Мамлекеттик мекемелерди реформалоонун алкагында Финансы жана экономика министри Улукбек Кармышаковго сегиз орун басар дайындалды.
Саясат талдоочулар тармактагы соңку өзгөрүүлөр калкка натыйжалуу кызмат көрсөтүүгө багытталбай, тескерисинче, бюрократияны күчөтүп, мамлекеттик органдарды сенек абалга кептеши мүмкүн деп кооптонушууда.
Премьер-министр Улукбек Марипов мамлекеттик башкаруу түзүмүн оптимизациялоону алдын ала ойлонулган жана анализделген кадам деп мүнөздөгөн.
Министр сегиз орун басарлуу болду
Жергиликтүү маалымат агенттиктер Финансы жана экономика министрине сегиз орун басар дайындалганын жарыялады. Министр Улукбек Кармышаков Кыялбек Мукашев менен Данияр Иманалиевди биринчи орун басарлары, калган алтоо - Бекболот Алиев, Султан Ахматов, Эльдар Алишеров, Мирланбек Байгончоков, Сейит Рысалиев жана Айдин Шаршеевди орун басарлар катары жамаатка тааныштырган. Мындан башка Борбордук казыналыктын башчылыгына Садырбек Нарманбетов дайындалды. Азыркы мезгилде бул орун басарлардын ар бири министрликтин ичиндеги тиешелүү тармакты карай турганы айтылганы менен алардын ыйгарым укуктары менен функционалдык милдеттери так аныктала электиги белгилүү болду.
Сенектиктин себеби
Мамлекеттик башкаруу боюнча адис-эксперт Эркайым Мамбеталиева мамлекеттик органдарды ирилештирүү илимий негизде, функционалдык анализдин жыйынтыгы боюнча жүргүзүлүүгө тийиш экенин белгиледи. Анын айтымында, бийлик түзүмдөрүн бири-бирине кошуп, кийгизген бюрократиялык ирилештирүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү сенектикке алып келип, эч кандай натыйжа бербейт:
"Мен мамлекеттик башкарууда оптимизация болушуна макулмун. Себеби мамлекеттик кызмат көп жылдан бери натыйжалуу иштебей келгени айдан ачык. Бирин-бири кайталаган жана өзүн-өзү актабаган түзүмдөр көп. Бирок мамлекеттик кызматты оптимизациялоо негиздүү жүрүшү керек. Бул нерсе биринчи кезекте жаранга эмне берет? Жалпы калкка жана ар бир жаранга мамлекеттик сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн мамлекеттик кызматты кандай уюштуруу зарыл деген суроолордун айланасында функционалдык анализ болушу шарт. Биз азыр аны унутуп коюп эле, механикалык түрдө кыскартуу жүргүзсөк, анда көйгөйлөрдүн бардыгы ошондон башталат".
Эркайым Мамбеталиева андан аркы сөзүндө маселе мамлекеттик мекемелерди бири-бирине бириктирип салуу менен чечилип калбастыгына токтолду:
«Биринчи кезекте бюрократиялык тоскоолдуктарды алып салып, калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жөнөкөйлөштүрүү керек болчу. Азыр эми оптимизация деген түшүнүктү башкача колдонуп, мамлекеттик түзүмдөрдүн функционалдык милдеттерин анализдебей туруп, аларды кыскартуу, кабат-кабат кылып, бири-бирине бириктирип, бир чоң министрликке кошуу алардын аткаруучулук жөндөмүнө терс таасирин тийгизет. Мамлекеттик органдар азыр эле сенек абалга кептелди. Анткени мамлекеттик кайсы бир кызмат көрсөтүү тууралуу сурап чалсаңыздар ал жактагы кызматкерлер "азыр эми ушундай болуп жатат" дешип, жарандардын күнүмдүк маселелери чечилбей калып кетип жатат».
Мамлекеттик мекемелерди кыскартуунун алкагында Финансы жана экономика министрлигине Салык кызматы, Бажы кызматы, Финансы рыногун жөнгө салуу кызматы, Финансылык чалгын кызматы, Интеллектуалдык менчик жана инновация кызматы, Монополияны жөнгө салуу агенттиги, Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги жана ошондой эле Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду сыяктуу сегиз мамлекеттик орган кошулган. Бирок министрликтин борбордук аппараты менен тиешелүү мамлекеттик органдардын ортосундагы укуктук мамилелер кандай болору азырынча аныктала электиги белгиленди.
Жоболор жолду көргөзөбү?
Финансы жана экономика министринин биринчи орун басары Данияр Иманалиев укуктук-ченемдик актылар жана жоболор иштелип чыкканын айтып, бирок бекитиле электигин белгиледи:
«Бизде азырынча өкмөттүн түзүмүнө ылайык бөлүштүрүү ( укуктар менен милдеттерди) толук аягына чыга элек. Анан эми буга чейин иштелип чыккан жоболор бүгүн-эртең бекитилип калат. Мына ошондон соң гана бул тууралуу айта алабыз. Аларды бир сыйра карап, өзүнчө комиссия иштеди. Ошол боюнча маалыматтар бүгүн-эртең чыгышы керек. Ошол маселелер боюнча биздин пресс кызматка кайрылсаңыздар, ал жактан толук маалымат аласыздар».
Буга чейин парламентте өкмөттүн жаңы түзүмүн жарым-жартылай бекитүү учурунда айрым депутаттар Финансы жана экономика министрликтерин бириктирип, ага кошумча фискалдык көзөмөл органдарын киргизүү карама-каршылыктарга алып келиши мүмкүн экенин айтып чыгышкан.
Депутат Азамат Арапбаев каршы пикирин төмөндөгүдөй чечмелеген болчу:
«Азыр Экономика министрлигин жоюп, аны Финансы министрлигине өткөрүү туура эмес. Анткени Финансы министрлиги өзү консервативдүү орган. Ага Салык инспекциясын, Бажы кызматын көзөмөлдөө милдети тагылып, Финансы министрлиги киреше жана чыгашаны аныктай турган болсо, анын экономикага карата ролу бир топ эле азайып кетет».
Киреше-чыгашага бир тарап жооп берет
Бирок ошол кезде өкмөттүн жаңы түзүмүн жарым-жартылай парламентке тааныштырган премьер-министр Улукбек Марипов киреше менен чыгашаны бир министрлик тейлеп, анын колунда фискалдык жана көзөмөл органдары дагы турганы натыйжалуу болот деп жооп кайтарган:
«Азыркы мезгилде биздеги Финансы министрлиги казыначынын эле ролун аткарып калган. Дүйнө жүзүндө кээ бир Финансы министрликтери санкция бере ала турган ыйгарым укуктарга ээ. Биздин эле коңшулаш мамлекеттерде бул министрлик бүтүндөй киреше булактарына жооп берет. Эмне себептен бул бириктирилген тармактын министрине вицелик ранг берип жатабыз? Анткени "финансы боюнча, экономика боюнча бир багытта пландуу иш алып барылса" деген ниет болду».
Премьер-министр Улукбек Марипов буга чейинки 22 өкмөт мүчөсүнөн он алтысын гана калтырган жаңы түзүмдү парламентке сунуштаган. Анын ичинде биринчи вице-премьер-министр, 12 министр жана бир мамлекеттик комитет төрагасы бар.