Кыргызстандыктарды интернет менен камсыз кылган провайдерлердин башын бириктирген Байланыш операторлор ассоциациясы мыйзам долбооруна каршы болууда.
“Бул мыйзамды аткарууда интернеттин баасы өсөт. Абоненттерди идентификациядан өткөрүү, бөгөт коюу иштери үчүн аппарат, программалык камсыздоо болуш керек. Бир канча адам иштөөгө тийиш. Ага каражат пландалган эмес. Мыйзамда каралган иштер бизнестин функциясы эмес. Ошондуктан каршы чыгып жатабыз. Интернетти чектөө - пайдасыз жол. Бөгөт коюуну айланып өтүүнүн толгон-токой амалы бар”, - деди Байланыш операторлор ассоциациясынын аткаруучу директору Айбек Күрөңкеев.
Баш мыйзамдын 86-беренесинин 3-бөлүгүндө мамлекеттин бюджетинен каржыланып, чыгымды көбөйтө турган мыйзам долбоорлору Министрлер кабинети каржы булагын аныктагандан кийин кабыл алынары жазылган.
Буга чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги долбоорду ишке ашыруу үчүн каражат жок экенин билдирген. Бирок 28-июндагы парламенттин тармактык комитетинин жыйынында макулдашылган вариантка министрдин орун басары кол койгону белгилүү болду.
“Медиа полиси” институтунун юристи Нурбек Сыдыков “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантында ишке ашпаган нормалар жазылганын белгилеген.
“Бул мыйзам боюнча Министрлер кабинети ыйгарым укуктуу бир органды аныктайт. Ал органга бирөө жарым арыз менен кайрылса, 48 сааттын ичинде аброюна шек келтиреби, маалымат жалган же чын экенин карап чечим чыгарат. Ал чечимди интернет-провайдерлер 24 сааттын ичинде аткарыш керек. 48 сааттын аралыгында жалган-чынын аныктоо мүмкүн эмес. Сотто көрүп жүрөсүздөр, мындай иштер айлап созулат. Кээ бир иштерге лингвистикалык экспертиза зарыл болот”.
Укук коргоочу Рита Карасартова: Документтин атын алмаштырып койгону менен маңызы мурдагыдай эле. Былтыр да парламенттин сессияларынын акыркы күндөрүндө бул долбоорго каршы жаштар “мен фейк эмесмин” деген акцияга чыгышкан.