Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:28

Москвадагы эң ири мечит ачылды


Москванын жаңы чоң мечити 23-сентябрда ачылды.
Москванын жаңы чоң мечити 23-сентябрда ачылды.

Москвада 23-сентябрь күнү он жылга чукул уланган оңдоп-түзөөдөн кийин 10 миң адамды батырган ири мечит ачылды. Анын ачылышына Владимир Путин мусулман өлкөлөрдүн лидерлерин чакырган.

Орус мамлекет башчысы баштаган жогорку кызматтагы жетекчилери мечиттин ачылуусу өлкөнүн мусулман дүйнөсү менен ымаласын жакшыртат дешет.

Расмий Кремл бул окуяны тарыхый мааниси чоң окуя деп баалоодо. Ачылыш салтанатта Владимир Путин буларды айтты:

- Бул Орусиянын мусулмандары үчүн өтө чоң окуя. Москвадагы эң эски мечиттердин бири байыркы ордунда кайрадан оңдолду. Азыр ал Европадагы эң чоң мечитке айланып, жаңы, заманбап имаратка айланды. Бул көп улуттуу, көп диндүү өлкөбүздүн ынтымагын чыңдоодо чоң роль ойномокчу. Орусиянын мыйзамдарына ылайык, бизде динге тыюу салынган эмес. Биздин өлкөдө миллиондогон мусулмандар бар.

Мечит мамилеге көпүрө болбойт

Москвадагы ири мечитти оңдоп-түзөө 10 жылга жакын убакытты алды. 1904-жылы курулган имарат мурдагы Советтер Союзу учурунда да ачык турган мусулмандар сыйынуучу Москвадагы жалгыз жай эле. 2005-жылдан бери оңдолуп, эми алты кабаттуу болуп кайра салынды. Бир эле учурда 10 миң кишини батыра алат. Мунаралары 78 метр, төбөсү 48 метр бийик. Москванын архитектурасына дал келиши үчүн төбөсүнө алтын жалатылган.

Карнеги институтунун Москвадагы борборунун эксперти Алексей Малашенко Орусиянын жалпы “мусулман дүйнөсү” менен эмес, айрым мусулман өлкөлөр менен гана эки тараптуу мамилелери жүрүп жатканын белгилейт:

- Орусия 2000-жылдын башында Ислам Кызматташтыгы Уюмуна мүчө болгондо эч кандай натыйжа чыккан эмес. Албетте бул адаттан тыш окуя болуп, көптөр жазып, айтып жүрдү, бирок андан абал эч өзгөргөн жок. Ал эми Орусиянын ар кайсы мусулман өлкөлөр менен мамилесин карап көрөлү. Маселен Иран же Сауд Арабиясы дейли. Бул экөө бири-бири менен тирешүүдө. Ошентсе да Орусия экөө менен тең кызматташат. Мамилелер көп түйүндүү. Кимдир бирөөлөр мындай абалды өз кызыкчылыгына пайдаланса, кай бирлери түшүнө албай убара. Жалпылап айтканда, бул өлкөлөр менен көп тараптуу эмес, эки тараптуу эле байланыш.

Кыргыз мигранттары кубанууда

Жаңы мечиттин кире бериши
Жаңы мечиттин кире бериши

Ал арада АКШдагы Strategic Forecasting Inc аттуу менчик чалгындоочу жана аналитикалык компаниясы Орусия менен Түркиянын ортосундагы карама-каршылык Москва Крымды аннексиялагандан кийин күчөп баратканын белгилейт. Режеп Тайип Эрдоган Москвадагы сапары маалында мечиттен ачылышынан сырткары орус президенти менен жолугаары белгиленген. Тоолуу Карабак чатагы маселесинде Бакунун бекем колдоочусу болуп келген Анкара менен Москванын ортосунда Крымдан башка Сирия, орус газын экспорттоо жагынан да келишпестиктер бар. Бирок акыркы кездери Владимир Путин азербайжан президенти Илхом Алиев менен да ымаласын жакшыртууга аракет кылганы байкалат, деп жазат аталган компания. Москвалык жана чет элдик укук коргоочулар Эрдоган жана башка мусулман лидерлери Орусияда жашаган мекендештеринин абалына назар буруп, орус бийликтерин коомдогу сабырдуулук, диндер аралык ынтымакты чыңдоого чакырышы керек деп эсептешет. Орусияда башка улут, же дин өкүлдөрү ар кандай мыйзамсыз иштерге, кол салууга кабылганы соңку жылдары азайган жок, деп белгилешет укук коргоочулар.

Ачылыш салтанатка Кыргызстандан Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков баштаган расмий топ катышты. Курман айттын босогосунда ачылган мечит кыргыз мигранты үчүн кандай жаңылык? Ушул суроо менен Москвада иштеп жүргөн Азамат Токторовго кайрылдык:

- Жума намаздарга ар дайым барамын. Айт намаздар Москвада жакшы эле болчу. Бирок адам көп болгондуктан, башаламан тартипсиз өтчү. Анан кеч күздө, суукта айт болуп калып, намазда жылаңайлак турганда үшүп калчубуз. Азыр эми жаңы мечит салынып бүтүп, 10 миң киши батат деп угуп, кубанып жатабыз. Буюрса эми жаңы мечитте үшүбөй эртең айт намаз окуйбуз деп сүйүнүп отурам.

Имаратты калыбына келтирүүгө 170 миллион доллар короп, көбүн Сулейман Керимов аттуу ишкер берген. Түркиянын усталары жардам иретинде ичин акысыз жасалгалашты. Ошондой эле Палестинанын лидери Махмуд Аббас “Палестина балдарынын” атынан 25 миң доллар берген.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG