Оюндар Кыргызстанды тоолуу көлдөрдүн, ак кар, көз муз менен курчалган жерде шаңшыган бүркүттөрдүн, ат жалында ойногон чабандестердин, миң түркүн кийим кийген элдин мекени катары таанытты. Буга чейин бул өлкө пост-советтик аймактагы көйгөйү көп “стандардын” бири деп саналчу.
Кийинки оюндар Түркияда өтөөрүнө карабастан, Кыргызстан көчмөндөр оюндарынын автору экенин бекемдеп, анын духун сактап, жалпы Борбор Азиянын кадырын көтөрүүнүн жолун тапты.
Кыргыздар оюндарды уюштуруп, аны улантып, жогорку деңгээлге жеткирип туура иш кылышты. Албетте, алар олимпиада оюндарына айланбайт деңизчи, ага зарылдык дагы жок. Көчмөндөр оюну “достук оюндарына” айланып, олимпиададагыдай эле мыкты спорттук чеберчиликти жана күжүрмөндүктү талап кылып, бирок Олимпиада оюндарындагыдай же ФИФАдагыдай “саясий боёктон” алыс болот.
Бул блогдун автору буга чейин кыргыз бийлигин бир нече жолу сындаган, аны келечекте дагы уланта бермекчи. Кандай болгондо дагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын колдоо менен өкмөт туура иш кылды. Оюндардын көркү чыгып, жогорку деңгээлде өткөнү өлкөнү гана эмес жалпы регионду жакшы жагынан таанытты.
Кыргызстан өзү үчүн гана эмес, жалпы аймак үчүн позитивдүү жана бараандуу иш жасаганын далилдеди. Андыктан коңшулар да муну эстен чыгарбаса. Оюндар Кыргызстандын беделин өлкөнүн ичинде жана чет жактарда көтөрүүгө өбөлгө болду. Карапайым эл алардын өлкөсү мындай чоң иш-чараны эл аралык жогорку деңгээлде өткөргөнүнө жетине албай кубанды. Мурда кийин бул өлкө тууралуу билбегендер оюндарды көрүп суктанышты.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары эл аралык таанымал маалымат каражаттарынын башкы темасына чыккан жок, анын кенедей дагы кереги жок. Оюндарга жетиштүү сандагы адамдар жетиштүү көңүл бурду. Ал эми социалдык медианын заманында видео тасмалар менен жаңылыктар төгөрөктүн төрт бурчуна желдей тарап, ушул тапта өлкөгө болгон кызыгуу артты.
Мындай аракет же “промошн” өз жемишин берген мисалдар бар. Шотланддар дүйнө кезгенде киндик каны тамган жери менен “тоолуктардын оюну” байланыштырып турган. Азыркы заманда андай оюндар дүйнөнүн бир топ жеринде өткөрүлүп, Шотландияда гана эмес, АКШда эң чоң иш-чарага айланган. Бул оюндар Шотландиянын беделин арттырып, эми ал өлкөгө жылына миллиондогон турист агылат.
Көчмөндөр оюндарына Шотландиядан атайын келген тоолуктар Кырчындын көркүн чыгарып, өз өнөрүн көрсөттү:
Дагы бир мисал үстүбүздөгү жылы Орусияда футбол чемпионатынын cыдыргыга салгандай өткөнү Владимир Путиндин жана орус өкмөтүнүн беделин өлкөнүн өзүндө гана эмес, сыртында да көкөлөттү.
Өлкөнүн бедели арткан сайын Кыргызстанга туризмди жакшыртуу жана эс алуучуларды тейлөө жагынан толгон-токой милдеттер тагылат. Биринчиден, бул өлкөгө эл аралык аба каттамдары саналуу гана. Ошондой эле саякаттоо үчүн ижарага автоунаа алганда же такси жалдаганда андагы коопсуздук чаралары сакталбайт, отурганда тагынчу кур сыяктуу керектүү жабдыктар жок.
Мына ушул жерде өкмөт жана мамлекеттик органдар киришип, талапты күчөтүп, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздашы керек. Ооба, Борбор Азиядагы окурмандардын көбү жеке коопсуздук чаралары боюнча “батыштык эрежелерге” ийин куушуруп коюшу мүмкүн. Бирок бул жерде туристтер өз балдарынын коопсуздугу үчүн жакшы акча төлөөгө даяр экенин, башкача айтканда алар жеке коопсуздукка көп көңүл бурарын, непадам андан санааркаса акчасын башка өлкөгө көтөрүп кетээрин билүү абзел.
Баса, туристтер үчүн шарты бар дааратканалар керек, ошондой эле тамак-аш кандай даярдаларын билгилери келет. Кыргызстанда таңдайды так эттирген дүр-дүйүм тамак-аш бар, бирок кардарларга анын кандай санитардык шартта жасалаганы маанилүү. Бул батыштык туристтерди эле түйшөлтпөйт.
Кыргызстан менен Жакынкы Чыгыштын ортосундагы аба каттамдары бул региондон келген туристтерге өтө ыңгайлуу. Азыр арабдар менен ирандыктардын Грузияда же Азербайжанда жүргөнү кадыресе эле көрүнүш. Бул эки өлкө тең жакын жайгашкандыктан, Лондон менен Париждеги шоппингден жадагандарга ыңгайлуу эс алчу жер.
Кыргызстанга Жакынкы Чыгыштан туристтерди тартууга бир катар себептер бар. Ортодо терең маданий байланыштар жатат. Айтматовдун таанымал повестинин аталышы арабча ысымы бар аялдын атына коюлган. Араб тилинен кирген сөздө арбын. Перс булуңундагы арабдар кулакка кызык угулган чыныгы “мантыны” татып көрүшмөк. Алардын мантысы болсо “чычкан мантыга” окшош эмеспи.
Көчмөндөр оюндарынын алкагын кеңейтүүнүн дагы бир жолу бар. Бүркүт салмай ошол эле арабдарга абдан кызык жана алардын бүйүрүн бир топ эле кызытмак. Бедуиндер эзелтеден көчмөн эл болушкан жана активдүү спортту жанындай көрүшөт. Буга кошумча италяндар дагы куш салмайга кызыгарын көчмөндөр оюндарынан билдик.
Бирок жакынкы чыгыштык туристтер талап кое билерин да эстен чыгарбасак. Алар турга акча төлөп, бирок машинеде коопсуздук чаралары сакталбаса, батыш европалык туристтерден кем калбай даттанышат. Ошондой эле арабдар социалдык медиада отурганды жактырышат, анан көргөн-билгенин ачуу тилин аябай жазып салышы да ыктымал.
Мындан эле колунан көп нерсе келбегендер – британдык туристтер. Алар бири-бирине кобурап тим болушат. Анан дагы тейлегендерге 35% кызмат акы беришет. Немисттер, француздар арызданганды, алтургай урушканды дагы билишет. Арабдар алардан калышпайт.
Бирок "жоош" британдар деле Интернетке начар мүнөздөмө жазып салышы турган иш. Акыры андай сөздөр келчү туристтердин агымына таасир этээри шексиз.
Жол коопсуздугун чыңдоодо, жолдордун сапатын оңдоодо, дааратканалар менен тамак-аш даярдай турган жайларды таза кармоого байланыштуу өкмөттүн жасай турган иштери толтура.
Өлкөдөгү коррупция туристтерди чочутат, бул дагы өкмөттүн күрөшө турган милдеттеринин бири болуп саналат.
Тур операторлор тейлөө стандарттарын көтөрүшү керек – ал үчүн мүмкүнчүлүк ачылууда.
Көчмөндөр оюндары кыргыз аткаминерлерине көп милдеттерди жүктөйт.
Мёрдо Маклеад, журналист-блогер