журналист Болот Темиров “Азаттыкка” курган маегинде акыркы окуяларды анын командасынын журналисттик ишмердигине байланыштырды. Жалпы 8 журналист министрликке суракка жеткирилгенин билдирди.

“Темиров LIVE” долбоору 2023-жылы декабрь айында Ички иштер министрлиги анын командасын каралоо аракеттерин көрүп жатканын билдирип, министр Улан Ниязбековго байланыштуу бир нече иликтөөлөрдү чыгарган.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Тилек Оторов мунун баарын “курулай жалаа” деп баалаган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG