Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:58

Элдин көбү эртеңки күнгө бекем ишенет


"Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын иликтөөсү боюнча, кыргызстандыктардын 64% эртеңки күнүнө бекем ишенет.

Ал эми New Economic Foundation уюмунун 2012-жылкы индекси боюнча Кыргызстан бактылуу өлкөлөрдүн катарына кирген. Муну менен Кыргызстан кошуна өлкөлөр эмес, АКШны, Францияны, Британияны артта калтырган.

"Арай көз чарай"талкуусунун катышуучулары: "Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова, “Кыргызстан жаштар кеңешинин” төрагасы Жеңиш Молдокматов жана Оштон “Интербилим” ресурстук борборунун жетекчиси Гүлгакы Мамасалиева.

“Азаттык”: Калктын социалдык өздүк сезими боюнча иликтөө жүргүздүңүздөр. Анда кыргызстандыктардын 64% эртеңки күнүнө бекем ишенерин билдиришкен экен. Бул жооптор канчалык ишенимдүү, реалдуу деп ойлойсуз? Анткени айрымдар “ушунусуна шүгүр” деп жашайт эмеспи?

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





Динара Ошурахунова: Мен сиздин айтканыңызга макулмун. Чын эле элден сурасаң баары эле жакшы деп айта берет, өзүнүн маселелерин эч качан айтпайт. Бирок ошого карабай ушундай сурамжылоо жүргүзүп көрөлү дедик. Башка өлкөлөрдө да ушундай сурамжылоолор жүргүзүлөт экен.

Биз Орусиянын мисалын алдык, бир да суроону алмаштырган да, өзгөрткөн да жокпуз. Негизинен скептиктер “эч качан адамдар жаман деп айтпайт” деп жатышат. Бул сурамжылоону өзүбүз өткөргөндүктөн мен эксперт катары ага баа бере албайм. Башка эксперттер мындай сурамжылоо керекпи, жокпу, туурабы, туура эмеспи деп баасын бергени бизге керек.

Биз элдин сезимине көбүрөөк саясий абал таасирин тийгизеби же экономикалыкпы, ошону билиш үчүн ушул сурамжылоону уюштурдук. Элдин баары эле өз оюн ачык айтты деп ойлойм. Сурамжылоого катышкандардын 50% көбү саясий абалды тынч эмес деп айтышты. Ал эми 55% ашууну экономикалык абал төмөн деп баалашты.

Бизде “кыргыздар эч качан пландабайбыз, план түзбөйбүз” деген көз караш бар. Бирок сурамжылоого катышкандардын 55% көбү жашоосун бир нече жылга пландаштырып жашайт экен. Болгону 12% гана эч кандай пландабай жашай тургандарын билдиришти. Бул көбүнчө саясий абалга байланыштуу экен. Ошондой эле шаардын тургундары айылдыктарга караганда пессимист болушат экен.

Жеңиш Молдокматов: Айтылган пикирлерге мен каршымын. 20 жылдык эгемен тарыхыбызда кыргызстандыктар өзү менен өзү болуп жашап келатат. Бийлиги да, өкмөтү да жок, эч кандай тирегичи жок эле жашап, турмуш куруп келатышат.

Ал эми айрым өлкөлөргө караганда кыргызстандыктар өздөрүн бактылуу сезишет дегенге да каршы пикирдемин. Кыргызстан калкынын саны 5,5 млн. болсо анын 1,5 млн. жакыны жан багуу максатында чет өлкөгө чыгып кеткен. Бул элдин мамлекетке ишенбегендигин, кандай келечек курабыз деген бүдөмүк ойлорунан кабар берет.

Ал эми коалициянын сурамжылоосу тилекке каршы телефон аркылуу алынган экен. Адамдын жашоосун көзүң менен көрүп, кулагың менен укмайынча ал канчалык деңгээлде бактылуу, канчалык деңгээлде турмушун жакшы куруп жатат билүү, так аныктоо мүмкүн эмес.

Мындай сурамжылоолор жакшы, бирок телефон аркылуу толук маалымат берилбейт. Ошондуктан жерине барып, өзгөчө айыл жерине баруу менен жеринде эл менен жолугушуп жасаш керек.

“Азаттык”: Башка аймактарга салыштырмалуу Ошто экономикалык, саясий абалга жакшырак баа беришкен экен. Чын эле ошондойбу?

Гүлгакы Мамасалиева: Ош шаарынын өзүндө июнь коогалаңынан кийин инфраструктураларды оңдоо жумуштары башталды да. Бул да болсо адамдардын азыраак бөлүгүнүн маанайын көтөрөт. Мисалы, көчөлөрдүн оңдолушу, жолдор жарык болгону, кышкысын электр энергиясы менен жылуулук маселесинин чыкпаганы деле таасирин тийгизет.

Сурамжылоонун жазында өткөргөнү да жакшы. Анткени эл кышкысын кыйналып, нааразылык жазында пайда болот. Эгер жашоочулар жазында маанайыбыз жакшы деп айтып жатса, бул да маанайдын көрсөткүчү болуп эсептелет. Оштун өзүндө адамдардын маанайы кандайдыр бир деңгээлде жакшы. Себеби бийлик өкүлдөрү жарандарга бир жумада эки жолу келип, өз муктаждыктарын айтканга уруксат берген. Ал эми региондордо абал чындыгында эле начар.

XS
SM
MD
LG