22-июлдан тарта «Western Union» аркылуу Орусиядан башка чет өлкөгө бир адам айына 600 миң рубль гана жөнөтө алат.
Жаңы эреже акчанын изин жашыруу, терроризмди каржылоо менен күрөшүү мыйзамынын алкагында кабыл алынган. «Western Union» мындай чектөөнү Орусиянын Улуттук банкынын тапшырмасы менен киргизген.
Улуттук банк бул чектөө көмүскө операцияларга бөгөт коюу, каттоодон өтпөгөн ишкерлер менен күрөшүү үчүн кабыл алынып жатканын белгиледи.
Банктын өкүлү Алма Обаева акча которуучу компания тескөөчүнүн сунуштарын ишке ашырганын айткан.
«"Western Union" акча которуу багыттары башка системаларга салыштырмалуу кыйла кеңири, андыктан ишкерлер аны көмүскө импорттун акысын төлөө үчүн колдонушу мүмкүн. Мындай көйгөй бар, Улуттук банк "Western Union" аркылуу акча которуулардын көлөмү менен багыттарын карап чыгып, шек жараткан операцияларды аныктаса керек», - деген Обаева РБКга курган маегинде.
«Western Union» аркылуу дүйнөнүн 200дөй өлкөсүнө акча жөнөтүүгө болот. Азырынча Орусиядагы «Золотая Корона», «Contact», «Юнистрим» системаларына мындай чектөө киргизилгени кабарлана элек. Орусиянын Улуттук банкынын маалыматына ылайык 2018-жылы өлкөдөн чет жакка бул системалар аркылуу 9 миллиард доллардан ашык каражат которулган.
Адистердин баамында «Western Union» системасынын чектөөсү катардагы мигранттарга таасирин тийгизбейт.
Буга чейин апрелде Орусиядан Казакстан, Кытай, Вьетнам, Кыргызстанга акча которууга айына 100 миң рублдик чектөө коюлган.
Адистер анда бул кыргызстандык ишкерлер менен соодагерлерге тоскоолдук жарата турганын белгилешкен.
Кыргызстандан Орусияга товар ташып иштеген Эрнист Садиев учурда кыргызстандык ишкерлер ашыкча чыгым тартып жатканына токтолду.
"Биз күн алыс Москвага келген товарга акча салып турабыз. Чек койгондон бери ар кимге барып, «акча салып койгула» деп жүрөбүз. Чынын айтканда, кайрыла турганга киши деле калбай калды. Анан өз ара эсептешүүгө өттүк, бул дагы коркунуч. Ортодо кызмат сунуштаган жеке банктар пайда болду. Албетте, алардын кызматы кымбат. Мындайча айтканда, мурда 100 миң рубль которуп, миң рубль кошумча төлөсөк, азыр чыгым үч-төрт эсеге көбөйүп кетти. Соодада иштегендердин баары эле кыйналып жатат".
Экономисттер акча которуудагы мындай чектөө чакан жана орто бизнестин ээлерине оорчулук жаратып, акчаны мыйзамсыз ташуу күч аларын мурда эле эскертишкен.
Москвалык экономист Максим Блант орус өкмөтү каржы рыногуна көзөмөлдү мындан ары да күчөтө турганын белгилейт.
"Эки тенденция бар. Биринчиден, орус өкмөтү көптөн бери эле адамдардын бардык каржылык операцияларын тыкыр көзөмөлгө алууга аракет кылып келет. Бул адамдардын жеке акчасы экени эч кимди кызыктырбайт. Экинчиден, орус бийлиги азыр кризиске активдүү даярданып жатат. Мындай чектөө бир гана акча которууда эмес, салык-жыйымдарга, банктык эсептерге чейин кирип жатат. "Western Unionдун" 600 миң рублдик чектөө киргизгени жөнөкөй эле мисал. Абал мындан ары да оорлоп, чектөө кире берет. Каржылык чектөөлөрдөн буйтап өтүүнүн бир жолу бул - блокчейн", - деди Максим Блант.
22-июлда Орусиянын экономикалык өнүгүү министри Максим Орешкин «Эхо Москвы» радиосуна курган маегинде орус экономикасындагы абалга үстү-үстүнө насыя алган калкты айыптаган.
Элдин банкка карызы 15 трлн. рублдан ашканын белгилеген министр бул карыздардын айынан 2021-жылга карата өлкөнүн ички дүң өндүрүмү үч пайызга кыскарып, Орусияда экономикалык кризис башталарын болжогон.
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.