Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:39

Он бир журналисттин иши: сот отуруму жылды, эл аралык уюм кыргыз бийлигине кайрылды

16-январдын таңында “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун мурдагы жана азыркы журналисттеринин үйүндө тинтүү болуп, милиция аларды суракка алып кеткен.

22:18 16.1.2024

16-январда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматына шектүү катары жеткирилген 11 журналист милициянын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалды.

“Темиров LIVE” редакциясынын кабарчысы Айке Бейшекеева, редакциянын мурдагы кабарчысы Жоодар Бузумов жана “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун директору, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызы, редакциянын дагы бир кызматкери Максат Тажыбек уулу камалганы алгач белгилүү болгон.

Адвокат Замир Жоошев "Фейсбуктагы" баракчасына жарыялаган соңку маалыматка караганда, Сапар Акунбеков, Азамат Ишенбеков, Сайпидин Султаналиев, Актилек Капаров, Жумабек Турдалиев жана Акыл Орозбеков дагы 48 саатка камалды.

Мындан тышкары "ПолитКлиникада" иштеген Тыныстан Асыпбеков да 48 саатка камалды. Бул тууралуу «Азаттыкка» аны менен телефондон байланышкан басылманын жетекчиси Дилбар Алимова билдирди.

Кармалгандардын баары аларга коюлуп жаткан айыпка макул эместигин айтып жатышат.

20:46 16.1.2024

БУУнун Адам укуктары боюнча башкармалыгы кыргыз бийлигин сөз эркиндигин коргоого чакырды

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча башкармалыгы Кыргызстандын бийлигин өлкөдөгү сөз эркиндигин коргоого жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) ишин жөнгө салуучу мыйзамдардын адам укуктары боюнча эл аралык стандарттарга шайкеш келүүсүн камсыз кылууга чакырат. Бул тууралуу 16-январда «Азаттыкка» аталган башкармалыктын өкүлү Лиз Тросселл билдирди.

Соңку эки күндө Кыргызстанда бийлик бир катар көз карандысыз маалымат каражаттарынын кеңселеринде тинтүү жүргүзүп, 14 журналистти суракка алып кеткенин белгилеген БУУ мекемеси бул окуяларды «жарандык коомдун активисттерине, журналисттерге жана бийликти сындаган башка да адамдарга басым жасоонун кеңири схемасынын бир бөлүгү» деп мүнөздөдү.

«Адам укугунан, ой-пикирин ачык билдирүү укугунан мыйзам чегинде пайдалангандарды жазалоо үчүн аларды кармоо же камоо адам укуктары боюнча эл аралык талаптардан алып караганда негизсиз болуп эсептелет. Бул өңүттөн алганда, Кыргызстандын парламенти сөз эркиндигин, ЖМК эркиндигин чектеген мыйзам долбоорун карап жатканы ого бетер кооптуу болууда» деп айтылды уюмдун билдирүүсүндө.

15-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесинде айрым техникалык каражаттарын алып кеткен жана үч кызматкерин суракка алган.

16-январда “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун мурдагы жана азыркы ондой кызматкеринин үйүндө тинтүү болуп, милиция аларды суракка алып кеткен. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, аталган баракчаларда жапырт башаламандыкка чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кылмыш иши козголгон.

Кыргызстанда бийлик сөз эркиндиги камсыздалганын белгилеп келет.

18:34 16.1.2024

Акыйкатчы укук коргоо, сот жана прокуратура органдарын журналисттин укугун камсыздоого чакырды

Акыйкатчы Жамила Жаманбаева Кыргызстандын укук тартибин коргоо, сот жана прокуратура органдарын журналисттердин укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоого чакырды.

Бүгүн 16-январда жарыялаган кайрылуусунда өлкөнүн омбудсмени бир катар басылмалардын жана маалымат агенттиктеринин жетекчилери менен кабарчылары суракка чакырылып, кармалып жатканына байланыштуу күч органдарына Кыргыз Республикасынын Конституциясында кепилденген мындай укуктардын корголушунун маанилүүлүгүн белгилеп, алардын бузулушу сөз эркиндигине терс таасирин тийгизерин эскертти.

Жаманбаева жарандардын өз пикирин ачык билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине укугу Конституциянын 10 жана 32-беренелеринде, Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 19-беренесинде, Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пакттын 19-беренесинде, Кыргызстандын «Журналисттин кесиптик ишмердүүлүгүн коргоо жөнүндө» мыйзамынын 4 жана 8-беренелеринде жазылганын белгиледи.

18:25 16.1.2024
Журналисттердин кармалышы эркин медиага басымбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:59:07 0:00

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG