Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:25

Колу сынган кызды дарыгерлер сактай алышкан жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облусунда сегиз жаштагы кыз жыгылып кетип, колу сынып, көп өтпөй көз жумду.

Жакындары "кыздын өлүмүнө Ысык-Көл райондук ооруканасынын дарыгерлеринин шалаакылыгы себеп болду" деп, аларды жазага тартууну талап кылышууда. Ал эми дарыгерлер дооматты четке кагып, "туугандары кызды дарылатууга кеч алып келген" деген жүйөнү айтып жатышат.

Каза болгон Медина Каныбекова Ысык-Көл районунун Григорьевка айылынан болот. Ал болгону сегиз жашта эле. Ата-энеси Орусияда иштешет. Чоң энесинин колунда өскөн кыз 3-сентябрда жыгылып кетип, колун кокустатып алган экен. Чоң энеси Чынаркүл Момбекова окуя тууралуу буларды айтты:

- Бала таштан ташка секирип ойноп жүрүп, көк чөптүн үстүнө тайгаланып жыгылып, колун сындырып алган экен. Бир аз кан аккан экен, агасы экөө мага жүгүрүп келишти. "Эне, колумду оорутуп алдым" деди. Колун өйдө көтөрсөм сол колунун асты бир аз шишип калган экен. Ал жерге йод тамызып, бинт менен таңып койдум.

Небереси колун кокустатып алгандан кийин чоң энеси Чынаркүл айыгып кетет деп үмүт этип небересин үйдөн гана карап отурган.

Кызды акыркы сапарга узатуу үчүн чогулган айылдыктар.
Кызды акыркы сапарга узатуу үчүн чогулган айылдыктар.

5-сентябрда Мединанын колу ысып, ооруксунганы байкала баштаганда чоң энеси Чолпон-Атадагы ооруканага алып барып рентгенге тарттырган. Ал жерде хирург-травматолог Мединанын колуна үч ийне сайып, андан соң гипс койгон. Дарыгер Мединанын чоң энесине маалымдама барак берген эмес жана кызды бир жумадан кийин алып келиши керектигин айткан.

- Мага оорукчан боюнча маалымдама барак берген жок. Мен биринчи тарткан рентгенди алып, кайра рентгенге тарттырганы жөнөдүм. Экинчи жолу рентгенге түшкөндө компьютер бир сызыкты белгилеп койду. "Рентгендин эки жыйынтыгы бири бирине окшобой турат" деп Данияров деген дарыгерге барсам, ал кайдыгер карап, "баланыкы ушинтип бүтүп кетет" деп койду.

Ал күнү Чынаркүл небересин ээрчитип алып, үйүнө баса берген. 6-сентябрда кызды окууга даярдап, ал күнү Медина жакшы эле жүргөн. 7-сентябрда Мединанын колу караргансып калган. Чынаркүл небересин кечке жуук Ананьево айылындагы ооруканага алып барган. Дарыгер кыздын колундагы гипс катуу кысып жатат деп чечип, жаңы гипс коюп берет. Ал күнү Медина үйүндө ойноп жүрүп, чоң энесине колу көгөрүп жатканын айтат. Эртеси кайрадан Ананьево айылындагы ооруканага алып барып, колун кайчы менен тилгенде кан чыгып, сасык жыт чыккан:

- Кайчы менен кескенде эле колунан кан чыгып, сасык жыт чыкты. "Сиз жыттап көргөн эмес белеңиз?" деди дарыгер. "Жок, гипс колунда оролуп турса кантип жытты сезем?" дедим.

Мединаны Чолпон-Ата шаарындагы ооруканага алып келгенде дарыгерлер колду кесиш керектигин айтышат. Мединанын чоң энеси буга макул болбой кызды Бишкекке ооруканага алып жөнөйт. Бишкек шаарындагы Жал кичи районундагы ооруканасына жайгаштырылган Медина 10-сентябрда операциядан кийин көп өтпөй көз жумат:

- "Кызыбыздын өмүрүн тилейли" дедик. Операция кылышты, ийгиликтүү болгонун айтышты. Биз баарыбыз сүйүнүп, жандандыруу бөлүмүнө чейин барып, жакшынакай эле күтүп турдук. Эртең менен жакшы тилек айтып барсак кызым кайтып кетиптир.

Көз жашын тыя албаган эне небересин жерге жашырып, сыздап турушканын айтып отурду. Чынаркүл небересинин өлүмү Чолпон-Атадагы дарыгерлердин шалаакылыгынан болгонун айтат:

- Баары кайдыгер мамиле кылып койду. Баланын өмүрү менен эсептешкен да жок. Негизи эле Чолпон-Атанын ооруканасына акча эле бер, акча берсең жаның калат, аман-эсен төрөтөт. Болбосо, төрөлгөн бала да майып болуп калат. Ушуларды билип турсам да ошол жакка барганыма өкүнөм.

Мединаны кабыл алган хирург-травматолог Кубаныч Абдураззаков Мединанын чоң энеси айткан дооматтарды четке какты:

- 5-сентябрда Каныбекова Медина деген кыз чоң энеси менен келди. Колундагы даяр рентген жыйынтыгы менен келди. Кыздын колун жөнөкөй эле чүпүрөккө ороп коюптур. "Карап бериңизчи, жыгылганына үч күн болду" деп айтты. 3-сентябрда жыгылып, колун сындырып алган экен. Андан бери дарыгерлерге кайрылышкан эмес. "Костоправдарга" барган-барбаганын айткан жок.

Дарыгер кыздын колун тазалап, гипс коюп чоң энесине күнүгө келип турушу керектигин эскерткен. "Бирок кыздын чоң энеси ага көнгөн эмес" дейт.

- "Мага күнүгө келип, оротуп турушуңуз керек. Мындан ары дары жазып беремби, гипсти башкача саламбы, айтор көзөмөлдө турушуңуз керек" десем шарты жок экенин, жол алыс болгонун айтты. Колду улам таңып туруш керек десем, "Ананьевого барсам болобу?" деп сурады. "Эгерде ал жер сизге жакын болсо макул, дарыгерлерге көрүнүп туруңуз, күнүгө таңып туруш керек, анптесе колу ириңдеп кетиши мүмкүн" деп түшүндүрдүм. Чоң энеси макул болуп кетип калышкан.

Бул окуя боюнча Бишкек шаардык милициясы экспертиза дайындап, Ысык-Көл облусуна жөнөтүлөөрүн Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын ага тескөөчүсү Мира Абдылдаева айтты:

- Бул боюнча материалдар, экспертизалар дайындалып, Ысык-Көл облусуна жөнөтүлөт.

Каза болгон Медина Каныбекова төрт бир туугандын экинчиси болчу. Агасы жана эки сиңдиси бар. Кыздын ата-энеси Орусияда иштейт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Асеин Маданбеков

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG