Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:27
2020-жылы 29-июнда Маалымат мыйзамына каршы акция өткөн.
2020-жылы 29-июнда Маалымат мыйзамына каршы акция өткөн.

Чуулуу мыйзам парламенттен өтпөй калды

Жогорку Кеңештин жыйынында “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору өтпөй калды. Ага 97 депутаттын 59у “макул” деп добуш берсе, 38и “каршы” болду. Мыйзам долбоору биринчи окуудан өтүш үчүн 61 добуш талап кылынат.

Бир күн мурда 29-июнда тармактык комитет мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алган болчу.

Буга байланыштуу 30-июнда Жогорку Кеңештин алдында жарандык коомдун өкүлдөрү, активисттер “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбооруна каршы митингге чыгышкан. ​

Change.org платформасында документке каршы онлайн кол топтоо жүрүп жатканы кабарланган. Анда Жогорку Кеңештин депутаттарын мыйзам долбооруна каршы добуш берүүгө чакырык ташталган. Активисттер президентти парламент документти кабыл алса да, ага кол койбоого үндөшкөн.

Эске сала кетсек, жарандык коом былтыр, 29-июнда дал ушул мыйзамга каршы митингге чыккан.

Мыйзамдын авторлору Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова.

16:03 30.6.2021

16:07 30.6.2021

Мамасадык Бакиров: Кайсы мамлекеттерде фейктерге каршы мыйзам менен тыюу салынган.

Гүлшат Асылбаева: Демократия орногон Европа өлкөлөрүндө, Америкада, Сингапурда да бар.

Мамасадык Бакиров: Биз ушул этаптан өтүп атабыз. Убакыт өткөндөн кийин элибиз ак-караны таразалап алат деген ойдомун. Ансыз деле биздин дарегибизге көптөгөн сындар айтылып келет. Мен каршымын бул мыйзамга.

16:10 30.6.2021

Рыскелди Момбеков: Он айдан кийин кийин карап, өлүп калган мыйзамды карап атабыз. Бул каршы сүйлөгөн адамдарга каршы мыйзам бул. Ар-намысты сен мыйзамдан издебе, элдин арасынан изде. Комментарийлерге маани бере берген болбойт да. Бул бийлик үчүн иштейт.

16:13 30.6.2021

Бактыбек Райымкулов: Мен НПО тууралуу мыйзам жазганда мага да каралоо күчөгөн. Фейктерди бийликте отургандар да колдонуп атат. Мыйзам иштесе бийлигинин да, башкаларынын да бети ачылат. Союз маалында тоголок арыз жазгандар болгон. Ошол адаттан кетишибиз керек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG