Аманкул Токтомаматов: Биз фейктен корксок, депутат болуп эмне кереги бар? Чиновник болуп эмне кереги бар? Ошол айтылып аткандардын 10% чын. Ансыз деле биздин дарегибизге сын айтылып атканда эмне кереги бар. Мен бул мыйзамга каршымын. Ар-намысыбызды өзүбүз эле коргоп алабыз. Бул мыйзамдын азыр кереги жок.
Дастан Бекешев: Мен кесиптешимди колдойм. Саясатка келдиңби анда чыда. Анткени ичи күйгөндөр бар. Чыдабасаң, үйүңдө отур. Фейктер менен миллиарддаган бюджети бар компаниялар күрөшө албай жатат. Биз 2 миллиард бюджетибиз менен кантип күрөшөбүз? Мен тууралуу деле Садыр Жапаровдун баракчасынан эмне деп жазды эле. Кайра фейк деп чыгышты. Ким далилдейт? Сынды ашканада да айтышат. Эми алар менен күрөшөбүзбү?
Кожобек Рыспаев: Фейктер, фейк сайттар билинип эле турат да. Ошолорду өчүрүп коюу жол-жобосу мыйзамга кирдиби? Фейк Америкада отуруп алып, жазып атса кантип табабыз? Түркмөнстанга барды мына, ал жакта интернет жок экен. Мен бул мыйзамды колдойм. Мен бир да провайдерлер жазалаганын уккан эмесмин.
Бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатат. Талкуунун жүрүшүндө депутаттардын арасында кайым айтышуу орун алды.
Депутат Абдувахаб Нурбаев жалган маалыматты ким аныктап, ким чара көрөрүнө кызыкты. Мыйзам долбоорунун автору Гүлшат Асылбаева ага Министрлер кабинети жооптуу болорун айтты.
“Жалган маалыматты ыйгарым укугу бар органдар аныктайт. Ага Министрлер кабинети ага жооптуу болот”, - деди Асылбаева.
Ал долбоордун негизги максаты ар бир жарандын укугун коргоо жана такталган маалымат алууга шарт түзүү экенин айтты.
28-июнда Жогорку Кеңештин тармактын комитети аталган мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алган.