Депутат Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова демилгелеген «Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзам долбоору парламенттин үчүнчү окуусунан өтпөй калды. Ага депутаттардын 59у «макул», 38и «каршы» деп добуш берди — мыйзам долбоору өтүшү үчүн 61 добуш керек.