Өлкөдө кышкы спорттун канча түрү бар жана алар кандай өнүгүүдө? Алыскы айылда көлчүктү тоңдуруп, таяк менен шайба кубалаган чыт курсактарды машыктырчулар барбы? Кыргыз спортчулары олимпиадада качан алтын медаль тагынат? "Азаттык+" бул бул жолу ушул суроолорго жооп издеди.
Эгемендүү өлкө болгондон бери Кыргызстанда лыжа спортунун деңгээли төмөндөп кеткен. Илгери шыпка чейин тизилген мектептердеги лыжалар азыр эскирип, сынып, сатылып жок болгон. Учурда лыжа тээп эс алууну каалагандар көбөйүп баратканы менен, кесипкөй спортчулар жокко эсе. Ал эми өспүрүмдөрдү тарбиялаган Нарын, Караколдогу лыжа мектептеринин абалы жакшы эмес.
Кышкы спорт түрлөрүнүн ичинен муз үстүндө бийлөө өзгөчө көңүл бурууга татыктуу эмеспи. Бирок телеэкрандан оңой көрүнгөнү менен үч мүнөттүк бий үчүн 3-4 жыл тынбай күнүгө машыгуу талап кылынат.
Муз үстүндө бийлөө Кыргызстанда 2010-жылдан кийин жанданган. Ал учурда Бишкек шаарында жыл бою иштей турган жабык имараттагы жасалма муз майдандары ачылып, Казакстандан келген машыктыруучулар өспүрүмдөрдү машыктырып башташкан. Алардын шакирттери учурда эл аралык мелдештерге катышып, жеңишке жете баштады. Деген менен олимпиадалык оюндардын программасына кирген кышкы спорттун бул түрү Кыргызстанда шыр эле өнүгүп бараткан жок.
Нарын шаарында эл аралык стандарттагы үстү жабык хоккей аянчасынын курулуш иштери башталды. Курулушка 1,4 миллион доллар жумшалат. Бул чыгымды жергиликтүү ишкер Нурбек Ташболот уулу өз моюнуна алган.
Хоккейдин Кыргызстандагы жаралуу тарыхы 1997-жылдан башталат. Жумгал районунун Чаек айылында кышында эки метрге чейин тоңгон Шортон көлү кыргыз хоккейинин жаралышына себеп болгон. Мурда теледен гана көргөн чаектик ышкыбоздор колуна бар шайманын алып, табигый муз аянтчасына хоккей ойноп башташкан.