Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:30

"Мамлекет ишкерлерди мафиядан коргошу керек"


Грузиялык саясат таануучу, аскердик эксперт Вахтанг Майсая
Грузиялык саясат таануучу, аскердик эксперт Вахтанг Майсая

Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топторго каршы соңку күрөштүн алкагында кримдүйнөнү каржылоого шек саналган ишкерлер да кармалып жатат. Бул маселенин айланасында грузиялык саясат таануучу, аскердик эксперт Вахтанг Майсая маек куруп, грузин бийлиги “мыйзамдагы уурулардан" кантип арылганын айтып берди.

- Кезинде Грузия пост-советтик чөлкөмдө эң криминалдашкан өлкөлөрдүн бири деп сыпатталчу. Алгач 2003-жылдагы Роза ыңкылабынан кийинки реформаларга чейин Грузияда кылмыштуу топтор канчалык таасирдүү болгонун түшүндүрүп бересизби?

- Грузияда уюшкан кылмыштуу топторго каршы жапырт күрөш Роза ыңкылабынан кийин башталган. Бул ыңкылапта Грузияны хаоско жеткирген Эдуард Шеварднадзенин коррупциялашкан өкмөтү бийликтен кеткен.

Шеварднадзенин тушунда Грузия “болбой калган мамлекет” деген атка конгон болчу. Себеби өлкөдө “мыйзамдагы уурулардын” таасири чоң эле. Алар иш жүзүндө сот бийлигинин ордун ээлеп алган.

Себеби бардык талаш-тартыштарды кылмыштуу топтордун лидерлери чечип калган. 50-100 чамалуу кримавторитет Грузиянын бардык аймактарын көзөмөлдөп турган. “Мыйзамдагы уурулар” Грузияда ошол кезде укук коргоо органдары жана саясий элита менен коюн-колтук алышып кеткен.

“Мыйзамдагы уурулар” Грузияда Советтер Союзу учурунда эле орун очок алып калган. Советтер мезгилинде алар бүтүндөй көмүскө экономиканы көзөмөлдөп турган. Союз ыдырагандан кийин бул “институтту” Грузия “мурастап” калган. Керек болсо “мыйзамдагы уурулардын” бири кылмыштуу террорчулук менен алектенип, өлкөнү иш жүзүндө башкарып турган.

Шеварднадзенин режими кулатылгандан кийин Михаил Саакашвили, Нино Бурджанадзе жана Зураб Жвания баштаган топ корруцияга жана “мыйзамдагы уурулардын” системасына натыйжалуу күрөштү баштады.

- Бул күрөштүн ийгиликтүү болушуна кайсы факторлор же чечимдер түрткү берген?

- Биринчиден, Грузия советтик башкаруу моделинен баш тарткан. Биз мамлекеттик түзүлүштүн Батыш моделине же демократиялык моделге өттүк. Бул дагы уюшкан кылмыштуу топторго жана “мыйзамдагы ууруларга” каршы чечкиндүү түрдө каршы турууга шарт түздү.

Экинчиден, ошол кездеги бийлик кылмыштуу топторго каршы күрөштү улуттук коопсуздук маселесинин деңгээлине чыгарган. Бул маселе ички жана сырткы коркунучтарга каршы күрөштүн негизги компоненти катары таанылган.

Атайын координациялык кеңеш түзүлгөн. Бул көрүнүшкө каршы күрөшүүгө Ички иштер министрлиги гана эмес, Мамлекеттик коопсуздук кызматынын өкүлдөрү да тартылган. Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш тышкы агрессия сыяктуу эле жогорку деңгээлде көңүл бурулуучу маселе катары каралган.

Үчүнчүдөн, тиешелүү мыйзамдар кабыл алынган. Мафияга каршы атайын мыйзамдардын пакети иштей баштаган. Ага ылайык, уюшкан кылмыштуу топторго мүчө болуу кылмыш деп таанылган.

- Чынында Грузияда 2005-жылы кабыл алынган “Уюшкан кылмыштуулук жана рэкет жөнүндө” мыйзамды Кыргызстанда көп мисал келтиришет. Ага ылайык, кримтөбөл же “мыйзамдагы ууру” экенин мойнуна алган адамдар абакка кесилген жана алардын мал-мүлкү конфискацияланган. Кыргыз милициясы да азыр ушуга окшош мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Ушул мыйзам Грузияга канчалык жардам берди? Бир эле мыйзам менен кримдүйнөнү ооздуктоо мүмкүн болбосо керек...

- Абдан жакшы жардам берди. Анткени анда кылмыштуу топторго мүчө болгондорго катаал чаралар камтылган. Беш жылдан жети жылга чейинки абак жазасы каралган. Ошондуктан уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү камала баштаган.

Ошол кездеги бийлик атайын түрмөлөрдү куруп, абактарды башкарган бирдиктүү системаны түзүп чыккан. Бул чаралар мафиянын мүчөлөрүн сүрүп чыгарууга жардам берген.

Кайсы бир деңгээлде мамлекет өтө ашкере кеткен же, тескерисинче, өзү камактагы адамдарга зордук-зомбулук көрсөткөн учурлар да болгон. Мисалы, 2005-жылы түрмөлөрдөгү тополоң күч менен басылган. Анда кылмыштуу топтордун өкүлдөрүнөн тышкары алардын идеологиясын колдобогон башка адамдар да каза тапкан. Ал кезде авторитардык ыкма колдонулган жана адам укуктары да бузулган.

- Азыр Грузия уюшкан кылмыштуу топтордун тамырын толук кырка алды деп айта алабызбы? Өлкөдө кылмыштуу топтордун таасири барбы?

- Алардын таасири кескин түрдө азайды. Анын тамырын толук кыркуу мүмкүн эмес. Азыркыга чейин грузин түрмөлөрүндө “мыйзамдагы уурулардын” таасири кайсы бир деңгээлде сакталып келе жатат. Алардан толук арылуу мүмкүн эмес. Бирок кардиналдуу түрдө таасирин азайтса болот.

Грузияда “мыйзамдагы ууруларга” каршы катаал чаралар колдонулган. Алар жапырт кармалган. Андан кийин алар менен кандайдыр бир деңгээлде макулдашуу болгон жана аларды Грузиядан чыгарып жиберишкен. Бул алардын таасирин азайтууга шарт түзгөн. “Мыйзамдагы уурулар” Грузиянын ичиндеги кырдаалга таасирин тийгизе албай калган.

Дагы бир маанилүү жагдай бар. “Мыйзамдагы уурулардын” айрымдары Грузия менен касташкан башка өлкөлөрдүн, анын ичинен Орусиянын атайын кызматтары менен байланышта болгон. Мындан улам алардын таасири азайтуу улуттук коопсуздук маселесине айланган.

- Октябрь айында Бишкекте “мыйзамдагы ууру” аттыккан Камчы Көлбаев атайын операция маалында өлтүрүлдү. Аны улай кыргыз бийлиги кылмыштуу топторго каршы аёосуз күрөш жүргүзөрүн жарыялап, мындай топтордун мүчөлөрүн гана эмес, аларды каржылады делген ишкерлерди да кармап жатат. Грузияда кылмыштуу топторго “салык төлөп турган” ишкерлерге кандай мамиле болгон? Аларды да камакка алуу канчалык туура?

- Менимче, бул туура эмес. Ишкерлерди, тескерисинче, кылмыштуу топтордон коргоо керек. Грузияда мамлекет бизнес тармагын коргоо милдетин өз мойнуна алган жана ага таасирин тийгизген факторлордун тамырын кырккан.

Азыр кылмыштуу топтор бизнес секторуна эч кандай кийлигише албайт. Себеби мамлекет ишкерлерди коргойт.

Бирок буга деле бир күндө келген жокпуз. Анткени кылмыштуу топтордун ордун мамлекет өзү ээлеп алып, мамлекеттик түзүмдөр ишкерлерди опузалаган жана кайсы бир деңгээлде өздөрү “мыйзамдагы уурулардын” ролун аткарган учурлар болгон. Кыргызстанда да ушундай окуялар болуп кетиши мүмкүн. Ортодогу чектен өтүп кетпөө керек.

Азыр Грузияда бизнес мамлекеттин монополиясынан бөлүнгөн. Ишкерлерге тоскоолдук жараткан бюрократиялык тоскоолдуктар жоюлган. “Бирдиктүү терезе” же “Адилеттик үйү” сыяктуу мекемелер бар. Кайсы бир мүлктү же транзакцияны жеңил эле мыйзамдаштырып алса болот. Бизнести, кылмыштуу топторду жана мамлекеттик түзүмдөрдү байланыштырган системаны жоюуга багытталган чаралар көрүлгөн.

- Кыргызстандагы кырдаалга көз салып жаткан болсоңуз, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү маселесинде кандай сунуштарды айтмаксыз?

- Грузиянын тажрыйбасын эске алып, кылмыштуу дүйнөгө каршы күрөштү улуттук коопсуздук маселесинин деңгээлине чыгаруу керек. Бул башка өлкөнүн агрессиясы же террорчул чабуул сыяктуу эле олуттуу маселе.

Экинчиден, улуттук коопсуздукка жооп берген кеңештин алдында бул маселеге жооптуу боло турган мекеме түзүү керек. Аталган кеңеш уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү көзөмөлдөп турат.

Үчүнчүдөн, бизнес, кылмыштуу топтор жана бийлик өкүлдөрүнөн турган үчилтикке жол ача турган бюрократиялык тоскоолдуктардын баарын жоюу керек.

Төртүнчүдөн, “мыйзамдагы уурулардын” институтуна каршы тиешелүү мыйзамдарды кабыл алуу зарыл.

Бешинчиден, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшкө байланыштуу улуттук стратегия керек.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG