Бүгүн кыргыздын чыгаан уулдарынын бири, публицист, журналист, мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагуловдун дүйнөдөн кайтканына беш жыл болду. Анын көзү тирүү болгондо быйыл 64 жашка чыкмак.
Ал узакка созулган оорудан улам 2018-жылы 8-октябрда 59 жашында дүйнөдөн кайткан.
Бул жалганда пенде баласы өз тирилиги менен алпурушуп жүрүп, жылдардын кербендей чууруп өтүп жатканын деле аңдабай калат окшойт. А убакыттын иши ошол эмеспи, ал эч кимди күтүп отурбайт, кимдир бирөө үчүн токтоп да бербейт. Тирүү чакта ааламды чеңгелдечүдөй жашаган адамзатты кайра ага баш ийдирип койгонун кара.
Замандаштары “Акторпок” деп тааныган кашкөй журналист Султан Жумагуловдун бул дүйнөнү таштап кете бергенине билинбей 5 жыл өтүп кетиптир. Мындан 5 жыл мурун дал ушул күнү аны тааныган тели-теңтуш, жакындарынын кабыргасы кайышып, үй-бүлө мүчөлөрүнүн асманы кулап турган чак эле, аттиң.
Бирок өмүр өлчөнүп берилгени менен анда башкалардан өзгөчөлөнүп жашагандар, өнөргө эгедер инсандар, адабият, илим-билимге из салган иштермандар эртеңкисине чыйыр калтырат тура. Ошондуктан алардын өмүрүнүн маңызы аз же көп жашаганына деле көз каранды эместей туюлат. Эмесе кеп Жумагулов тууралуу болсун.
"Эмгеги эскирбейт"
Тепкедейинен жазмакерликке шыктуу Султан Жумагулов кыргыз журналистикасына өткөн кылымдын 80-жылдарында кадам таштаган.
Ошол учурда аттын кашкасындай таанымал “Асаба”, “Агым” гезиттеринде иштеп, “Би-Би-Си”, “Азаттык” радиолорунда кабарчылыктан жетекчиликке чейин такшалып, кийин мамлекеттик ЭлТР, КТРК телеканалдарында да кызмат өтөдү.
Ал эки доор тогошкон мезгил аралыгындагы кыргыз коомчулугуна мүнөздүү терс көрүнүштөрдү сатиранын ары жумшак, ару курч тилине салып, окурманын күлдүрүп олтуруп эле турмуш чындыгына ынандырып коё алганы менен айырмаланат.
Мекенчил адам катары өз элинин жаңы заманга коошпогон жорук-жосундарын жумшак юмор менен сынга алган чыйрак макалалары кимдир бирөөлөргө шибегедей эле туюлчу. Анын дал ошол эл турмушунан алып жазган аңгемелери социализм заманында комсомолдук “Ленинчил жаш” гезитинде жарыяланчу. Кийин басылма “Асаба” гезитине айланганы маалым.
“Асабада” Жумагулов менен бир топ убакыт иштешип калган журналист, адабиятчы Бекташ Шамшиев кесиптешин мындайча эскерет:
“Султан ал кезде бизнесин таштап, Мелис Эшимкановдун сунушу менен “Асабага” келип иштеп аткан кези болчу. Макалаларын курч, анан убагында жазып, ишке аябай тыкандыгын көрсөтчү. Ойлоп көрсөм, дал ошол учурда “Асабага” жалаң мыктылар, биринен экинчиси өткөн дулдулдар, айлап сайраса тамагы бүтпөгөн талбас булбулдар чогулган экен. Султандын бирөө менен урушканын, талашканын, чырдашканын деле көрбөдүм. Баары менен эле тамашалашып, ага-инидей, жан достой жүрчү.Анын өмүр жолу минтип алтымыштын акбозуна жетпей үзүлүп калганы кабырганы кайыштырганы менен анын артында калган эмгеги, журналистикадагы опол тоодой орду, андан деле эч жери кем калбаган жазуучулук өнөрү, булары аз келсе кийинки жылдары жылдызы жанган кызмат даражасы - ушулардын баарында жаркылдаган жазы маңдай инимдин адамгерчилиги, бирөөгө кылдай жамандыгы жок ак көңүлдүгү, айкөлдүгү турат. Анын артында калтырган, жарым кылымга жакын жашоосунда жасап кеткен эмгеги атын унуттурбай, билген адамдардын эсине калат деп ишенем”.
"Эл аралык стандартты алгачкылардан болуп өздөштүргөн"
Султан Жумагуловду жакындан билген замандаштары, бирге иштешип калган кесиптештери ал журналистиканын эл аралык стандарттарын эң биринчилерден болуп мыкты өздөштүргөнүн, аны кыргыз журналисткасында жайылтууга чоң салым кошконун саймедиреп келишет.
Анын "Журналистикага жол" аттуу китебине үңүлсөк, Кыргызстан эгемендикти алгандан берки атамекендик журналистиканын өнүгүү жолдоруна, анын бир катар көйгөйлөрүнө, кесиптик этиканын негизги эрежелерине арналганын баамдайбыз.
Муну менен катар Жумагулов жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердигине байланышкан маселелерди далай көтөрүп, журналисттердин коом алдындагы ролу, жоопкерчилиги тууралуу, учурдагы журналистика кандай болушу керектигин шакирттерине үйрөтүп келген.
Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев да маркумдун кыргыз журналистикасына кошкон салымы тууралуу кеп кылды.
“Университетте куйрук улаш окудук. Жердеш элек. Ага-инидей болдук, андан да өтүп, тели-теңтуштай ынак жүрдүк. Жашың кичүү болгон менен жаның курбу эле. Акылдуу, шайыр, адамдык касиетиң бийик, калыс, ак ниет жан элең. Жакшыбыз бар экенибизге карабай, эмнегедир жаманды көбүрөөк издеп калган заманда сенин айкөлдүк касиетиңе таң калчубуз. Дайыма жаңыны издеген, дайыма жакшылыкты издеген, аны тааный билген, таба билген, көрө билген тазалыгыңа, сергектигиңе суктанчубуз. “Асабада”, “Агымда” чогуу иштедик. Бардык журналисттер окшош, сен гана башка болчусуң. Мен орусча китепти жаңыдан түшүнүп окуй баштаганда сен орус тилинде макала жаза баштагансың. Мен компьютер үйрөнө баштаганда сен англисче сүйлөй баштагансың. Кыргыздын мыкты жигиттериндеги ийкемдүүлүк, тирукмуштай жөндөмдүүлүк, аракетчилдик сенде мол болчу. Сен бизден айырмаланып мамлекетчил болчусуң. Биз гезитте, көбүнчө ушак-айыңга, кимдир бирөөлөрдүн шыбырап кеткендерине же Ак үй менен Көк үйдөгүлөрдөн ташып же сатып келе калгандарга таянсак, сен жалаң гана карандай фактыларга таянып, жалаң гана чындыкка таянып, акыйкаттыкка таянып жазаар элең. "Би-Би-Сиге" бара электе эле, “Азаттыкка” келе электе эле сен бизди, карт журналисттерди да, жаш журналисттерди да журналистиканын эл аралык стандарттарына үндөп келген, үйрөтүп келген “Султан Жумагулов - Ак Торпок” деген мектеп болгонсуң”.
ЖМКны реформалагысы келген Жумагулов
Жаштыгын советтик доордогу журналистикага, бышып жетилген тажрыйбасын эгемен Кыргызстандын журналистикасына арнаган Султан Жумагулов 2000-2009-жылга чейин “Би-Би-Сиде” иштеди, 2009-жылы президенттик администрациянын катчылыгында эмгектенди.
Ал эми 2010-жылдан тарта "Азаттык" радиосунун Бишкектеги кеңсесин үч жыл жетектеп, 2013-жылы ЭлТРдин, 2014-жылы УТРКнын жетекчиси кызматтарын аркалады.
2017-жылы маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалды. Бирок алдыга койгон максаттарын аткарууга өнөкөт оорусу тоскоол болуп, бир жылдан кийин акка моюн сунуп кете берди.
Жумагулов министр болуп келер замат жалпыга маалымдоо каражаттарын реформалоо керектигин айткан.
"Бир да реформа жеңил өткөн эмес. Биз жергиликтүү кабарчыларды окутабыз, даярдайбыз. Семинар, тренингдерди өткөрөбүз. "Жашы 60тан өтүптүр" деген сөз болууга тийиш эмес. 70-80ге чыгып алып деле интернеттин “тилин таап", иштеп жатышпайбы. Дүйнөлүк журналистика мындайга эбак эле келген. Биз жергиликтүү маалымат каражаттарын ошого ыңгайлаштырышыбыз керек. Азыр керек болсо ошол эле айылдарда интернет аркылуу эле окуп жатышат. Кагаз, гезиттерди бирин-серин эле киши окуйт. Тиражы 200, 800, ашып баратса 1500 экен. Ал да айына эки же үч жолу чыкса, бул өзүн актабай турган жумуш да, - деген эле ал "Азаттыктагы" маегинде.
Мындан тышкары Султан Жумагулов маданият тармагындагы мамлекеттик сыйлыктарды тапшырууга жаңыча көз караш керек деген пикирде болчу.
"Өтөлгөлүү өмүр кечирди"
"Азаттык" үналгысынын мурдагы директору, Борбордук Азия тарыхы, этнология, маданий тарых жаатындагы адис Тынчтыкбек Чоротегин замандашын мындайча эскерди:
"Султакебиз журналист, педагог, коомдук ишмер, өкмөт мүчөсү катары өтөлгөлүү өмүрдү баштан кечирди. Бир кичинекей мисал айта кетсем, ал өз аты чыга электе эле туулуп-өскөн айылындагы орто мектепте мыкты окуган идиректүү бүтүрүүчүлөргө өз атынан каржылык сыйлык берип келген. Демек, кичи мекенинде да таланттуу жаш муундарды тарбиялоого огожо болгон. Анын кайра куруулар жана эгемендик доорундагы коомчулуктун бүйүрүн кызыткан далай журналисттик изилдөөлөрү, макалалары да өзүнчө китеп иретинде кайра жарыяланууга тийиш. Султанбек Жумагулов эгемен өлкөбүздө атуулдук коомду калыптандырууга журналист жана публицист катары албан кызмат өтөдү.
Спортту, сергектикти сүйгөн
Султан Жумагулов бала чагында өпкө оорусуна чалдыгып, жылдап ооруканага жатып дарыланчу экен.
"Кышта башталган жөтөлүм күчөп отуруп, ала жазда өзүм да, апам да уктабай калабыз. Күрсүлдөгөн үнүм уктап атсам да кулагыма угулат. Анан, албетте, ооруканага жаткырышат да, аерден – оо тозок! Төрт маал ийне сайышат, эстесем азыр да жамбашым зыркырайт. Акыры дарыгерлер төрт жылда айыктыра албаган дартты төрт класс билими бар апасы аюунун, кашкулактын ич майын эритип, ага жыландын каткан этин майдалап кошуп, сүткө сапырып берип отуруп эки кышта айыктырып алган экен”, – деп маркум “Кыргызча жашоо бормулалары” китебинде жазган.Ал спортту сүйүп жашаган. Аны көзү тирүү кезинде футбол талааларынан көп көрөр элек. Кесиптештеринин, шакирттеринин башын бир аянтчага бириктирип, футболдук мелдештерди уюштуруп жүргөн.
Өмүрдөн өткөн кийин анын элесине арналган бир нече футболдук мелдештер уюштурулган.
Быйыл да шакирттери журналисттин өмүрдөн өткөн күнүндө аны куран окуп, журналисттер арасында чакан футболдук мелдеш өткөрүштү. Аянтчага аны таанып-билген инилеринен, шакирттеринен эле беш команда чогулуп, футбол ойношту. Жеңүүчүлөр кубоктон сырткары Султан Жумагуловдун сүрөтү түшүрүлгөн медаль тагынышты. Ошондой эле анын китептерин белекке алышты. Бул катардагы бир иш-чара сыяктанганы менен билгендерге устатка көрсөтүлгөн урмат-сый болду.
"Агай журналистиканын султаны, калыстыктын султаны, эмгекчилдиктин султаны болчу. Таңкы саат беш-алтыларда эле жумушка келчү. Бизге тапшырмаларды сегиз-тогуздарда эле берип салчу. Ошондой эмгекчил эле. Өмүрүнүн акырына дейре ошондой иштеди. Агайыбыздын талантын эл, окурмандар жакшы эле баалады. Ар бир материалын артынан түшүп окугандар болду. Анын бактысына президенттер дагы бул кишини жактырчу. Кошоматчы эмес ишмерди өздөрүнө тарткан сейрек көрүнүш. Мамлекет башчылар аны "моңгол чуусуна" карабастан, спичрайтер, кеңешчи, министрликке чейин көтөрүп койду. Шефтерине чаң жугузчу эмес агайым. Аябай ишенип, үмүттөнүп алчу, баёолугу бар эле. Бирок, ошол эле учурда чындыкты көзгө сайып, ички чогулуштарда кошоматчылыктан алыс турчу. Далай оппозиционерлерди жактап, "ой, сиз бардыгынын президентисиз, кара тизме деген балээни унуткула, башкача иштейли" деп жүрүп, командадан бөлүнүп калмайы дагы бар эле”, - дейт Султан Жумагулов менен “Би-Би-Сиде” бир топ жыл чогуу иштеген журналист Ибрагим Нуракун уулу.
Кыргыз коомчулугуна журналист, медиа эксперт, жазуучу катары таанымал Султан Жумагулов 1959-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. Кыргыз мамлекеттик университетин журналистика адистиги боюнча бүтүргөн.
Анын сөөгү 2018-жылдын 10-октябрында Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлган.