Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:52

Кыргызстандык Гүлназ Жүзбаева Паралимпиадага жолдомо утту


Спортчу Гүлназ Жүзбаева жана коштоп жүрүүчү Юлия Фернас.
Спортчу Гүлназ Жүзбаева жана коштоп жүрүүчү Юлия Фернас.

Жеңил атлетикадан параспортчу Гүлназ Жүзбаева Ноттвиль шаарында (Швейцария) өткөн лицензиялык мелдеште алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады.

Спортчу (коштоп жүрүчү Юлия Фернас менен) 1500 метр аралыкты 6 мүнөт 18 секундда чуркап өтүп, Париж Олимпиадасына жолдомо алды. 6-июнда башталган мелдеш 8-июнь күнү жыйынтыкталды. Кийинки лицензиялык мелдеш 10-15-июнь күндөрү Париж шаарында (Франция) өтөт. Ага кыргызстандык жөө күлүк Жалалидин Абдувалиев (коштоп жүрүүчү - Артём Шапилов менен ) катышат.

Спортчулар Жалалидин Абдувалиев менен анын жубайы Гүлназ Жүзбаева жөнүндө “Азаттык” 2023-жылы видео даярдаган.

Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына эки айга жетпеген убакыт калды. Ушу тапта кыргызстандык 15 спортчу Олимпиадага лицензия утса, алардын 10у балбандар. (TSh)

XS
SM
MD
LG