Кыргыздар эзелтен бери уруу-уруу болуп өз тиричилигин кылып келген, ал болсо биздин коомубуздун түзүлүшүн аныктаган. Тиричилигибиз көбүнесе мал жандыкка байланышкан, ошол себептен биз бир жерде туруктуу жашабастан, көчмөндөрдүн катарында болгонбуз. Ар бир уруу ар кайсы жерде малын жайчу, ошого байланыштуу ар бир уруунун өзүнүн бийи, баатырлары болчу.
Жалпы улуттук деңгээлдеги ой жүгүртүү болгон эмес, ар бири өзүнүн уруусунун кызыкчылыгын ойлогон калк болчубуз. Буга байланыштуу көптөгөн ич ара согуштарды жана талаш-тартыштарды тарых беттеринен тапсак болот. Керек болсо тышкы күчтөр менен согуш жүрүп турган учурларда да бардык уруулардын биригип кетүүсү тарыхта жокко эсе.
Биригүү кайсы учурларда болгон? Тышкы күчтөр бастырып киргенде же уруулардын арасынан бири күчтөнүп, калгандарын күч менен бириктиргенде гана болгон. Анда да саясий абал өзгөргөнү менен бардык баланс бузулуп тирешүүлөр, согуштар башталып, жалпы улутубуздун өнүгүшүнө тоскоолдук болгон. Тамыры баары бир кыргыздын кокту-колот, уруу-уруу психологиясына барып такалат, анткени жалпысынан мындай тар көз караш өкүм сүргөн соң элдин алдыңкылары да бул көз карашты карманышкан.
Маалымат инфраструктурасынын болбогону мындай тар ой жүгүртүүнүн негизги себептеринин бири. Эмне себептен биз бул деңгээлден чыга алган эмеспиз? Бул биздин тиричилигибизге байланыштуу болгон. Туруктуу отурукташпаган жери болбогон соң маалыматтык инфраструктуралар да болгон эмес (китепканалар, мектептер, массалык маалымат каражаттары).
Бул көрүнүш улана берди жана адегенде бул структурага совет доорунда чоң сокку болду. Биринчиден, союздун катарына киргенде совет бийлиги өз маалыматтык инфраструктурасын кура баштады. Ал инфраструктуранын продукту бул союздун жараны, ал адамдын теги кыргыз болгону менен анын ой жүгүртүүсү, көз карашы такыр башка болчу. Ал союздун жаңы жараны өзүн совет мамлекетинин тарыхы, жетишкендиктери менен идентификациялачу, орусча сүйлөп, орусча ой жүгүртчү. Бул жаңы көз караш, ой жүгүртүү үстөмдүк кыла баштаган соң адегенде эле шаарларды ээледи. Кыргыздын өзүнүн дүйнө таанымы, жашоого болгон көз карашы элетке кетип, ал жактан өнүкпөй консервация боло баштады.
Бирок күчтүү держава бойдон кала берет деген союз да чачырады. Кудайдын буйругу менен нечен жылдар бою ата-бабаларыбыз эңсеп келген эгемендүүлүк башыбызга бакыт болуп конду, биз өзүбүзгө өзүбүз ээ болуп, каалагандай мамлекет курууга тарыхый мүмкүнчүлүк алдык.
Чоң мамлекет ураган соң буга чейин бир болгон экономика, саясий-башкаруу системасы жана маалыматтык инфраструктура да талкалана баштады. Эми тескери процесстер жүрө баштады, эл элеттен шаарларга агыла баштады.
Бирок бул процесстин жакшы жактары менен кошо эски жаралар да козголо баштады: мурун консервацияланып турган кокту-колот, уруу-уруу психологиясы кайрадан күч ала баштады, биздин өзүбүзгө таандык ой жүгүртүү союз учурунда өнүккөн эмес, ал болгону консервация болуп турган.
Тилекке каршы бизде өзүн "элита" деп атаган адамдар калың журтубузда жайылган уруу психологиясын колдонуп, өзүнүн саясий максаттарын ишке ашыра башташты. Өзгөчө шайлоо учурунда элдин добушун алуу, же бийлик менен тирешүүдө элди топтоп, көтөрүү үчүн бул инструменттерди колдонушчу. Бирок ал өзүнүн кыска саясий максаттарына жеткени менен жалпы журтубуздун ынтымагына, биримдигине каршы иш кылып жатканына, өзүн таба албай турган элди кайраштырганына башы да ооруган жок, эми буга тарых өзү баа берсин.
Бирок элибиздин бактысына саясатчыларыбыздын тар ой жүгүртүүсүнө карабаган дүйнөлүк процесстер да бар экен жана жаманбы-жакшыбы кыргызда маалыматтык инфраструктуралар пайда болду.
Болгону буга чейин бизде мындай технологияларды өз алдынча туура колдонуу тажрыйбабыз жоктугунан улам башында натыйжалуу пайдалана албай келгенбиз. Бул биздин инфраструктурабыздын продуктусу кандай жаран болушу керек? Ал жарандын көз карашы, баалуулуктары кандай болушу керек? Бул суроолорго мамлекеттин бирдиктүү көз карашы жок.
Бирок дүйнөлүк процесстер мамлекетти да карабайт экен, эң жакшысы - Интернет, социалдык тармактар пайда болду. Социалдык тармактардагы талкуу мурунку кокту-колот, уруу-уруунун деңгээлиндеги ой жүгүртүүнү талкалап, жалпы улуттук дискурсту пайда кыла баштады. Коомубуз социалдык тармактарда жалпы журтубузга байланыштуу көйгөйлөрдү талкуулап, бул жаңы реалдуулукта көп маалымат булактарынан сугарылып, жаңы көз караш жана ой жүгүртүү калыптанып жатат.
Эми бул процесстин жыйынтыгында жаңы кыргыз пайда болушу керек, мына ошол жаңы кыргыз эгемендүү Кыргызстандын өзөгү болот. Ал кыргыз жалпы мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртөт жана өзүнүн тар дүйнөсүндө жашабайт. Мына ошондой жарандардын пайда болушу жалпы улуттук деңгээлдеги лидерлерди жаратып чыгат, "баатырды учур жаратат" дегендей, андай лидерлердин пайда болушуна шарт түзүлүп баратат.
Кыргызстандын 39 пайызы 15 жашка толо элек жарандарыбыз экен. Бул жаңы муун - социалдык тармактардын, Интернеттин мууну. "Элүү жылда эл жаңы" дегендей, бул биздин тарыхыбызда такыр болбогондой мүмкүнчүлүктөрү кенен муун. Бул жаңы жарандардын ой жүгүртүүсү өкүм сүрө баштаганда биздин саясатыбыз, экономикабыз да өзгөрө баштайт. Бирок жаңы пайда мүмкүнчүлүктөр менен кошо чоң коркунучтар да бар, аларга туура баа берип, туура кадамдарды таштасак дүйнө жүзүндө өзүбүздүн татыктуу ордубузду ээлеп, башкалар менен тең ата боло алабыз.
Канат Мидин уулу