Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:13

"Кыргызстандагы тажиктер" бирикмеси Дүйшөмбүнүн айткандарын төгүндөдү


Мавлянжан Абдураззаков
Мавлянжан Абдураззаков

"Кыргызстандагы тажиктер" коомдук бирикмесинин биринчи вице-президенти Мавлянжан Абдураззаков Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин "Кыргызстанда этникалык тажиктер кысымга кабылууда" деген маалыматын төгүндөдү.

22-сентябрда Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтына Кыргызстанда тажик жарандарын жана этникалык тажиктерди куугунтуктоо саясаты жүрүп жатканы тууралуу билдирүү жарыяланган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги муну чагым деп атады.

Үч-Коргондогу тажик тилдүү мектепте илинген сүрөт.
Үч-Коргондогу тажик тилдүү мектепте илинген сүрөт.

Мавлянбек Абдураззаков "Азаттык" радиосуна комментарий берип, Дүйшөмбү тараткан билдирүү чындыкка дал келбей турганын айтты:

- Мен ал билдирүүнү (Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүн - ред.) окудум. "Кадамжайда тажик тектүүлөр иштеткен дүкөндөрдү жаптырып коюптур" деп жазылыптыр. Андай эмес, дүкөндөр иштеп жатат. Болгону, жергиликтүү бийлик спирттик ичимдиктерди сатпай турууну сунушташкан. Арак-шарап сатылбай жатат. Мас болуп, түрдүү кеп-сөз, талаш чыкпасын деген максатта ушундай кадамга бардык. Негизинен тажиктер жашаган Үч-Коргон кыштагында той, зыяпаттар убактылуу токтотулган. Чагым чыгып кетпесин деп тойканалар иштебей турат. Уруксат берилсе эле иштей башташат. Бийлик тарабынан жазуу түрүндө эч кандай тыюу салуулар болгон эмес, оозеки гана сунуш берилген. Кошуна шаарларда - Кызыл-Кыяда, Кадамжайда тойлор болуп жатат.

Улутуна байланыштуу басымга кабылгандар тууралуу фактыларды билбейм, себеби бизге эч ким кайрылган жок.

- Чек арада каргаша болгон аймактан убактылуу көчүрүлгөн кишилерге да башпаанек берүүгө мажбурланууда деген маалыматтын чын-төгүнү канчалык?

- Ал да чындыкка дал келбейт. Биз кыргызстандыкпыз, ушул өлкөнүн жарандарыбыз. Биз үчүн адамгерчилик маанилүү. Чек арадагы айылдардан качып келип, мечитке жайгашкан мекендештердин айрымдарына Үч-Коргондогу эки үй-бүлө убактылуу башпаана берди. Буга эч ким мажбурлаган жок. Биздин айылдаштарыбыз да "Үй бар" деген жазуулар менен чыгышкан. Бирок жардам сурап кайрылгандар азыраак болду. Андан тышкары, гуманитардык жардам да уюштурулуп жатат.

- Кыргыз-тажик чек арасында соңку жылдары күчөп, адам өмүрлөрү кыйылган кандуу окуялар жергиликтүү элдин маанайына кандай таасир кылып жатат?

- Биз чек арадан алысыраак жашайбыз. Ошентсе да чек арада жаңжал, кагылыш чыкса, биз ыңгайсыз абалга кабылабыз. Жаштардын арасында бири-бирине кыр көрсөткөндөр болот, бул эми табигый көрүнүш. Талаш маселелер чечилип, тезирээк тынчтык орносо экен.

"Азаттыктын" архиви. Үч-Коргондогу наабайчылар.
"Азаттыктын" архиви. Үч-Коргондогу наабайчылар.

- Чек арадагы жагдай кыргызстандык студенттердин Тажикстанга барып, ал жактан бул жакка келип билим алуусуна кандай таасир берип жатат?

- "Кыргызстандан тажикстандык студенттер депортацияланып жатат" деп ал өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги айтыптыр. Чынында, менин андан кабарым жок.

Мен быйыл Тажикстандын Билим берүү министрлигине барып келген элем. Алар кыргызстандык 40 студентке орун беришкен. Бирок биз жети эле студент таптым. Себеби, бизге маалыматты август айында беришти, студент тапканга он күн эле калган эле. Ошондо документ иштери менен Тажикстандын Билим берүү министрлигине барып, Кыргызстандан окуп жаткан тажикстандык студенттердин жетимиштей арызын көргөм. Алар окуусун мекенине которууну суранып жазышкан экен.

Биз кыргыз бийлигине да, тажик бийлигине да кайрылып, ортодо тынчтык, ынтымак орношуна кызыкдар экенибизди билдиребиз.

"Азаттыктын" архиви. Үч-Коргондогу тажикче окуткан мектептеги сабак учуру.
"Азаттыктын" архиви. Үч-Коргондогу тажикче окуткан мектептеги сабак учуру.

P.S.: Мавлянжан Абдураззаковдун айтымында, Кыргызстанда 60 миңдин тегерегинде этникалык тажиктер жашайт. Алардын көбү Кадамжай районундагы Үч-Коргон кыштагын байырлашат. Тажик тилинде окуткан бир канча мектеп бар. Андан тышкары, Лейлек районунда жана өлкөнүн башка аймактарында да жашашат.

Кыргыз бийлиги чек арадагы кол салуу деп атаган 14-16-17-сентябрдагы куралдуу кагылышууда бери дегенде 59 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 70 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазган. Бул маалыматты көз карандысыз булактан тактоого мүмкүн болбой жатат.

Бишкек менен Дүйшөмбү кандуу окуя үчүн бири-бирин айыптап жатат.

XS
SM
MD
LG