Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:33

Назарбаев: Иштегем, иштей берем


Назарбаевдин 5-марттагы парламенттеги кайрылуусу.
Назарбаевдин 5-марттагы парламенттеги кайрылуусу.

Казак лидери Нурсултан Назарбаев бийликтен жакын арада кетпей турганын ишара кылды. Ал 5-мартта парламенттеги кайрылуусунда элдин бейкуттугун камсыздайт делген беш планын жарыялады. Элбашынын кезектеги убадалары түкшүмөл ойлорго жем таштады.

Нурсултан Назарбаевдин казак парламентинин эки палатасынын биргелешкен жыйынындагы 30 мүнөттүк кайрылуусу бир нече жолу кол чабуулар менен коштолду. Ал министрлер менен депутаттарга кайрылып, “чоң долбоорлорго көңүл бурууга мезгил жеткенин”, стратегиялык программаларга өзү жетекчилик кыларын айтты.

Элбашы президенттик кызматтан жакын арадан кетпей турганын ишара кылганда залдагы аткаминерлер тура калып кол чабышты.

- Буга чейинки бардык шайлоолордо эл бир добуштан мени шайлаганын жакшы билебиз. Бул мен үчүн эң жогорку сыйлык. Дал ушул нерсе мага дем-күч берип келди. Элдин эртеңки күнгө ишенимдүү кадам ташташы үчүн мен иштегем, иштеп жатам жана иштей берем. Дал ушундан улам мен Казакстандын парламентинен элге жаңы социалдык демилгелер менен кайрылып жатам, - деди Назарбаев.

Элбашы биринчи демилгесин "турак жайга ээ болуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү" деп атады. Анын айтымында, үйдүн жалпы баасынын 20 пайызын алдын ала төлөгөн казак жарандарына 25 жылга 7 пайыздык ипотекалык кредит (учурдагы үстөк пайыз 15% түзөт) берилиши керек.

Назарбаев экинчи демилгеси катары 2019-жылдан тарта кирешеси аз жарандардын салыгын он эсе азайтууну, аларга бир пайыздык гана салык салууну сунуштады.

Нурсултан Назарбаевдин Алматыдагы эстелиги.
Нурсултан Назарбаевдин Алматыдагы эстелиги.

Үчүнчү демилге студенттерге арналды. Казак президенти билим берүү тармагында кошумча 20 миң гранттык орундар түзүлөрүн убада кылып, тиешелүү мекемелерди студенттер үчүн жатакана курууну караштырууга чакырды.

Мындан тышкары элбашы жеке бизнесин ачам деген айылдыктарга кредит берүүнү жеңилдетүүнү, акырында Казакстандын борбордук жана түндүк аймактарын газ менен камсыз кылууну сунуш кылды.

Бешинчи демилгеге ылайык, Кызылорда облусунан чыгып, Жезказган, Караганда, Темиртау, андан соң Астанага чейин жете турган газ кууру курулат.

Казак лидеринин элдин бейкуттугун камсыз кылууну көздөгөн беш планын коомчулук ар башкача талдап жатат.

- Бул сунуштарды ким ишке ашырат? Эгемендик жылдарында биз буга бир нече жолу ынандык окшойт. Биздин аткаминерлер абдан кооз долбоорлорду, абдан сапаттуу программаларды сунуштай алышат. Бирок алардын баары кагазда кала берүүдө, - деди экономист Айдар Алибаев.

Казакстандык дагы бир талдоочу Магбат Спанов казак бийлиги канча жылдан бери чечилбей келе жаткан маселелерге эмне үчүн азыр киришип жатканына көңүл бурууда. Ал адатта Казакстанда өткөөл мезгилдерде же шайлоолордун алдында калктын көйгөйлөрүнө маани берилерин айтты. Анын оюна укук коргоочу Инга Иманбай да кошулат:

- Бул кандайдыр бир саясий жараяндын башталып жатканынын белгиси экени түшүнүктүү. Ошондон улам бул популисттик сунуш эмеспи деген ойго кетип жатам. Себеби бизде жаштарды, алардын маселелерин саясий окуялардын алдында гана сурашат.

Казак президенти Нурсултан Назарбаев, кызы Дарига Назарбаева (солдо) жана Британ ханышасы Елизавета II менен анын жолдошу принц Филипп, Лондон, 4-ноябрь 2015-жыл.
Казак президенти Нурсултан Назарбаев, кызы Дарига Назарбаева (солдо) жана Британ ханышасы Елизавета II менен анын жолдошу принц Филипп, Лондон, 4-ноябрь 2015-жыл.

Саясат таануучу Айдос Сарым казак лидеринин буга чейинки жылдык кайрылууларында элдин көйгөйү эске алынбай калганын, бул жолку социалдык демилгелер бир жарым жылдан кийинки кезексиз шайлоолорго даярдык болушу мүмкүндүгүн "Азаттыктын" казак кызматына айтты.

Быйыл жыл башында казак лидери Нурсултан Назарбаев элге кайрылуусунда быйыл Казакстан “өндүрүштүк революция” жасоого бет алганын билдирген. Элбашы ал үчүн жаңы технологияларга негизделген 10 максатты атап, дал ушул жол менен Казакстан өнүккөн 30 мамлекеттин катарына кирет деп белгилеген.

Назарбаев СССР мезгилинен бери Казакстанды башкарып келе жаткан Борбор Азиядагы жападан жалгыз лидер. 2015-жылы кезектеги беш жылдык мөөнөткө шайланган.

Укук коргоочулар менен бийликти сындап жүргөндөр Назарбаев оппозицияны күч менен басып, демократиялык эмес шайлоолор аркылуу бийликтеги мөөнөтүн узартып келатканын белгилешет.

78 жаштагы элбашы "бийликти өткөрүп берүүгө камданууда" деген айың-кептер канча жылдан бери айтылып келсе да, анын белгиси же мураскердин анык карааны көрүнө элек.

Өткөн айда казак парламенти Назарбаевди өлкөнүн Коопсуздук кеңешин өмүр бою жетектей тургандай мыйзам долбоорун даярдап, макамын конституциялык органга теңеген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG