Журналист Лейла Саралаева: Депутат Гүлшат Асылбаева бул мыйзамды мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун дарегине кескин сын-пикир айтыла баштагандан кийин демилгелеп чыкканын унутпасак. Жарандык коомдун каармандык менен күрөшүнүн аркасында президент чегинип, мыйзамга кол койгон эмес. Октябрь окуяларынан кийин Асылбаева бул мыйзамды кайра көтөрүп чыкканы кыжырды келтирет. Бул мыйзам мурдагы президент баскан тырмоок экенин унутуп калыштыбы? Ошондуктан биз азыркы бийликти эски каталарды кайталабагыла деп эскертип чыктык.
Акциянын катышуучусу Рита Карасартова мыйзам долбоору кабыл алынса, бийликти бир колго топтоонун акыркы этабы болорун айтты.
“Чоң-чоң мамлекеттер мындай күрөш натыйжалуу эмес деп тапкандан кийин 6-чакырылыштын депутаттары эмнеге жармашып калды билбейм. Жээнбековдун тушунда митингден кийин токтоп калган. Азыр президент бардык бийликти колуна алды, бул мыйзам өтүп кетсе "мен бийлейм" деген саясаттын жыйынтыктоочу этабы болот. Мыйзам активисттердин, маалымат каражаттарынын жана блогерлердин оозун жабуу үчүн жазылган. Үн катып, "саясатың туура эмес" деп айткан кишилерди суракка чакырып, жүдөтүп, бир нерсе таап алса, камакка алганга мүмкүнчүлүк болот”.