Мындай чечимди аталган кен боюнча түзүлгөн конкурстук комиссия 4-майда кабыл алды. Конкурска катышкан мамлекеттик “Кыргызалтын” ишканасы сынак жыйынтыгына нааразы болуп, сотко кайрыларын билдирди.
Чет элдик компанияга артыкчылык берилди
Кыргызстан эгемендик алгандан бери колдон-колго өтүп, иштетилбей келген Жерүй кени боюнча кезектеги сынак бүгүн жыйынтыкталды. Жеңүүчү деп орусиялык “Восток-гоелдобыча” компаниясынын табылды. Конкурстук комиссияны жетектеген өкмөт алдындагы Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевдин айтымында, комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүгү орусиялык компанияга артыкчылык беришкен:
- Конкурс жыйынтыгы боюнча “Кыргызалтын” 305, ал эми “Восток-гоелдобыча” 405 упай алды. Мындай жол менен көптөн бери чиеленишип келген Жерүй маселесинин бир түйүнү чечилди окшойт. Эми уткан компания конкурс шарттарына ылайык, 30 күндүн ичинде 100 миллион долларды төлөшү керек. Андан соң үч күндүн ичинде лицензия берилет. Бул иштер бүткөндөн кийин эки жыл аралыгында Жерүйдө фабриканы куруп, кенди иштетип башташы керек.
Мындай жыйынтык сынакка катышкан “Кыргызалтын” ишканасынын өкүлдөрүнүн нааразылыгын жаратты. Компаниянын вице-президенти Сагынбек Абдырахманов чет элдик ишкананын жеңүүчү деп табылышын мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иш катары сыпаттады:
- Биздин толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Иштете алабыз. Бул багыттагы 30 жылдык тарыхыбыз бар. Акыркы эле жылдары "Макмалда" фабрика куруп иштеттик. Аны эске албай туруп, комиссия чет өлкөлүк компанияга карматып жатат. Кумтөрдү өз колубузга ала албай жатсак, кайра бул кенди башкага карматат. Бул деген мамлекеттик кызыкчылыкка кайдыгер мамиле болуп жатат.
“Кыргызалтын” Жерүйдү Улуу Британияда катталган Unity Gold Мining аттуу компания менен биргеликте иштетүүнү көздөп жаткан. Бул компаниянын артында араб ишкерлери турганы буга чейин айтылган. Ошондуктан комиссия мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Райкан Төлөгөнов “Кыргызалтындын” дооматы жүйөсүз экенин айтып, орусиялык компанияга артыкчылык берүү себебин мындайча түшүндүрдү:
- “Восток-гоелдобычанын” негизги артыкчылыгы - программаны бергенде финансылык булактары жана социалдык пакет үчүн каралган акчанын көлөмү сыяктуу талаптарды так көрсөтүп, конкреттүү сунуш менен чыкты. Ал эми “Кыргызалтын” болсо белгисиз компания менен меморандумга гана кол коюптур жана финансылык булактарды так көрсөткөн эмес. Андан сырткары конкурс шартында көрсөтүлгөн 100 миллион долларды эки айга убакыт берсеңер гана төлөйбүз деген бүдөмүк сунуштары көп экен.
“Восток-геолдобыча” эмнени убада кылууда?
Жерүйдү иштетүүгө белсенген “Восток-геолдобыча” Орусиядагы “Русская платина” компаниясынын курамына кирген ишкана. Ал Чеченстандан чыккан олигарх Муса Бажаевге таандык. Компания Орусиянын Хабаровск, Красноярск жана Норильск аймактарында түстүү металлдар чыккан бир нече кенди иштетет.
Компаниянын өкүлү Константин Злотниковдун “Азаттыкка” билдиришинче, алар Жерүй боюнча бардык милдеттемелерди аткарууга даяр:
- Жерүй боюнча бардык милдеттемелерди моюнубузга алдык. Анын баарын аткарабыз. Бул жаатта кыргыз өкмөтүнүн да, башка тараптардын да кызыкчылыгын эске алуу менен бул маселени чечебиз. Ал эми жергиликтүү тургундардын наарызылыгы боюнча айтсак, биз өз долбоорубузду сунуштап жатканда алардын өкүлдөрү да таанышып, эч кандай каршылыгын билдирген жок. Ошондуктан жергиликтүү тургундар менен тил табышабыз деп үмүттөнүп жатабыз.
Злотников айтып жаткан милдеттемелердин арасында эң алгач казакстандык “Визор” компаниясынын доосу турат. Анткени мурунку бийлик учурунда “Кыргызалтын” менен биргеликте “Жерүйалтын” компаниясын түзүп, кенди иштетүүгө лицензия алган казакстандык компания кыргыз өкмөтүн сотко берген. Ал лицензия мыйзамсыз жокко чыгарылды деп, 450 млн. доллар талап кылып жатканы маалым. Ошондуктан конкурста кайсы компания жеңбесин, ал "Визор" менен соттошууда пайда боло турган тобокелчиликти моюнуна алары сынак шартында жазылган эле.
Анткен менен Жерүйдү иштетүүгө кен жайгашкан Талас облусунун бир катар тургундары каршылыгын билдирип келет. Алар айылга жакын жайгашкан кенди иштетүү экологияга зыянын тийгизиши мүмкүн деп кооптонушат. Кен жайгашкан Бекмолдо айылынын тургуну Насир Турдалиевдин айтымында, конкурстан уткан компания жергиликтүү элдин бир катар талаптарын аткарышы керек:
- Учурда биздин аймактын бир катар тургундары кенди иштетүүгө каршы. Себеби кен айылыбызга 12 гана чакырым алыстыкта жайгашкан. Кумтөрдүн учурда эмне болгонун көргөн тургундар экологияга зыян келбейби деп кооптонуп турушат. Муну менен катар кен иштеткен соң финансылык тактык канчалык ачык-айкын жүргүзүлүп, жергиликтүү элге эмне пайда алып келет деген суроо бар. Ошондуктан ушул маселелерди чечүү керек. Муну менен катар кен иштеп, жумуш орундары түзүлсө жакшы болот эле деген тургундар да бар.
Жерүй - Кумтөрдөн кийинки Кыргызстандагы эң ири алтын кени. Анда 84 тонна алтын бар экени маалым. Өкмөт эки жыл мурун да Жерүй алтын кенин сынакка коюп, бирок ал өтпөй калган. Анда кендин баштапкы баасы 300 миллион доллар деп бааланган болчу. Бул жолку конкурста ал 100 миллион долларга арзандатылган.
Ошентип, өлкөдө эң ири алтын кен - Кумтөр боюнча маселеге чекит коюла электе, алтындын запасы боюнча экинчи орунда турган кенди иштетүү укугу орусиялык компанияга берилди.