Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:32
2020-жылы 29-июнда Маалымат мыйзамына каршы акция өткөн.
2020-жылы 29-июнда Маалымат мыйзамына каршы акция өткөн.

Чуулуу мыйзам парламенттен өтпөй калды

Жогорку Кеңештин жыйынында “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору өтпөй калды. Ага 97 депутаттын 59у “макул” деп добуш берсе, 38и “каршы” болду. Мыйзам долбоору биринчи окуудан өтүш үчүн 61 добуш талап кылынат.

Бир күн мурда 29-июнда тармактык комитет мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алган болчу.

Буга байланыштуу 30-июнда Жогорку Кеңештин алдында жарандык коомдун өкүлдөрү, активисттер “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбооруна каршы митингге чыгышкан. ​

Change.org платформасында документке каршы онлайн кол топтоо жүрүп жатканы кабарланган. Анда Жогорку Кеңештин депутаттарын мыйзам долбооруна каршы добуш берүүгө чакырык ташталган. Активисттер президентти парламент документти кабыл алса да, ага кол койбоого үндөшкөн.

Эске сала кетсек, жарандык коом былтыр, 29-июнда дал ушул мыйзамга каршы митингге чыккан.

Мыйзамдын авторлору Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова.

10:21 30.6.2021

Кыргызстандыктарды интернет менен камсыз кылган провайдерлердин башын бириктирген Байланыш операторлор ассоциациясы мыйзам долбооруна каршы болууда.

“Бул мыйзамды аткарууда интернеттин баасы өсөт. Абоненттерди идентификациядан өткөрүү, бөгөт коюу иштери үчүн аппарат, программалык камсыздоо болуш керек. Бир канча адам иштөөгө тийиш. Ага каражат пландалган эмес. Мыйзамда каралган иштер бизнестин функциясы эмес. Ошондуктан каршы чыгып жатабыз. Интернетти чектөө - пайдасыз жол. Бөгөт коюуну айланып өтүүнүн толгон-токой амалы бар”, - деди Байланыш операторлор ассоциациясынын аткаруучу директору Айбек Күрөңкеев.

10:20 30.6.2021

10:18 30.6.2021

Мыйзам долбоорунун мазмуну

“Медиа полиси” институтунун анализине ылайык, бул мыйзам долбоору ишке кирсе, Министрлер кабинети аны аткаруу боюнча мамлекеттик органды аныктайт.

Министрлер кабинети аныктаган мамлекеттик орган жалган маалымат таратуу тууралуу арыз түшкөндөн кийин 48 сааттын ичинде чечим чыгарышы керек. Сайт же баракча мамлекеттик органдын чечимин 24 сааттын ичинде аткарууга милдеттүү.

Ошондой эле, Кыргызстандын интернет мейкиндигиндеги сайттын же баракчанын ээси өзүнүн фамилиясын, инициалдарын, электрондук почтасын ачык жазыш керек.

Министрлер кабинети дайындаган мамлекеттик орган провайдерлерге белгисиз интернет колдонуучуну аныктоону милдеттендирет.

Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда провайдер абоненттерди бирдиктүү идентификация тутуму аркылуу каттоого милдеттүү экени каралган. Интернет-провайдер соттун же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талабы боюнча абонент жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү болот.

10:17 30.6.2021

Буга чейин “Медиа полиси” институту сөз болуп жаткан мыйзам долбоорунун макулдашылган варианты тууралуу кеңири анализин жарыялаган.

Анда документ Баш мыйзамга, эл аралык келишимдерге каршы келип, Адам укугун, Сөз эркиндигин чектей турганы жазылган. Иш жүзүндө жалган маалыматты чектөө шылтоосу менен бийликтегилер алардын ишмердүүлүгүн жана жүрүм-турумун сынга алууга тыюу салганы жатканы белгиленген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG