Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:19

Бишкек мэрин түз шайлоо маселеси козголду


Бишкектин мэриясы.
Бишкектин мэриясы.

«МувГрин» экологиялык коомдук уюмунун жетекчиси Мария Колесникова Бишкек шаарынын башчысын түз шайлоо боюнча демилгечи топ түзүлүп жатканын маалымдады.

Ал бул тууралуу «Фейсбуктагы» баракчасына жазып, шаардыктарды демилгелүү топко кошулууга чакырууда.

Колесникова шаардагы маселелерди калаа башчысынан талап кылуу үчүн мэрди эл шайлашы керек деп эсептейт.

Мария Колесникова.
Мария Колесникова.

«Жакында Кыргызстанда Бишкек шаардык кеңешине шайлоо өтөт. Тургундар баш калаанын алдынкы жылдардагы багытын аныктоочуларды тандашат. Кийинки убакта бишкектиктер партиялардын шайлоо алдындагы убадаларын аткарбай жатканына күбө болушууда. Ал эми мэр болсо шаардыктар менен эсептешпейт. Ушундан улам, мэрди шаардыктардын түз шайлоосу боюнча демилге көтөрүлдү. Мэрлерди качан эл шайлаганда гана аларга түз баш ийет», деп жазды активист.

Азырынча бул чакырыктын алдына көрүнүктүү саясатчылардын ичинен Равшан Жээнбеков гана колдоо көрсөткөн комментарий калтырды.

Мындай демилге биринчи ирет көтөрүлүп жаткан жери жок. Акыркы жолу бул маселе былтыр 21-майда Бишкекте, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланганда козголгон. Аталган мыйзам долбоорунун ичине ошондой жобо киргизилгени бир топ талаш-тартыштарды жараткан жайы бар. Анда саясатчылардын айрымдары бул идеяны колдосо, башкалары буга эртелик кылат деп кооптонгонун айтып, үчүнчүлөрү популисттик чакырык катары таптакыр четке кагышкан.

«Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоевдин пикиринде, айыл өкмөт башчылары, мэрлер түз шайланса аларга көбүрөөк ишеним артылат.

Кенжебек Бокоев.
Кенжебек Бокоев.

- Бизде буга чейин да түз шайлоо болгон, келечекте да түз шайлоого өтүш керек, - деди ал. - Мен бул боюнча мыйзам долбоорун киргизгем. Ал биринчи окуудан өткөн. Эки-үч жылдан бери киргизбей жатышат, бут тосуу болуп жатат. Жергиликтүү башкаруу органдарын жергиликтүү эл, айыл өкмөт өзү шайлап алышы керек. Биз аларга таңуулабашыбыз керек. Президентти эл кандай түз шайласа, Жогорку Кеңештин депутаттарын кандай түз шайласа, өзүнүн айылынын, шаарынын башчысын да түз шайлашы керек. Анткени биздин Конституциянын багыты - түз шайлоо.​

Бирок мэрлерди түз шайлоо алар менен шаардык кеңештердин ортосунда карама-каршылыкка негиз болушу мүмкүн деп эсептегендер да бар. Коомдук ишмер Кубатбек Байболов «бул мыйзам долбоору колдоо тапса, мэрлер менен шаардык кеңештердин ортосундагы чатак ого бетер күчөйт» деген оюн «Азаттыкка» мындайча билдирген:

Кубатбек Байболов.
Кубатбек Байболов.

- Бүгүн күндө биз шаардын мэрин шайлап алган болсок, парламенттин түзүмү болгон шаардык кеңеш менен шайланган мэрдин ортосундагы чатакты пайда кылган болот элек да. Илимде айтылган, кош легитимдүүлүк проблемасы пайда болмок, шаардын деңгээлинде. Кыргызстандын деңгээлинде кош легитимдүүлүк маселеси 30 жылга чукул келе жатпайбы. Жалпы эл тарабынан шайланган парламент менен жалпы эл тарабынан шайланган президенттин ортосундагы тымызын тартыш... Бир туруп президент өзгөртөт Конституцияны, бир туруп депутаттар демилге көтөрөт. Мына ушул маселени биз шаардын деңгээлине да түшүргөн болот элек.

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстан мындай шайлоону башынан өткөргөнүн, ал уруу-урууга, айыл-айылга бөлүнүүгө алып келет деп эсептейт.

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

- Жүрбөй жаткан иш болсо эле анын баарын системадан көрүп, «түз шайласак эле оңолобуз, сотторду, мэрлерди, милицияны түз шайлайлы» деп чыгышат. Мунун баары популизм, биз ал тажрыйбаны башыбыздан өткөргөнбүз. Андан да оозубуз күйгөн, - деген эле ал «Азаттыкка» берген комментарийинде.

Кыргызстанда мэрлерди шаардык кеңештин депутаттары шайлашат. Бирок акыркы жолу Бишкектин мэри Азиз Суракматов да, өлкөнүн түштүк борбору статусуна ээ болгон Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов да атаандашсыз негизде шайланганы белгилүү. 2018-жылы 8-августта Бишкек шаардык кеңеши Азиз Суракматовду баш калаанын мэри кылып шайлаган. Ал эми Ош шаарынын мэрин шайлоо 2018-жылдын 18-июлунда өткөн. Баш калаанын башчысын шайлоо учурунда анын кыргыз тилинен тапшырган сынагы, мурда курулуш компанияларын жетектеп келгени сынга алынса, өлкөнүн түштүк борборунун жетекчисин шайлоодо шаардык кеңештин бир да депутаты ага суроо бербегени таң калтырган.

Атаандашсыз өткөн мэр шайлоолор тууралуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча эксперт, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана улут аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Бакыт Рыспаев:

Бакыт Рыспаев.
Бакыт Рыспаев.

- Атаандаштыгы жок шайлоону «шайлоо» эмес, сылык түрдө «дайындоонун формасы» деп атасак болот, - деп айтканы бар.

Ушу тапта Кыргызстандын негизги деп эсептелген эки шаарынын үч башчысына кылмыш иши козголгон. Атап айтканда, Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовго 2014-жылы кылмыш иши козголуп, эл аралык издөө жарыяланган жана сыртынан жети жылга соттолгон. Ал өзү бул кылмыш ишин саясий куугунтук катары баалап жүрөт.

Ал эми Бишкектин мурдагы шаар башчылары Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов айыпталуучу катары соттолуп жатышат.

Кулматов «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп соттолуп жатат. Ибраимовго «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Экөө тең Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурушат. Алар күнөөсү жок экенин айтышууда.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG