Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:50

Москва аэропортторунун иши үзгүлтүккө учурады


Домодедово аэропортунда миңдеген жолчу уча албай калды, 28-декабрь, Москва
Домодедово аэропортунда миңдеген жолчу уча албай калды, 28-декабрь, Москва

Транспорт прокуратурасы Москванын ири 2 эларалык аэропортунан миңдеген жүргүнчүлөрдүн учпай калышын териштирүүдө. Катуу сууктан улам Домодедово менен Шереметьево аэропорттору электр энергиясыз калып, соңку 3 күндүн ичинде 200дөн ашуун рейс үзгүлтүккө учурады. Кыргызстандан Москвага учкан рейстер да жекшемби жана дүйшөмбү күндөрү бир нече саатка кармалды.

Соңку маалыматка ылайык, президент Дмитрий Медведев эл аралык 2 аэропортто түзүлгөн абалга байланыштуу баш прокурор Юрий Чайкага авиакомпаниялардын жүргүнчүлөрдү ташуу жөнүндөгү мыйзамдын аткарышын иликтөө тапшырмасын берди.

Анын алдында өлкөнүн транспорт прокуратурасы учактардын учпай калышын иликтөөгө киришкени тууралуу кабарлар пайда болгон. Прокуратура жүргүнчүлөрдүн укуктары канчалык сакталып жатканына өзгөчө көңүл бурмакчы. Атап айтканда, алар мейманкана, тамак-аш, жүк сактоочу камералар менен камсыздалып-камсыздалбаганы текшерилет.

Росавиация мекемесинин жетекчиси Александр Нерадко шейшембиде эртең менен маалымдаганына караганда, дүйшөмбүдөн шейшембиге караган түнү Домодедоводон 70 самолет учту, 50 самолет конду.

- Авикомпаниялар менен аэропорттун кызматтарына 350 рейсти учуруу тапшырмасын бердик. Анын ичинен 250 рейс – бүгүнкү күндүкү, калган 100 рейс 27-дккабарда учпай калгандар. Муну аткаруу кыйын болот, бирок бардык кызматтар өз ара макулдашып иштешсе, максатка жетсе болот.

Аэропорттогу абал 2-3 күндүн ичинде калыбына келтирилет, - деп ишендирди Нерадько.

“Вести” каналына берген интервьюсунда ал авикомпаниялардын жана аэропортту тейлеген кызматтардын күнөөсү жоктугун, баш аламандыкка электрзымдарынын үзүлүшү алып келгенин айтты.

Жекшемби күнү Россиянын Батыш аймактарында нөшөрлөгөн жаан жаап, аны менен кошо абанын температурасы кескин төмөндөй баштаган. Ошол эле замат бак-дарактар, жолдор, электрзымдары тоңуп калды. Синоптиктер муздуу жаан деп аталган мындай аномалия 1979-жылдан бери боло элек дешүүдө. Натыйжада Москва, Тверь, Смоленск жана бир катар облустарда миңдеген турак жайлар, мекемелер электроэнергиясыз калды. Темир жол байланышы үзгүлтүккө учурады.

Домодедово аэропортунда азыр электроэнергия калыбына келтирилди. Ага чейин 3 күндөн бери жүргүнчүлөрдү каттоо, жүктөрдү тапшырып-алуу мүмкүн болбой жаткан. Айрым маалыматтарга караганда, дүшөмбүнүн кечинде аэропортто 6 миңге чукул адам топтолуп калган.

Ал эми Шереметьеводо учактардын тоңушун алдын алуучу суюк заттын тартыштыгынан улам бир нече рейс аткарылбай калды.

Эки жерде тең уча албай кыйналган жүргүнчүлөр аэропорттун кзыматкерлерин кризистик жагдайды жөнгө сала алышпайт деп айыпташууда. Уктаар эмес отурганга жер тартыш, суу жетпейт. Көптөрү кичинекей балдар менен бараткан жолчулар. Эң негизгиси эч кандай маалыматтын жоктугу, - дешет жүргүнчүлөр.


Шереметьево эл аралык аэропортунун башкы директору Михаил Василенко абал акырындап калыбына келтирилип жатканын маалымдады.

Бирок аэропорттордо болгон адамдар башаламандык дагы эле өкүм сүрүп жатканын сүрөттөшөт. Шереметьеводон уча албай калган жолчулардын бири, НТВ телеканалынын кабарчысы Павел Селин “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун орус кызматына буларды айтып берди:

- Мен азыр Шереметьевонун Д терминалында турам. Бул жерде болуп жаткандарды коллапс жана хаос деп атайт элем. Адамдардын бир нече күндөн бери уча албай жатышы аз келгенсип, рейстери жөнүндө эч кандай маалымат ала алышпайт. Аэропорттун же Аэрофолоттун бир да өкүлү көрүнбөйт. Жетекчилердин бардыгы жашынып отуруп алышты.

Кыргызстан менен орус баш калаасы ортосунда күнүнө бир нече рейс аткарылат. Кыргызавианавигация ишканасынын Оштогу филиалынын өкүлү Эрлан Нарбаев Москва менен авиаикаттамга да Домодедоводогу абал таасир эткенин айтты.

XS
SM
MD
LG