Өзбекстанга караштуу Каракалпакстан Автоном Республикасында июлдагы нааразылык акциялары боюнча соттук жараян өтүп, 22 айыпталуучунун 14ү күнөөлөрүн толугу менен моюнуна алганы кабарланды.
Cоттук кароо 28-ноябрда Бухара шаарында башталды. Окуяларга байланыштуу 22 адам шектүү катары өтүп жатат.
Аларга негизинен Кылмыш-жаза кодексинин “атайылап оор зыян келтирүү”, “атайылап адамдын денесине залал келтирүү”, “Өзбекстандын конституциялык түзүмүнө шек келтирүү”, “талап-тоноочулук”, “уурдоо жана бузуу”, “массалык башаламандык”, “бейбаштык” жана башка беренелер боюнча айып тагылды.
Шектүүлөрдүн арасында журналист, блогерлер, окутуучулар жана коомдук активисттер бар.
Мурдараак бул окуяларды иликтеген парламенттик комиссия 107 шектүүнү Башкы прокуратура коомдук кепилдик алып коё бергенин же үй камагына чыгарганын билдирген. Буга Каракалпакстандын парламентинин өтүнүчү себеп болгон. Комиссиянын мүчөлөрү соттук отурумга байкоочу катары катышат.
Сотто ошондой эле Нукустагы нааразылык акцияларында мамлекетке келтирилген материалдык чыгымдын көлөмү жарыяланды. Айыптоо корутундусуна ылайык, шаардагы башаламандыкта келтирилген чыгымдын жалпы суммасы болжол менен 600 миң доллар түзгөнү ачыкталды.
Расмий Ташкент Бухарадагы соттук отурум каракалпак тилинде жана коомчулукка ачык-айкын өтүп жатканын белгиледи. Бирок "Алга, Каракалпакстан" кыймылынын жетекчиси Аман Сагидуллаев Ютуб каналында жарыялаган видеосунда өзбек бийлиги каракалпакстандык айыпталуучуларга жалган жалаа тагылып жатат деп айтты.
"Ал жерде сот жабык, жашыруун өтүп атат. Анда Өзбекстандын президентинин жасаган кылмышын жаап-жашырууга аракет кылып жатышат. Президент суверендүү өлкөнүн конституциялык түзүмүн бузуп, нааразылык акцияга чыккан күнөөсүз адамдарды өлтүрүүгө буйрук берген. Азыркыга чейин каракалпакстандык адвокат жана юристтердин дайыны белгисиз".
Борбор Азия боюнча серепчи Жоанна Лиллис жараян Нукуста эмес, Бухара өтүп жатканын, айыпталуучуларга жада калса даярданууга убакыт берилбегенин Твиттерге жазды.
"Каракалпакстандагы зордук-зомбулукка байланыштуу "ачык" териштирүүнүн канчалык "ачык" экени түшүнүксүз. Айыпталуучуларга даярданууга дээрлик убакыт берилген жок. Сотто үн угулбайт. Сот жараяны айыпталуучунун үйүнөн 550 чакырым алыстыкта өтүп жатат, туугандарынын келишине мүмкүнчүлүк жок", - деди ал.
28-ноябрда АКШнын Өзбекстандагы элчилиги да расмий билдирүү таратты. Анда Өзбекстандын өкмөтүн мыйзам бузган күч органдарынын өкүлдөрүн жоопко тартууга чакырды.
"АКШ июль айында Каракалпакстанда болгон каргашалуу окуяларга катышы бар деп айыпталган 22 адамга карата Бухара шаарында башталган териштирүүгө кылдат көз салууда. Биз өкмөттү ачык-айкындуулук боюнча өз милдеттерин аткарууга жана Өзбекстан Республикасынын мыйзамдарын бузган күч органдарын жоопкерчиликке тартууга чакырабыз", - деп жазылган билдирүүдө.
Быйыл 1-2-июль күндөрү Каракалпакстандын борбору Нукуста жергиликтүү тургундар Өзбекстандын Конституциясынан жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренени алууну караган сунушка каршы чыгышкан.
Митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 18 киши (14 жөн-жай киши, төрт тартип коргоочу) каза тапканын, 516сы кармалганын билдирген.
4-июлда өзбек парламенти Каракалпакстандын макамын өзгөртүүсүз калтыруу чечимин кабыл алган. Башкы прокуратура бир нече кылмыш ишин козгогон. Европа Биримдиги, АКШ, Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), бир катар укук коргоочу уюмдар Ташкентти Каракалпакстандагы окуяларды ачык-айкын иликтөөгө чакырган.
7-ноябрда Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму өзбек бийлигин быйыл жайында Каракалпакстандагы демонстрацияларды таратууда "өлүмгө алып келчү каражаттарды негизсиз жана ашыкча колдонгону" үчүн айыптаган.