Жаңы түзүлгөн «Үмүт-2020» кыймылы жаштарды коомдогу терс көрүнүштөргө каршы күрөшүүгө үндөп жатат. 2020-жылы өтчү парламенттик шайлоого карата жаштардын дымагы кандай? Алар саясий күрөштө таасирдүү күч боло алабы? Бул үчүн эмне кылыш керек?
«Арай көз чарай» талкуусуна саясий илимдеринин кандидаты, доцент Чолпонбек Сыдыкбаев, «Мекенчил коом» уюмунун мүчөсү Темирлан Бекботоев жана «Жаңы муун» коомунун теңтөрагасы Аркарбек Мамытов катышты.
«Азаттык»: - Аркарбек мырза, кечээ жакында бир нече жаштар уюмдары «Жаңы жүздөр» кыймылына бириккенин жарыялады. Анын ичинде сиздердин да коом жүрөт. Биригүүнүн максаты, себеби эмнеде болууда?
Аркарбек Мамытов: - Азыркы кыргыз коомунда «Бийликте мурдатан келаткан эски жүздөрдөн кантип кутулабыз?» деген маанай бар. Алардан тажап жаткандар андан көп. Мына ушундай шартта биз бир аянтчага чогулуп, идеяларыбыз менен биригип, эски жүздөрдөн кутулуунун мыйзамдуу жолу – шайлоо аркылуу күрөшкө чыгабыз деп ниет коюп жатабыз.
«Азаттык»: - Темирлан, жаштар уюмдарын эмне бириктирип жатат? Кайсы идея, кайсы идеологиялык багыт жаштардын башын кошууда?
Темирлан Бекботоев: - 28 жылдан бери бийликке келгендер «реформа жүргүзөбүз» деп элге көптөгөн убадаларды берип келатышат. «Саясат, экономика жагынан чоң секириктер» болот деп сөз беришет. Тилекке каршы убадалар сөз жүзүндө гана калып, абалыбыз өзгөрбөй, натыйжа жок болуп жатат. Ошол жыйынтыгы жок жолубузду өзгөртүш үчүн бир канча жаштар уюмдары биригип жатабыз.
Биз кыймылдын атын «Жаңы жүздөр» деп атадык. Бирок биз бул жерде жаш куракка гана көңүл бурган жокпуз, бизге жаңы ой айткан, өзгөрүүлөрдү каалагандардын баарын чакырабыз. Орто муундагы бир топ жарандарыбыз бизди колдоп жатышат.
Жакында өткөн «Жаңы жүздөр жана жаңы күчтөр» форумубузда көп жакшы идеялар, сунуштар айтылды. Азыр ошонун үстүнөн иш алып барып жатабыз. Жаңы жүздөрдү бириктирген эмне? Эң башкысы – жаштарда болгон Кыргызстандын өнүгүшүнө болгон мекенчилдик сезим, ага кызмат кылуунун үлгүсүн көрсөтүү максаты бизди бириктирүүдө. Качанкыга чейин Кыргызстан алыскы өнүккөн өлкөлөрдү албасак да, кошуналарыбыздан артта кала берет? Карызга баттык, алигиче чек аралабыз чечилбейт. Ушул көйгөлөрдүн баары жаңы күчтөрдү, булганбаган жаштарды биригүүгө түрттү.
«Азаттык»: - Чолпонбек мырза, жаштардын биригүү боюнча демилгелеринен эмнени байкоого болот? Жаш муундун максимализмге берилген сезими элеби же коомго чындап таасир этүүчү дем байкалабы?
Чолпонбек Сыдыкбаев: - Жаштар – коомдо чоң күч экендиги чындык. 2005-2010-жылдардагы революцияларда жаштар негизги кыймылдаткыч күч болгон. Оппозицияны ээрчип, алардын убадаларына ишенип, замандын өзгөрүшүнө үмүт арткандар да жаштар болду. 2010-жылдын кийин жаштардын талабы менен Жаштар министрлиги түзүлдү, кийин убакыт өткөндөн кийин ал орган актуалдуу болбой калдыбы, жоюп, башкага кошуп коюшту. Бирок маселе анда эмес. Эң негизги маселе - экономикабызда өзгөрүү болгон жок. Жаштардын чет өлкөлөргө кеткен агымы токтомок тургай күчөп жатат. Татыктуу жумуш, курсагын тойгуза турган маяна болсо жаштар өз мекенинде эле иштешмек.
Биздин чарбабыздагы жалпы жагдайыбыз, саясаттагы, бийлик бутактарындагы алсыздык, өзгөчө Жогорку Кеңештеги чаржайыттык, алардын интеллектуалдык деңгээлинин төмөндүгү жаштарды ойготуп жатат.
Бул жолу өзгөрүүнү каалаган, колдогон жаштардын агымы туш тараптан көп болуп жаткан кези. Алар күрөштө биригүүнү көздөп жатышат. Албетте, бийлик тарабынан, башка саясий күчтөр тарабынан бөлүп-жарууга аракеттер болушу мүмкүн. Ошондуктан буларда бекем туруктуулук керек. Болбосо азыркы жаңы дем менен чыгып жаткан алдыңкы жаштарды башка партиялардын жаштар канаттарына бөлүп-жарып кошуп кетишип, азыркы кыймылдагы уюткуну алсыратуу коркунучу бар.
Аркарбек Мамытов: - 30 жылга жакын эгемендүүлүгүбүздө бийлик башындагылар «баягы эле жүздөр» менен келатат, өзгөргөн жок. Бирде бийликте, бирде оппозицияда болушат, абал-кырдаал жаңырган жок. Шайлоо алдында, оппозицияда жүргөндө «биз кыйратабыз» дешет, бийликке келгенде эч нерсе жасалбайт. Азыркы Жогорку Кеңеште отурган партиялардын убадалары аткарылдыбы? Жок. Эл жаңы жүздөрдү көргүсү келет. Биз элдин ошол үмүтүн жандыралы деп жатабыз. Биз бардык нерсеге мыйзамдуу жолдор менен барабыз, ал – шайлоо.
Темирлан Бекботоев: - Биздин кыймылга жаңыча ойлонгон, өзгөрүүнү каалаган, көп чет өлкөлөрдө окуган, иштеген, бир канча тилди эркин билген, көп тажрыйба топтогон жаштар көп келип жатат. Биз прогрессивдүү жаштарга өз оюн айтууга, идеяларын ишке ашырууга аянтча түзүп жатабыз. Жаңы күчтөрдү улам чакырып жатабыз. Жаш ишкерлердин башын кошууга аракеттерди жасап жатабыз. Айтор, пландар көп, аракеттер али алдыда десек болот.
(Талкуунун толук вариантын ушул жерден көрүңүз)
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.