Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:06

Лондонго Кыргызстандан 36 киши барат


Лондон олимпиадасынын ачылыш салтанаты 27-июлда өтөт.
Лондон олимпиадасынын ачылыш салтанаты 27-июлда өтөт.

Якутияда өтүп жаткан “Азия балдары” оюндарында кыргызстандыктар мөрөй алды. 13-июлда Литвада “Спорт - жалпыга” эл аралык оюндары жыйынтыкталды.

Премьер-министр Өмүрбек Бабанов 27-июлда Лондон олимпиадасынын ачылыш салтанатына катышат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов маалымдады. Өкмөт башчысын жардамчысы, эки жан сакчысы жана үй-бүлө мүчөлөрү коштоп барат.

Кыргызстандын олимпиадалык расмий делегациясы 36 адамдан турат. Алардын 14ү жолдомо алган спортчулар болсо, он бир машыктыруучу, калганы спорт жетекчилери, догдурлар жана башка адистер.

Өкмөт башчы жана аны коштоп барчулар расмий делегациянын курамына кирбейт. Олимпиадалык делегациянын чыгымдары 4,5 млн. сомду түзөт.

Лондон олимпиадасынын ачылыш салтанаты 27-июлда өтүп, олимпиадалык таймашуулар 12-августка чейин улантылат.

"Спорт - жалпыга" эл аралык оюндары

13-июлда Литванын Шяуляй шаарында “Спорт - жалпыга” аттуу бүткүл дүйнөлүк оюндары жыйынтыкталды. Мында өлкө намысын каратэ-до боюнча Александр Сурков коргоп, Сербия жана Германиянын спортчуларын утуп алды. Сурков жаракат алып калганына карабай, жарым финалда орусиялык атаандашына алдырып коюп, коло байгелүү болду.

Литвадагы “Спорт - жалпыга” аттуу оюндарга 62 өлкөнүн 25 миңдей спортчусу катышып, спорттун 42 түрү боюнча мөрөй талашты. Бул оюндарга олимпиадалык таймашууларга кирбей калган, самбо, каратэ, боулинг, бильяр, дартс, аркан тартыш, кол күрөш сыяктуу 40тай спорт түрү ойнолуп жүрөт. Кийинки оюн төрт жылдан кийин Сингапур өлкөсүндө өтмөк болду.

Биринчи оюн-1992-жылы Германиянын Бонн шаарында, кийинки оюн 1996-жылы Тайланддын борбору Бангкокто, 2000-жылы Германиянын Ганновер, акыркысы 2008-жылы Түштүк Кореянын Пусан шаарында өткөн. Кыргызстан бул оюндарга мурда маани бербей, быйыл гана Александр Сурков алгач ирет катышты.

"Азия балдары" оюндары

Якутияда өтүп жаткан “Азия балдары” аттуу эл аралык мелдеште Шералы Сыдыков атындагы республикалык олимпиадалык резерв окуу жайынын окуучусу Алибек Чороев дзю-до күрөшү боюнча финалга чейин жетип, күмүш байгелүү болду. Кыргызстандык жөө күлүк Ксения Прокопьева алтын медаль жеңип алган.

Эл аралык таймаш 17 жашка чейин өспүрүм улан-кыздар арасында өтүп жатат. Спорттун 20дан ашык түрү боюнча мелдешке 20 өлкөдөн 3 миңдей спортчу катышууда. Мында Кыргызстандан 50 спортчу өлкө намысын коргоп жатат.

Тайландды тандаган футболчулар

Кыргызстандык футболчулар Ильдар Амиров менен Алмазбек Мирзалиев Тайланд өлкөсүнүн футбол клубунун намысын коргойт. Бул тууралуу "Азаттыкка" Футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асенов маалымдады. Кыргызстандык футболчулар Тайланддын «Удон-Тхани» командасынын катарында ойномокчу.

Сыйлык шыктандырат

Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык машыктыруучулар Эмил Алыкулов менен Мейрамбек Ахмедов спорттун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Эл аралык күрөш федерациясынын алтын, күмүш ордени менен сыйланды.

FILAнын президенти Рафаэль Мартинетти машыктыруучулардын кошкон салымын жогору баалап, алтын, күмүш жана коло ордендерди тапшырды. Мындан тышкары эркин күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев да алтын орденге ээ болду.

FILAнын коло ордени менен күрөш федерациясынын вице-президенти Дамирбек Асылбек уулу жана грек-рим федерациясынын президенти Арзыбек Кожошев сыйланды.

"Мындай сыйлык дагы жоопкерчилик менен иштөөгө, Лондон олимпиадасында ийгилик жаратууга милдеттендирет", - дейт грек-рим күрөшүнөн өлкөнүн башкы устаты Эмил Алыкулов.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG