Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:44

"Коррупция менен күрөш ачык болушу керек"


Нурипа Муканова.
Нурипа Муканова.

Бийликтин коррупцияга каршы күрөшү, анын натыйжасы тууралуу "Коррупцияга каршы күрөш боюнча ишкерлер кеңешинин" төрайымы Нурипа Муканова “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) башчысы Абдил Сегизбаевди кабыл алып, коррупцияга каршы күрөштү тездетүүнү тапшырды. Президенттин же жалпы эле бийликтин коррупция менен күрөшүүдөгү мамилесин кандай баалап жатасыз?

Нурипа Муканова: Президенттин 8-февралдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында коррупцияга каршы күрөштө өз көз карашын билдирип, саясий эркин көрсөттү. Бул керектүү иш, муну баары колдоп жатат. Эми ар бир мамлекеттик органдардын башында турган министрлер, башкаруу системасында иштеп жаткан жетекчилер да өз эркин көрсөтүшү керек.

“Азаттык”: Мурдагы президенттер деле алгач коррупцияга каршы катуу чара көрөрүн билдиришкени менен, кийин андан жыйынтык жакшы чыкпаганын, күрөш "тандалма" болуп калганын талдоочулар белгилеп жүрүшөт. Азыр да кылмыш иштери козголуп жатат. Бул отчет же сандын артынан эле кубалоо болуп калбайбы?

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нурипа Муканова: Эми ушул иштер аягына чыгышы үчүн эл өзү, жарандык коом көзөмөлдөшү керек. Бирак ага шарт түзүлүшү зарыл. Кайсы иштердин үстүндө иштеп жатышат - аны эл билбейт да. Президентке отчет берип, айтып жатышат - бул туура, бирок жарандар көзөмөлгө алышы үчүн бүт резонанстуу коррупцияга тиешелүү иштер ачыкка чыгышы керек.

Маалымат базасы болобу, тизме болобу, айтор эмненин негизинде козголду эле, далил барбы-жокпу, кайсы этапта жүрүп жатат, тергөөчүсү ким экени жазылбаса дагы, кайсы орган тергеп жатканы, кайсы сотто каралып жатканы жарыяланып турушу керек. Ушул маалымат болгондо биз да жылыш болуп жатабы же жокпу, билип турат элек. Биз азыр кандай көзөмөлдөй алабыз? Мисалы, УКМКга же Коррупцияга каршы күрөш кызматына "бул иштердин тизмесин бергиле, биз көзөмөлдөйбүз" деп кат жазабыз. Бирок алар 15 күндөн кийин “бул иш жашыруун каралат” деп жооп берет. Көп учурда формалдуу жооп алабыз. Көп учурда кайрылуу, кат жазган натыйжалуу болбойт.

“Азаттык”: Мурдагы президенттин тушунда да коррупция боюнча айыпталып бир катар саясатчылар кармалган. Азыр мекемелердин кызматкерлери да айыпталып атат. Күрөш экинчи этабына өттү деп айтсак болобу?

Биринчи эшелонду тазалабай туруп, кийинкисин кармаган көп деле натыйжа бербейт. Бул убактылуу болуп калышы ыктымал.

Нурипа Муканова: Эл аралык практиканы карасак, ар бир иштин усулу бар. Мисалы, Сингапур коррупцияны жеңип чыккан мамлекет деп эсептелет. Ошол эле Грузия. Саясий репрессия деп коёт, чоң кызматта турган, бирок коррупцияга малынган саясатчыларды ишине карабай тазалап, анан коррупциянын алдын алуу ишине жигердүү өтүш керек.

Азыр ортоңку катмарга гана чабуул коюлуп жатат - демек биринчи катмар тазаланып бүтө элек. Бул мамлекеттик кызмат. Ошондуктан экинчи катмар мамлекеттик органдын башында турган кишинин тапшырмасын аткарат, алар өзү билип ишти алып бара албайт. Чечимди ким кабыл алат? Жоопкерчилик ошондо көбүрөөк болот.

Биринчи эшелонду тазалабай туруп, кийинкисин кармаган көп деле натыйжа бербейт. Бул убактылуу болуп калышы ыктымал. "Ар бир мамлекеттик орган өзүн өзү тазалап чыгышы керек" деген өкмөттүн токтому бар. Бирок ал жетиштүү болбой жатат. Коррупция менен кайсы органдар мамлекеттик деңгээлде күрөшүп жатат? Бул укук коргоо органдары жана сот системасы. Биринчи учурда коррупция менен күрөшкөндөр өздөрү таза болушу керек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG