Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:54

Ананьеводогу кырсыкты атайын штаб иликтейт


Кечээ Ысык-Көл районунун Ананьево айылында газ куюучу станцияда болгон жарылуудан эки адам көз жумуп, жетөө оор абалда ооруканага жаткырылды.

Кырсыктын эмнеден келип чыкканы азырынча белгисиз. Ал арада техникалык коопсуздук сакталбаганына байланыштуу кылмыш иши козголду. Ишти иликтөө үчүн прокуратура, милиция жана Экотехинспекциянын кызматкерлеринен турган атайын штаб түзүлдү.

Кечээ болгон жарылуудан ага жакын жашаган тургундардын жүрөгү болк дей эле түшкөн экен. Айыл тургундарынын бири буларга токтолду:

- Жер кадимкидей силкинбедиби. Менин үйүм тиги жерде. Ошол жакка чейин урбадыбы.

Газ баллондун сыныктары, темир тезектер жакын жашагандардын короолоруна чейин учуп барган. Марат Токонбаев жарылууну өз көзү менен көргөн экен:

- Мен өзүм тиги үйдө турам. Ошол жактан карап турдук. Үйдөн корктук, анткени газ баллондун сыныктары үйгө чейин учпадыбы. Очоккана бар болчу, ошону тешип бирөө түштү, короомо дагы бирөө түштү. Газ ташыган машиналар да жарылбаганы жакшы болду. Экинчи жолу жарылганда бир машине бийик учту. Биринчи жарылганда кайсынысы экени билинбей калды.

Жарылуу кечке маал саат бештер чамасында болгон. Ал учурда газ куюучу жайда беш оор жана бир жеңил унаа болгон. Газ ташыган машиненин айдоочусу жана уулу ошол жерден эле жан берген. Ал жерде иштеген жумушчулардын айрымдары өрттөн оор жабыркап, Ананьево айылдык ооруканасына жеткирилген. Бүгүн алар Чолпон-Ата шаарындагы оорукана которулду. Азыр ал жерде жандандыруу бөлүмүндө беш адам, хирургия бөлүмүндө эки адам жатат.

Жандандыруу бөлүмүндөгү жабырлануучулардын баары денесинен 60 пайыздан 90 пайызга чейин күйүк алышкан. Бирине амбулатордук жардам берилген соң үйүнө кеткен. Ооруканадагы күйөө баласына келген Камила Дүйшеева анын абалын билип чыккан экен:

- Коопсуздугу жакшы эле болчу. Анын жанында авто газ турчу жанына жакын эле. Анан ал жерде күнүгө эле ширетип жатышыптыр, күйөө балам да айтты. Ошол эле жерден бир бала солярка алып жаткан экен, ошого куюп берип жатканын айтат. "Куюп берип, акчасын алганда эле куюн келди. Ал көтөрүп кетти, анан бир жерге таштады. Ошондо эсиме келдим" дейт. Орустун мүрзөсүнө чейин качып барганбы, айтор кийими күйүп кетип жылаңач эле калыптыр.

Өрттөн жабыркагандар үч күндөн кийин Бишкекке которулары маалым болду.

Чолпон-Атадагы Ысык-Көл аймактык ооруканасынын жетекчи орун басары Талант Такенеевдин билдиришинче, учурда жабыркагандардын абалы оор. Бишкектеги ооруканадан күйүктөр бөлүмүнөн дарыгерлер барып жабыркагандардын абалы менен таанышып келди.

- Алар дайыма көзөмөлдө болуп турат. Үч күндөн кийин нес абалдан чыккандан соң Бишкек шаарына которулат. Оорулууларга кан, дары-дармек жетиштүү. Күйүктүн проценти жогору болгондуктан алдын ала айтуу эрте. Нес абалдан чыкканга чейин жандандыруу бөлүмүндө болушат.

Май куюучу жай Ананьево айылынын тургуну Виктор Бориского тийиштүү болгон. Ал да өрттөн жабыркап ооруканага түшкөн. Аны менен байланышуу мүмкүн болбоду.

Ал арада жарылуу боюнча кылмыш иши козголду. Ысык-Көл районунун акими Данияр Иманалиевдин айтуусунда, кылмыш иши техникалык коопсуздук сакталбаганына байланыштуу козголду. Ишти иликтөө үчүн прокуратура, милиция жана Экотехинспекциянын кызматкерлеринен турган атайын штаб түзүлдү.

Данир Иманалиев жарылуу болгон бекет май айында эле Экотехинспекциянын кызматкерлери тарабынан жабылганын, резервуар пломба менен бекитилгенин айтты:

- Бүгүн эртең менен штаб жыйын өткөрдү, Экотехинспекция май айында текшерүү жүргүзүп, 31-майда акт түзүлүп, пломба басылган экен. Эмне себептер менен ал дагы эле ишин улантып келгени учурда текшерилип жатат.

Азырынча кырсык болгон жерде өзгөчө кырдаалдар абалы алына элек. Ысык-Көл облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын жетекчиси Замирбек Жумагазиев бул жер адистердин изилдөөсүнөн соң өзгөчө кырдаалдар абалы алынарын айтты:

- Бул жерде дагы деле эки машинеде, цистернада газ бар. Азыр өрткө каршы агенттигинен лаборатория келатат. Ошондой эле Юстиция министрлигинен комиссия лабораториясы келип, жеринде изилдеп, жыйынтык чыгаргандан кийин бул жерде толук кандуу өзгөчө кырдаалдар абалы алынат.

Кырсыктан бир газ ташуучу автоунаа, эки Портер, бир жеңил машине жана 500 даана газ баллон өрттөндү. Өрт саат 21:15те толук өчүрүлгөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарылуунун себептерин кабарлай элек.

Кырсыкка байланыштуу президент Алмазбек Атамбаев Ананьево айылындагы газ куюучу станциядагы жарылуудан улам каза тапкандардын туугандарына көңүл айтты жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн маалымдашты.

Мурдараак премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү бардык газ куюучу бекеттердин техникалык абалын текшерип, тиешелүү талаптарга жооп бербегендерин жабууну буйруган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Асеин Маданбеков

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG